Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 2-октябры № 513
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-статья менен толукталсын:
"1-2-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун документтерин топтоонун, эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун, Кыргыз Республикасында документ жүргүзүүнү башкаруунун уюштуруу-укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт жана жөнгө салат";
3) 4-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "коргоо" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик чек араны кайтаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "аларды пайдалануу, категориялары боюнча бөлүштүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
5) 7-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык, жарандык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 12-статьясынын үчүн чү сүйлөмү алып салынсын;
7) 15-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарында" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 27-статьясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 16-статьясынын 1-бөлүгү "коргоо" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик чек араны кайтаруу" деген сөздөр менен толукталсын, ", жарандык абалдын актыларын каттоонун" деген сөздөр алып салынсын;
9) 17-статьясынын 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандык абалдын актыларынын жазуулары жана метрикалык китептер үчүн - 100 жыл, нотариалдык аракеттер жана өздүк курам боюнча документтер үчүн - 75 жыл;";
10) 18-статьясынын 2-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
11) 20-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөр "соттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
12) 21-статьясынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик архивдердин топтоо булактарынын курамына кирген мекемелердин архивдери жана документтерди туруктуу сактоо укугуна ээ ведомстволук архивдер, архив документтеринин көлөмү жана сактоо шарттары жөнүндө белгиленген тартипте статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.";
13) 27-статьясында:
а) 2-бөлүгү "жеке адам" деген сөздөн кийин "жана юридикалык жак" деген сөздөр менен толукталсын жана "Жарандардын" деген сөздөн кийин "жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4 жана 6-бөлүктөрүндөгү "аскердик" деген сөз алып салынсын;
в) 4-бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы "сырдын" деген сөз "жашырын сырдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 28-статьясында:
а) 2 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Архив документтерин пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде арыз ээсине билдирилет. Эгерде чечим кабыл алуу үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү керек болсо, анда арыз ээсине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кайрылууну чечүүнүн мөөнөтү бөтөнчө тартипте 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.";
15) 34-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана ведомстволук архивдерди каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тизмеге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн алынган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.";
16) 35-статьясындагы "демөөрчүлүк каражаттын, гранттардын жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин" деген сөздөр "ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 39-статьясындагы "мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 41-статьясынын 1-бөлүгү "жеке жактар Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык" деген сөз менен толукталсын;
19) 42-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "жарандык мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|