Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-октябры № 526
"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы:
- электрондук документ жүгүртүү системасынын баланстык наркын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык электрондук документ жүгүртүү системасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык мүлктүк укукту өткөрүп берүү процесси аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө электрондук документ жүгүртүү системасын балансына кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ыкчам-издөө иштерин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан (бажы-органдарынан тышкары), коргоо, өзгөчө кырдаал жана финансылык чалгындоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тышкары, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобону жетекчиликке алсын жана бир айдын ичинде;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын сот системасынын органдарына (макулдашуу боюнча), башка мамлекеттик органдарга (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансылык каражаттардын чегинде электрондук документ жүгүртүү системасын техникалык жактан тейлөөнү каржылоону өз учурунда камсыздасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |