Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2020-жылдын 30-сентябры № 505
"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163026008,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 170064833,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 7038825,3 миң суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 7038825,3 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2022-2023-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
1) 2022-жылга кирешелер боюнча болжол - 170852306,3 миң сом суммасында, 2023-жылга - 172103808,6 миң сом суммасында;
2) 2022-жылга чыгашалар боюнча болжол - 175253618,1 миң сом суммасында, 2023-жылга - 174014945,5 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 4401311,8 миң сом суммасында, 2023-жылга - 1911136,9 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2022-2023-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоого укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2022-2023-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга болжолунун чыгымдарын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2021-2023-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгымдар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2021-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3000000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердик курулушун аяктоого жана 2021-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга жана реконструкциялоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2021-2023-жылдарга 600000,0 миң сом суммасында жылына бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш продуктуларын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө түрткү берген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен бюджеттик мекемелерде пайда болгон бош орундарга байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене.
2021-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2021-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2021-2023-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө,
3) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча чекене сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө, 50 пайыз - республикалык бюджетке;
6) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө, 93 пайыз - республикалык бюджетке;
8) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүңдө, 80 пайыз - республикалык бюджетке.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
11-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык чыгымдардын 1967300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2022-2023-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болот.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү кийинки үч жылда азайтылууга жатпайт.
12-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын 2021-2023-жылдарда жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык камсыздалсын.
13-берене.
2021-жылга эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү - 1854,0 сом, 2022-жылга - 1970,0 сом, 2023-жылга - 2050,0 сом өлчөмүндө белгиленсин.
14-берене.
Бюджеттик мекемелер, чарба субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Протездик-ортопедиялык буюмдар республикалык мекемесин кошпогондо Казыналык системасынан тышкаркы бардык эсептерди жабышсын.
Көрсөтүлгөн ченемдер бузулган учурда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар Кыргыз Республикасынын кийинки жылдагы республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
17-берене.
1. 2021-2023-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторун аткаруу жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык берип турушсун.
18-берене.
1. Пилоттук министрликтердин 2021-2023-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторун аткаруу жөнүндө отчетторду кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруу үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
19-берене.
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорунун аткарылышы камсыздалсын. Ошол эле учурда биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
20-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|