Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-августу № 442
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик жөлөкпул алуучуларды социалдык жактан колдоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 59 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
- расмий тилдеги текстинин 1.1-пунктунун он алтынчы абзацындагы "согласно письменному уведомлению Госагентства" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 1.4-пунктундагы "Госагентства" деген сөз "уполномоченного государственного органа в сфере социального развития" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.5. Тапшырмалар мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу түшкөн аймакты тейлөөчү райондун байланыш филиалдарында жарактуу болгон мамлекеттик жөлөкпул алуу учурларынын сырткары, компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү алуучулар катталган жердеги "Кыргыз почтасы" МИнин филиалдары жана байланыш бөлүмдөрү үчүн гана жарактуу. Алуучу жаңы катталган жерге көчүп кеткенде, ал эми мамлекеттик жөлөкпул алуучулар үчүн - башка филиалы, байланыш бөлүмү тарабынан тейленүүчү жөлөкпул алууга кайрылган жери алмашкан учурда колдонуудагы тапшырма белгиленген тартипте жабылат. Алуучунун жаңы катталган жери боюнча (мамлекеттик жөлөкпул чектөө учурунда - кайрылган жери боюнча) аймактык бөлүм тиешелүү филиалына жана байланыш бөлүмүнө төлөө үчүн жаңы документтерди жиберет.
Мында мамлекеттик жөлөкпул алуунун ыңгайлуулугу үчүн аймактык бөлүм алуучуга жашаган жерине аймактык жактан жакын жайгашкан жана ал аркылуу мамлекеттик жөлөкпул төлөп берилүүчү "Кыргыз почтасы" МИнин филиалын же байланыш бөлүмүн сунуштайт.";
- 3 жана 5-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6.4-пунктундагы "машинограммаларда жана" жана "жана машинограмманын" деген сөздөр алып салынсын;
- 6.5-пунктунун расмий тилдеги текстиндеги "Госагентства" деген сөз "уполномоченного государственного органа в сфере социального развития" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктундагы "ижарага берүү себеби жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Үй-бүлөнүн айыл чарба жандыктары бар болсо, анын "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна болгон муктаждыгы үй-бүлөнүн төмөнкүдөй малынын санына ылайык аныкталат:
1) майда жандыктар - кой жана эчки;
2) уй;
3) бодо мал - бир жаштан өткөн торпок, бука;
4) жылкы.
Мында үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктарынын бардык түрлөрү майда жандыктардын төмөнкүдөй шарттуу бирдиктерине которулат:
- 1 уй - 6 майда жандык;
- 1 торпок - 2,5 майда жандык;
- 1 бука - 8 майда жандык;
- 1 жылкы - 7 майда жандык.";
- 16-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;";
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктчасы менен толукталсын:
"15) иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органы уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштар";
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Үй-бүлөнүн курамы калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасына суроо-талап жиберүү аркылуу ырастоо менен арыз берүүчүнүн ооз эки маалыматынан эсепке алынат.
Калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында маалыматтар жок болгон учурда же аны тактоо зарыл болсо, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу чектелүүгө тийиш болгон үй-бүлөнүн үйүнө барат.";
- 36-пунктундагы "социалдык фонддун, салык органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Жарандардын ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн салык органдары берүүчү патенттин негизинде иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган негизги жерлеринен эмес, экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алган кирешелери тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынан суралат.";
- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Жер үлүшүн пайдалануудан, короо жанындагы тилкесинен, ошондой эле айыл чарба жандыктарынан түшкөн кирешелерди аныктоо үчүн жер ресурстары жана ветеринария чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларына суроо-талап жиберилет.
Маалыматты ырастоо мүмкүн болбогон учурда жердин өлчөмүн, категориясын жана айыл чарба жандыктарынын санын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн маалым каты талап кылынат.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобонун 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 20-пунктунун төртүнчү абзацын кошпогондо 2020-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөрдөн тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана аларды чектөө тартибин аныктайт, ошондой эле бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөрдөн башка, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин тизмегин белгилейт.
2-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби
2. Мамлекеттик жөлөкпулду алууга укугу бар, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар аны чектөөгө кайрыла алышат.
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча жашаган/турган жерине карабастан, эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары - аймактык бөлүм) берилет.
Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө арыз жашаган/турган жери боюнча аймактык бөлүмгө берилет.
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) тарабынан берилген арыздардан тышкары) арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада берилиши мүмкүн. Мында мамлекеттик жөлөкпул чектелүүгө тийиш болгон арыз ээси/адам жөнүндө мамлекеттик органдардан маалымат ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суралат.
3. Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болгон учурда мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө арызды анын ата-энесинин (асырап алуучуларынын, камкорчуларынын/көзөмөлчүлөрүнүн) бирөөсү берет. Мында жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулары, камкорчулары/көзөмөлчүлөрү) бөлөк жашаса, анда арызды жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам менен бирге жашаган ата-энеси (багып алуучусу, камкорчусу/көзөмөлчүсү) берет.
4. Ата-энеси (багып алуучусу, камкорчусу/көзөмөлчүсү) ооруп калганда же жүйөлүү себептер боюнча жашаган/турган жеринен сырткары убактылуу чыгып кеткен учурда мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты берген ишенимдүү адам тарабынан берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө маселеси боюнча консультация алууга кайрылган учурда арыз ээси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жана төлөө тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө кандай документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.
Консультация процессинде арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системасындагы (мындан ары - СЖКМС) мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча консультацияларды каттоо журналына катталат. Журнал ар бир барагынын толтурулушуна жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдардын чыгарылган барактарына аты-жөнүн жана чыгарылган күнүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
6. Арыз ээси 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулга (мындан ары - "үй бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) кайрылган учурда ага иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында үй-бүлөнүн төмөнкүлөрдөн сырткары, бардык ишке жарамдуу мүчөлөрүн каттоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрмө берилет:
- иштегендерден;
- окуучулардан;
- кош бойлуу аялдардан;
- 3 жашка чейинки курактагы баланы же майыптыгы бар жана бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж болгон үй-бүлө мүчөсүн караган адамдардан.
7. Мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылганда арыз ээсине банктардын тизмеси берилет жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн банктардын биринде мамлекеттик жөлөкпулду алуу үчүн эсеп ачуу керектиги тууралуу түшүндүрүлөт.
8. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө үчүн кайрылуу укугуна ээ болгон адамдардын жана мамлекеттик жөлөкпул дайындалып жаткан адамдардын, ошондой эле "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган арыз ээсинин бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) болууга тийиш.
9. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө үчүн СЖКМСке кайрылган күнү арыз ээсинин жана мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адамдын ИЖНи, ал эми "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу үчүн кайрылган учурда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн ИЖНи киргизилет жана СЖКМС аркылуу ведомстволор аралык электрондук маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашуулар түзүлгөн мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына зарыл болгон суроо-талаптар жиберилет.
10. Мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан арыз ээси, мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адамдар жөнүндө суралуучу маалыматтарды, ал эми "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна кайрылган учурда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жөнүндө суралган маалыматтарды алганда аймактык бөлүм кошумча берилүүгө тийиш болгон документтер жөнүндө арыз ээсине маалымдайт.
Мында ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында жок болгон зарыл маалыматтарды ырастоочу документтер/маалым каттар кошумча берилет.
11. Аймактык бөлүм арыз ээсине ал бере турган документтердин тизмеги жөнүндө маалымдайт.
Мында аймактык бөлүмдүн жетекчиси мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан алынган маалым каттарды/документтерди, маалыматтарды арыз ээсинен мыйзамсыз талап кылгандыгы же ушул Жобонун 1-тиркемесинде аталган мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин тизмегине кирбеген маалым каттарды/документтерди талап кылгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Эгерде арыз ээси мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан алынган маалыматтарга макул болбогон учурда аймактык бөлүм мамлекеттик жөлөкпул чектелип жаткан арыз ээси же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылган үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалыматтарды ылайык келтирүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органга кайрылуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
13. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан арыз ээси, мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адам же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылган үй-бүлө мүчөсү тууралуу зарыл маалыматтар болсо жана керектүү документтерди/маалым каттарды берген учурда кабыл алынат.
Мында мамлекеттик жөлөкпулду чектөө үчүн берилген маалым каттар талаптагыдай таризделиши керек (кол тамганын жана мөөрдүн болушу, оңдоолордун жоктугу, маалым кат оңой окулгудай болушу зарыл) жана берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жарактуу деп эсептелет.
14. Ачык-айкындуулук максатында аймактык бөлүмдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын такталарында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун, пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпулду - "социалдык жөлөкпулду" (мындан ары - "социалдык жөлөкпул"), ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду чектөө үчүн арыздарды толтуруунун үлгүлөрү илинет.
15. Аймактык бөлүмдүн адиси СЖКМСтен автоматтык түрдө түзүлгөн арызды басып чыгарат жана текшерүүгө, арыз ээсине кол коюуга берет.
Арыз ээси арызга кол койгондон кийин арыздын тиешелүү графасына аймактык бөлүмдүн адиси арызды кабыл алгандыгын ырастаган өзүнүн колун коёт жана өзүнүн колу менен ырастаган арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө арызды кабыл алуу жөнүндө айрыма тил кат-кабарламаны арыз ээсине берет.
16. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө кайрылган күн деп бардык зарыл болгон документтер менен мамлекеттик жөлөкпулду чектөө үчүн арыз кабыл алынган күн эсептелет.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун, "социалдык жөлөкпулду" жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду чектөөгө арыздардын формасын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
17. Мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө арыз берилет.
Эгерде арыз ээси социалдык жөлөкпулдун бир түрүнө, бирок бир нече адамга кайрылса (мисалы, бир нече балдарга/камкорчуларга ата-энесинен ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, бир нече балдарга/камкорчуларга майыптык боюнча жөлөкпул), анда ал адамдан жөлөкпулдун мындай түрүнө укугу болгон ар бир адамга өзүнчө арыз кабыл алынат. Арыз ээсинин социалдык жөлөкпулду жеке өзү алууга укугу болгон учурда, андан өзүнчө арыз кабыл алынат.
Мында бир арыз ээсинен келип түшкөн экинчи жана андан кийинки жөлөкпул алуучуларга арыздардагы маалыматтарды СЖКМСке киргизүүдө арыз ээси жөнүндө маалыматтар ар бир арыздын маалыматтары киргизилген сайын автоматтык түрдө толтурулат.
18. Мамлекеттик жөлөкпулду ("үй-бүлөгө көмөк", социалдык жөлөкпул, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул) чектөөгө бардык документтер/маалым каттар кабыл алынган күнү аймактык бөлүмдүн адиси дело түзөт, ага арыз, берилген документтердин бардык көчүрмөлөрү жана маалым каттардын түп нускалары тиркелет. Мында берилген бир арызга бир дело, анын ичинде электрондук түрдө (электрондук дело) түзүлөт.
19. Дело өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- арыз ээси жана аймактык бөлүмдүн адиси кол койгон мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө арыздын түп нускасы;
- арыз ээси тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрү жана мамлекеттик жөлөкпул чектөө үчүн зарыл болгон маалымкаттардын түп нускалары.
20. Электрондук дело өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сканерленген, СЖКМСтен чыгарылган жана арыз ээсинин жана аймактык бөлүмдүн адисинин колдору коюлган арыз;
- мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө зарыл болгон сканерленген, арыз ээси тарабынан берилген документтер/маалым каттар.
Мында аймактык бөлүмдүн адиси арызга квалификациялык электрондук колтамга менен кол коёт.
21. СЖКМСтин электрондук делосун түзүүдө арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча СЖКМС журналдарына "Үй-бүлөгө көмөктү" чектөөгө арыздарды каттоо журналына", "Социалдык жөлөкпулду чектөөгө арыздарды каттоо журналына" жана "Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулдарды чектөөгө арыздарды каттоо журналы" автоматтык негизде катталат.
Каттоо журналдары ар бир барагынын толтурулушуна жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басыл чыгарылат. Журналдын чыгарылган барактарына аты-жөнүн жана чыгарылган күнүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
СЖКМСтин иштеши техникалык үзгүлтүккө учураса, андан кийин маалыматтарды СЖКМСке киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен дело кагаз жүзүндө түзүлөт.
3-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби
§ 1. Мамлекеттик жөлөкпул чектөө үчүн кайрылган адам берген маалыматты ырастоонун тартиби
22. Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адамдар жөнүндө маалыматты тактоону талап кылган талаш маселелер пайда болсо, мамлекеттик жөлөкпул чектөө үчүн кайрылган үй-бүлөлөрдүн/адамдардын үйүнө баруу менен же маалым каттарды берген ишканаларга/уюмдарга/мекемелерге утурлама текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Мында төмөнкүдөй маалыматтар такталат:
- эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конушта үй-бүлөнүн/адамдын жашаган фактысы жөнүндө;
- мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган жашы жете элек/аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (камкорчу/көзөмөлчү) менен чогуу жашоо фактысы жөнүндө)
- "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылган-кайрылышкан адамдын/үй-бүлөнүн кирешелери жөнүндө;
- чогу жашай тургандыгын маалымдаган, бирок өз-өзүнчө бюджет жүргүзгөн, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу үчүн кайрылган бир нече үй-бүлөнүн бирге же өзүнчө жашагандыгы жөнүндө;
- "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу чектелиши керек болгон үй-бүлөнүн курамы жөнүндө";
- арыз ээси берген документтердин/маалым каттардын тууралыгы жөнүндө.
Мында мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн кайрылышкан үй-бүлөлөрдү/адамдарды үйүнө баруу менен текшерүү же ишканаларга/уюмдарга/мекемелерге утурлама текшерүү арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
23. Эгерде мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган жер жөлөкпул чектелүүгө тийиш болгон адамдын/үй-бүлөнүн иш жүзүндө жашаган жерине дал келбесе, мында ушул Жобонун 22-пунктунда аталган маалыматтар ырасталышы зарыл болсо, анда жөлөкпул алуу үчүн кайрылуу жасалган аймактык бөлүм арызды кабыл алган күнү СЖКМС аркылуу үй-бүлөнүн/адамдын иш жүзүндө жашаган жери боюнча (жөлөкпул үчүн кайрылган үй-бүлөлөр/адамдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган учурларды кошпогондо) жайгашкан аймактык бөлүмгө, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча үйгө жана/же ишканага/уюмга/мекемеге утурлама текшерүүгө баруу өтүнүчү менен автоматтык түрдө суроо-талап жөнөтөт.
Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган үй-бүлөнүн/адамдын иш жүзүндө жашаган жери боюнча жайгашкан аймактык бөлүмдүн адиси суроо-талапты алган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде үйүнө барууну жана/же ишканага/уюмга/мекемеге утурлама текшерүүнү жүзөгө ашырат жана СЖКМС аркылуу алынган маалыматтарды социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган аймактык бөлүмгө жиберет.
24. Үйүнө баруу зарыл болгон учурда, үйүнө бара турган күндүн датасын көрсөтүү менен (арыз кабыл алынган учурда, ал эми датаны тактаган учурда телефон аркылуу) ал тууралуу арыз ээсине кабарланат, ал эми текшерүүлөр үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн эч болбогондо биринин катышуусу менен гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
25. Үйгө баруунун жана/же ишканага/уюмга/мекемеге утурлама текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Жобонун 22-пунктунда аталган маалымат такталат жана аймактык бөлүмдүн барган адисинин пикири менен жөлөкпулду чектөө үчүн арызга тийиштүү белгилер коюлат.
26. Үйгө баргандан жана/же ишканага/уюмга/мекемеге утурлама текшерүүдөн кийин арызда көрсөтүлгөн белгилер 3 (үч) жумуш күндүн ичинде СЖКМСке киргизилет жана төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабыл алынат:
- мамлекеттик жөлөкпул чектөө же андан баш тартуу жөнүндө;
- эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициентин эске алуу менен же эсепке албастан мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө.
27. Эгерде мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган үй-бүлөнү/адамды текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленсе:
- үй-бүлөнүн/адамдын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конушта жашабаса, анда мамлекеттик жөлөкпул үй-бүлө мүчөсүнүн/адамдын эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конушта жашаган/турган жери боюнча каттоодо тургандыгына карабастан, коэффициентти эсепке алуусуз чектелет;
- эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конушта жашаса, бирок жашаган жери боюнча каттоосу жок болсо, анда мамлекеттик жөлөкпул коэффициентти, эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдү эсепке алуусуз чектелет.
28. Мамлекеттик жөлөкпул чегериле турган үй-бүлөнүн/адамдын коэффициент белгиленген калктуу конушта жашаган/турган жери боюнча каттоодо болгон жана ал жерде алардын иш жүзүндө жашаган жери болгон шартта, эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн белгиленген коэффициентин эске алуу менен мамлекеттик жөлөкпул чектелет.
§ 2. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө документтерди тариздөө тартиби
29. Арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө төмөнкүдөй учурларда уруксат берилбейт, эгерде:
- ал берген документтердин/маалым каттардын анык эмес экендиги аныкталса;
- мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адам ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча "социалдык жөлөкпулга" же ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга (жетим балдардан) төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулга укуктуу болгон ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардан жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдардан сырткары мамлекеттин толук камсыздоосунда турат;
- СЖКМСке суроо-талап жиберүү аркылуу арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпул чектелгендиги же мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө арыз ээси мурда башка жакка кайрылгандыгы белгиленсе;
- арыз ээси мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган жашы жете элек/аракетке жөндөмсүз адам менен бирге жашабагандыгы аныкталса, арыз ээси ушул Жобонун 4-пунктунда аталган учурларда таризделген ишеним кат боюнча кайрылгандан тышкары.
30. СЖКМСке суроо-талап жиберүү аркылуу арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпул чектелгендиги же мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө арыз ээси мурда башка жакка кайрылгандыгы белгиленсе, бирок ушул кайрылган жерге кайрылууну каалагандыгын билдирсе, алда СЖКМС аркылуу учурдагы чектелген жөлөкпулдар алып салынат жана мамлекеттик жөлөкпул жаңы кайрылган жер боюнча чектелет.
31. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө же аны чектөөдөн баш тартуу тууралуу чечим бир иш күндүн ичинде, ал эми маалыматты кошумча тактоо зарыл болгон учурларда арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
32. Арыз ээси жөлөкпул чектелген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен жөлөкпулду чектөө тууралуу же чектөөдөн баш тартуу тууралуу ага билдирүү жиберүү аркылуу же электрондук почта же мобилдик байланыш аркылуу кабарланышы керек. Мында жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө кабарлама түзүлөт.
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө же чектөөдөн баш тартуу тууралуу арыз ээсинин кабарламасы СЖКМСтин маалыматтарынын негизинде ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
33. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун, "социалдык жөлөкпулду" жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду чектөө жана чектөөдөн баш тартуу тууралуу бардык кабарламалар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жана чектөөдөн баш тартуу тууралуу кабарламаны каттоо журналында катталат. Мында журнал СЖКМС аркылуу түзүлөт жана толтурулушуна жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат.
Журналдын чыгарылган барактарына аты-жөнүн жана чыгарылган күнүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
34. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө СЖКМС аркылуу автоматтык режимде жүргүзүлөт жана мамлекеттик жөлөкпулду чектөө протоколу (мындан ары - Протокол) менен таризделет, анын формасын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Протокол СЖКМСтен басылып чыгат жана ага аймактык бөлүмдүн адистери кол коюп, бекиткенден жана электрондук документтерди төлөмгө даярдагандан кийин алуучунун өздүк делосуна тиркелет.
35. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү коэффициенттерди эсепке алуу менен эсептелет.
§ 3. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөө жана кайра эсептөө тартиби
36. Эгерде үй-бүлөнүн жан башына орточо жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн жогору болбосо, анда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул 16 жашка чейинки курактагы балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) чектелет.
37. Үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун негизинде аныкталат.
38. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу төмөнкүдөй учурларда чектелет:
- кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып арыз ээси окуган жеринен маалым катты жаңыртууга тийиш айдын акыркы күнүнө чейин (жөлөкпул чектелген күндөн тартып 12 айдан мурда бала 16 жашка толсо);
- калган учурларда - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып 12 айлык мөөнөткө.
39. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу төмөнкүлөргө чектелбейт:
1) мамлекеттин толук камсыздоосунда болгон балдарга;
2) ата-энелери ишке жарамдуу болгон үй-бүлөлөргө (3 жашка чейинки баласын же майыптыгы бар жана бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж болгон үй-бүлө мүчөсүн караган ата-энеден тышкары), мында эгерде алар:
- иштебесе жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбаса;
- иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары сунуштаган акы төлөнүүчү коомдук иштен, кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон квалификациясын жогорулатуудан жүйөсүз себептер менен (адамдын өзү же анын баласы ооруп калган, жакын адамы каза болгон учурлардан тышкары) жазуу жүзүндө баш тартса же мындай иштерге жана окутууга катышууну өзү билемдик менен токтотсо.
40. Эгерде бир нече үй-бүлө чогуу жашап, бирок бюджети өзүнчө болсо, жөлөкпул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.
41. Эгерде бир нече үй-бүлө чогу жашап, бюджети бир болсо, анда үй-бүлөнүн жан башына орточо кирешеси үй-бүлөнүн эсепке алынуучу бардык кирешелеринен эсептелет жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүнөт. Мында жөлөкпул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат.
42. Жөлөкпулду чектөөдө аймактык бөлүмдүн адиси төлөөнү токтотууга же жөлөкпулдун суммасын өзгөртүүгө алып келүүчү жагдайлар менен арыз ээсин тааныштырууга милдеттүү.
43. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөө аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүнөн өзүнчө протокол менен таризделет.
44. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын тизмеси квартал сайын жаңыртылып турат жана даана көрүүгө мүмкүн болгудай коомдук жайларда (айыл өкмөтү, фельдшердик-акушердик пункттар, почта бөлүмдөрү), ошондой эле аймактык бөлүмдүн такталарында милдеттүү түрдө илинет жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жарыяланат.
Мында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын тизмесин социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жарыялоо СЖКМСтен маалыматтарды алуу (жүктөп алуу) жолу менен автоматтык режимде ишке ашырылат.
45. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун өлчөмү төмөнкү учурларда протоколго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен кайра эсептелет:
- үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;
- эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленсе (алып салса) же анын өлчөмү өзгөрсө, анын ичинен мамлекеттик жөлөкпул алуучу эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент башка өлчөмдө же тескерисинче белгиленген/белгиленбеген башка калктуу конушка көчкөн учурду;
- кепилденген минималдуу киреше өсүп кетсе;
- жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленсе.
Мында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун өлчөмү СЖКМСке жаңыланган маалыматтарды киргизгенден кийин автоматтык түрдө кайра эсептелет. Жөлөкпулду жаңы өлчөмдө чектөө, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен башка дата аныкталбаса, өзгөрүү болгон айдан кийинки айдык биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун өлчөмү көбөйүү жагына кайра эсептелүүгө тийиш болуп, бирок жөлөкпул алуучу болгон өзгөрүүлөр тууралуу 5 жумуш күндүн ичинде кабарлабаса, жөлөкпулдун өлчөмү жөлөкпул алуучу үй-бүлөдө болгон өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып кайра эсептелет.
46. Балдардын бирөө каза болгон учурда чектелген жөлөкпул каза болгон айга кошо төлөнөт. Жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө каза болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
47. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган үй-бүлөдө бала төрөлгөн учурда, жөлөкпулдун өлчөмү арыз ээси болгон өзгөрүүлөр тууралуу билдирген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып кайра эсептелет.
§ 4. "Социалдык жөлөкпулду" чектөө жана кайра эсептөө тартиби
48. "Социалдык жөлөкпул" "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык чектелет.
49. "Социалдык жөлөкпулдар" ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган документтер/маалым каттар берилген жана маалыматтар болгон шартта чектелет.
50. Мамлекеттин толук камсыздоосунда турган балдарга ата-энесинин бирөөсүнөн/экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул жалпы негизде чектелет.
51. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар "социалдык жөлөкпулдун" бир нече түрүн алууга укуктуу болсо, аларга "социалдык жөлөкпулдун" эки түрү - майыптыгы боюнча жөлөкпул жана ата-энесинин биринен/экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул чектелиши мүмкүн. Мында ата-энесинин биринен/экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алар 23 жашка чыкканга чейин чектелет.
52. "Социалдык жөлөкпулду" чектөө СЖКМС аркылуу автоматтык режимде жүргүзүлөт жана мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүнөн өзүнчө протокол менен таризделет.
53. Эгерде "социалдык жөлөкпул" расмий өкүлү бир арыз ээси болуп эсептелген бир нече адамдарга бир негиз боюнча (мисалы, ата-энесинен айрылгандыгы боюнча, майыптыгы боюнча) чектелүүгө тийиш болсо, чектөө өзүнчө протоколдор менен таризделет.
54. "Социалдык жөлөкпул" төмөнкү учурларда протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен кайра эсептелет:
- жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрү белгиленсе;
- эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленсе (алып салса) же анын өлчөмү өзгөрсө, анын ичинен мамлекеттик жөлөкпул алуучу эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент башка өлчөмдө же тескерисинче белгиленген/белгиленбеген башка калктуу конушка көчкөн учурду;
- майыптык тобу өзгөрсө.
Мында "социалдык жөлөкпулдун" өлчөмү СЖКМСке жаңыланган маалыматтар киргизилгенден кийин автоматтык түрдө кайра эсептелет.
55. Балага (балдарга) ата-энесинен (ата-энелеринен) айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алган адамдар бала (балдар) 16 жашка чыкканда, ал 16 жашка толгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде окуган жеринен маалым катты берүүгө милдеттүү. Мында жөлөкпулду төлөө улантыла берет. Андан ары маалым кат жыл сайын 1-сентябрдан 25-сентябрга чейин берилиши керек.
Эгерде маалым кат көрсөтүлгөн мөөнөткө берилбесе, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө жөлөкпул алуучу керектүү маалым катты берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
§ 5. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду чектөө жана кайра эсептөө тартиби
56. Ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга, анын ичинен мамлекеттин толук камсыздоосунда турган балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган документтер/маалым каттар берилген жана маалыматтар болгон шартта "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-1-беренесине ылайык чегерилет.
57. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана ата-энелери белгисиз, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар мамлекеттик жөлөкпулдардын эки түрүн алууга укуктуу:
- майыптыгы боюнча социалдык жөлөкпул;
- ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.
Мында ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алар 23 жашка чыкканга чейин чектелет.
58. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду чектөө СЖКМС аркылуу автоматтык режимде жүргүзүлөт жана мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүнөн өзүнчө протокол менен таризделет.
59. Эгерде ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул расмий өкүлү бир арыз ээси болуп эсептелген бир нече адамдарга бир негиз боюнча (мисалы, ата-энесинин экөө тең белгисиз эки балага) чектелүүгө тийиш болсо, чектөө өзүнчө протоколдор менен таризделет.
60. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду кайра эсептөө төмөнкүдөй учурларда протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жүргүзүлөт:
- жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрү белгиленсе;
- эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленсе (алып салса) же анын өлчөмү өзгөрсө, анын ичинен мамлекеттик жөлөкпул алуучу эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конуштан мындай коэффициент башка өлчөмдө же тескерисинче белгиленген/белгиленбеген башка калктуу конушка көчкөн учурду.
Мында "социалдык жөлөкпулдун" өлчөмү СЖКМСке жаңыланган маалыматтар киргизилгенден кийин автоматтык түрдө кайра эсептелет.
61. Балага (балдарга) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алган адамдар бала (балдар) 16 жашка чыкканда, ал 16 жашка толгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде окуган жеринен маалым катты берүүгө милдеттүү. Мында жөлөкпулду төлөө улантыла берет. Андан ары маалым кат жыл сайын 1-сентябрдан 25-сентябрга чейин берилиши керек.
Эгерде маалым кат көрсөтүлгөн мөөнөткө берилбесе, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө жөлөкпул алуучу керектүү маалым катты берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
4-глава. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү
62. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында өзгөчө кырдаал режими учурунда жарактуулук мөөнөтү аяктай турган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө аймактык бөлүм тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди талап кылбастан, өзгөчө кырдаал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
Мында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн СЖКМС аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына зарыл болгон суроо-талаптар жиберилет.
Эгерде суроо-талаптардын жыйынтыктары боюнча үй-бүлөнүн жан башына орточо жыйынды кирешеси кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүнөн жогору экендиги аныкталса же үй-бүлө "үй бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна муктаждык критерийлерине ылайык келбесе, анда үй-бүлөгө жөлөкпул төлөө токтотулат.
63. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында жаңы кайрылуулар болгон учурда мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талаптардын негизинде жүргүзүлөт.
64. Өзгөчө абал режиминин шарттарында өзгөчө абал режими учурунда жарактуулук мөөнөтү аяктай турган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө аймактык бөлүм тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди талап кылбастан жана мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талаптарды жибербестен өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
Мында өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктин аймагында калкты тейлеген аймактык бөлүмдөргө мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылган жарандарды кабыл алуу токтотулат.
65. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз берген үй-бүлөлөрдү/адамдарды текшерүү жүргүзүлбөйт.
|
| Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик жөлөкпулдун аталышы жана алуучулардын категориялары | Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын/документтердин/ маалым каттардын тизмеги | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы |
| |
"Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик opгандардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талап жиберүү аркылуу | Арыз ээси тарабынан берилүүчү документ/маалым кат |
| |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1 | "Үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда* |
|
2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү (күбөлүктөрү); | √ |
| |||
3) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана); | √ |
| |||
4) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалым кат |
| √ |
| ||
2 | Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул (мындан ары - социалдык жөлөкпул) |
|
|
|
|
| Социалдык жөлөкпул алуучулардын категориясы: |
|
|
|
|
1) | ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда* |
|
2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү (күбөлүктөрү); | √ |
| |||
3) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана); | √ |
| |||
4) баланын ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөнүн ырастаган Республикалык СПИД борборунан маалым каты |
| √ |
| ||
2) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
|
2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү (күбөлүктөрү); | √ | ||||
3) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана); | √ |
| |||
4) майыптыгын ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы | √ |
|
| ||
3) | Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү (күбөлүктөрү); |
√ | √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
|
4) | Ата-энесинин биринен айрылган балдар | ||||
3) ата-энелеринин/ата-энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк/актылык жазуудан маалымат; | √ |
| |||
4) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан каза болгон ата-энесинин пенсиялык камсыз кылууга укугунун жоктугу жөнүндө маалыматы; | √ |
| |||
5) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
| |||
5) | Бала кезинен I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ |
|
2) майыптыгын ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты; | √ |
|
| ||
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан пенсиялык камсыз кылууга укугунун жоктугу жөнүндө маалыматы; | √ |
|
| ||
4) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
|
| ||
6) | I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ |
|
2) майыптыгын ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы; | √ |
| |||
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан пенсиялык камсыз кылууга укугунун жоктугу жөнүндө маалыматы; | √ |
| |||
4) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
| |||
7) | Улгайган жарандар | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ |
|
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык камсыз кылууга укугунун жоктугу жөнүндө маалыматы; | √ |
| |||
3) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
| |||
8) | Баатыр энелер | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ √ |
|
2) баатыр-эненин күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; |
|
| |||
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык камсыз кылууга укугунун жоктугу жөнүндө маалыматы; | √ |
|
| ||
4) жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
|
| ||
3 | Ата-энесинин экөө тең белгисиз балага төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул | 1) Арыз ээсинин паспорту; |
| √ √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
|
2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү (күбөлүктөрү); | √ |
| |||
3) жашаган/турган жери боюнча каттоодо тургандыгы тууралуу маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана) | √ |
| |||
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн кошумча документтер |
|
|
| ||
1 | Кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурларда |
| √ |
| |
2 | Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган жашы жеткен адамдын паспорту - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан же ишеним кат боюнча берилген учурларда |
| √ |
| |
3 | Жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурларда |
| √ |
| |
4 | Жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилген учурларда |
| √ |
| |
5 | Никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүк/маалымат же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси тууралуу маалыматтар бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтарына дал келбеген учурларда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
6 | Банктык реквизиттер - мамлекеттик жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулууга тийиш болгон учурларда |
| √ |
| |
7 | 9 формасындагы маалым кат - төмөнкүлөр боюнча кайрылган учурда: - "жалгыз бой эне" расмий статусу бар эне каза болгондо томолой жетимдерге социалдык жөлөкпул үчүн; - "жалгыз бой эне" расмий статусу бар аял "үй бүлөгө көмөк'' - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул үчүн |
| √ |
| |
8 | Окуган жеринен маалым кат - 16 жашка жеткен курактагы адам ата-энесинен (экөөнөн тең) айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алууга кайрылган учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
9 | Жашай туруу укугу - мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар кайрылган учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
10 | Жумушсуз катары каттоого тургандыгы жөнүндө маалым кат (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан жана улгайган жарандардан башкалар үчүн) - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга үй-бүлөсүндө жумушсуз жарандар бар адамдар кайрылган учурда | √ |
|
| |
11 | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты ырастаган маалым каты - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга үй-бүлөсүндө ДМЧА бар адамдар кайрылган учурда | √ |
|
| |
12 | Үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк/маалымат же үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу көбөлүк жоголгондо өлгөндүгү тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - "үй бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алууга жолдошу (жубайы) каза болгон адамдар кайрылган учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
13 | Жердин (бар болсо) өлчөмүн жана сапатын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн жана үйгө караштуу жер участогунун бар экендиги/жоктугу тууралуу маалымат | √ |
|
| |
14 | Айыл чарба жаныбарларынын түрлөрү жана саны тууралуу маалымат/маалым кат | √ | МСда майда жандыктар** жана жылкы боюнча маалыматтар жок болгон учурда |
| |
15 | Жеңил автомобилдин (чыгарылган жылын көрсөтүү менен), айыл чарба техникасынын (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобилдин, чакан автобустун бар экендиги/жоктугу тууралуу маалымат | √ |
|
| |
16 | Салыктык каттоосу же катталбагандыгы тууралуу салык органынын маалыматы/маалым каты - иш менен камсыз болуу жана жумушсуз статусу ырасталбаган үй-бүлөлөрдүн ишке жарамдуу мүчөлөрү үчүн | √ | √ |
| |
17 | Алынуучу алименттердин өлчөмү жөнүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилген маалым кат |
| √ |
| |
18 | Атасы же энеси республиканын чегиндеги же чегинен сырткарындагы жаза аткаруу жайларында экендигин ырастаган маалым кат |
| √ |
| |
19 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн ижарага берилишин ырастаган маалыматы/маалым каты - эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
20 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер үлүшү/же анын бөлүгү иштетилбей тургандыгын жана/же ижарага берилбей тургандыгын ырастаган маалыматы/маалым каты - жер үлүшүнүн бардык аянтын же анын кандайдыр бир бөлүгүн иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда | √ | √ МСда маалыматтар жок болгон учурда |
| |
(*) MC - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык системасы;
(**) майда жандыктар - майда мүйүздүү мал;
(***) ДМЧА - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам.
|
| Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө тууралуу КАБАРЛАМА
Урматтуу ____________________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
___________________________________________________________________________ райондук/шаардык эмгек жана
(аталышы)
социалдык өнүктүрүү башкармалыгы
Сизге __________________ тартып ____________________ чейин, жалпы суммасы __________________________ сомго
_______________________________________________________________________________ чектелгенин маалымдайт.
(мамлекеттик жөлөкпулдун түрү көрсөтүлөт)
Акча каражаттары Сиздин банктык эсебиңизге/почта бөлүмүнө которулат (керектүүсүнүн алдын сызгыла).
Жөлөкпулду чектөө тууралуу чечим ___________________________________ кабыл алынды.
(күнү, айы, жылы)
Ошондой эле эгерде Сиз ата-энесинен/ата-энелеринен айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул же ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду алуучу болуп эсептелсеңиз, анда бала 16 жашка толгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде окуган жеринен маалым кат тапшыруу зарыл экендигин маалымдайбыз. Мындан ары маалым кат жыл сайын 1-сентябрдан 25-сентябрга чейин берилип турушу керек.
Жогоруда аталган документти бербеген учурда Сизге чектелген жөлөкпулду төлөө "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык токтотулат.
Сизге мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө таасирин тийгизген бардык өзгөрүүлөр тууралуу (жөлөкпул алуучунун көчүп кетүүсү, майыптык тобун өзгөртүү, мамлекеттик же муниципалдык мекемеде жөлөкпул алуучуну аныктоо, кирешесин же үй-бүлө курамын өзгөртүү ж.б.) Сиз беш күндүн ичинде райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына билдирүүңүз зарыл.
Жетекчи | ___________________________ | __________________________________ | ________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) | (датасы) |
| М.О. |
|
|
|
| Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөдөн баш тартуу тууралуу КАБАРЛАМА
Урматтуу ____________________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________ райондук/шаардык
(аталышы)
эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы
Сизге _______________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик жөлөкпулдун түрү)
____________________________________________________________________________________________________
чектелбегендигин маалымдайт, себеби ___________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
(чектөөдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт)
Мамлекеттик жөлөкпулду чектөөдөн баш тартуу тууралуу чечим ______________________________________________
______________________________________ кабыл алынды.
(күнү, айы, жылы)
Бул чечимге макул болбогон учурда Сиз Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине даттана аласыз.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин чечимине макул болбогон учурда, Сиз ал чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуусуз.
Жетекчи | ___________________________ | __________________________________ | ________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) | (датасы) |
| М.О.". |
|
|
|
| 2-тиркеме |
|
| "4-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Мамлекеттик жөлөкпулдун түрлөрү | Мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү, сом менен |
1 | "Үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул | 810 (сегиз жүз он) |
2 | "Социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул (мындан ары - социалдык жөлөкпул) | |
Социалдык жөлөкпул алуучулардын категориясы: |
| |
1) | ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар | 4000 (төрт миң) |
2) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар | 4000 (төрт миң) |
3) | Ата-энесинин биринен айрылган балдар | 1000 (бир миң) |
4) | Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар | 2000 (эки миң) |
5) | Бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 4000 (төрт миң) |
6) | Бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 3300 (үч миң үч жүз) |
7) | Бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 2700 (эки миң жети жүз) |
8) | I топтогу деп соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 2000 (эки миң) |
9) | II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1500 (бир миң беш жүз) |
10) | III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | 1000 (бир миң) |
11) | Баатыр энелер | 2000 (эки миң) |
12) | Улгайган жарандар | 1000 (бир миң) |
3 | Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул | 2000 (эки миң) |
Премьер-министр | К.А. Боронов |