Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 307
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283, 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, 2020-жылдын 24-августундагы № 442, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211, 2022-жылдын 31-майындагы № 284, 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобо, 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык;
2) 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 1 500 (бир миң беш жүз) сом суммасында;
3) 2018-жылдын 1-июлуна чейин 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоодо:
- пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон өлчөмдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын пенсиясынан тышкары, негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелерине кирген пенсиялар эске алынат;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери эсепке алынбайт;
- камкорчулар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдардын катарына киришет;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын кирешелери өзүнчө аныкталат;
- үй-бүлөнүн малы болсо, үй-бүлөнүн жөлөкпулга муктаждыгы үй-бүлөнүн сандык курамына жана мал жандыктарынын башына жараша аныкталат. Мында үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үй-бүлөнүн кепилденген минималдуу кирешесинин өлчөмүнөн жогору болот жана жөлөкпул төмөнкү учурларда дайындалбайт:
эгерде үй-бүлө 1-9 мүчөдөн турса, үй-чарбасында 3 жана андан ашык саан ую же 2 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), же 2 жана андан ашык жылкысы, же 25 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо;
эгерде үй-бүлө 10 жана андан ашык мүчөдөн турса, үй чарбасында 4 жана андан ашык саан ую же 3 жана андан ашык бодо малы (кунаажын, бука, музоо жана 1 жаштан өткөн өгүздөр), 3 жана андан ашык жылкысы, же 35 же андан ашык майда мал жандыктары (кой жана эчкилери) болсо;
4) 2018-жылдын 1-апрелине чейин чектелген жана төлөнүп жаткан мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкү адамдарга сакталат:
- башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү бөлүмдө окуган орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине, эгерде контракттын суммасы он сегиз жашка чыкканга чейин кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса;
- ар бири үч жашка чыкканга чейинки курактагы эгиздерге кепилденген минималдуу кирешенин 100% өлчөмүндө;
- он алты жашка чыкканга чейин үч эм жана андан ашык эгиздерге ар бирине кепилденген минималдуу кирешенин 150% өлчөмүндө;
- мамлекеттик камсыздоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга/балдарга - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын жарактуулугу аяктаганга чейин;
- мамлекеттик камсыздоодо турган багуучусунан ажыраган балдарга - алар он алты жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окуусун аяктаганга чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине - алар окуусун аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чыккандан ашык эмес;
- мамлекеттик камсыздоодо турган АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга - алар он сегиз айга чыкканга чейин;
- мамлекеттик камсыздоодогу алтымыш беш жаш курагына жеткен жана андан өткөн эркектерге, алтымышка чыккан жана андан өткөн аялдарга, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге;
- мамлекеттик камсыздоодогу элүү беш жашка чыккан Баатыр энелерге, алар мамлекеттик камсыздоодо болгон мезгилге;
5) колдонулуудагы иштер боюнча 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө жүргүзүлбөйт;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) 2018-жылдын 1-апрелине чейин төрөлгөн балдарга ар бир бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн 2018-жылдын апрелинде жана кийинчерээк кайрылган учурда бул төлөмдүн түрү райондук коэффициентти эске албастан эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышындагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
преамбуласындагы "пособиелер" деген сөз "жөлөкпулдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-пунктундагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышындагы "пособиелерди" деген сөз "жөлөкпулдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "пособие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "жөлөкпул" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө документтерди тариздөө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасында аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат, мында төлөө:
- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул (мындан ары - бир жолку төлөө - "балага сүйүнчү") төлөө бир жылдык мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- "социалдык жөлөкпул" - пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "социалдык жөлөкпул") төлөө эки жылдык же андан аз мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- акчалай компенсациялар ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырма боюнча төлөнөт;
- 16 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк" (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) ар бир алуучуга эки жылга чейинки мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.";
5.1.1-5.1.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тууралуу СЖКМТда таризделген протоколдордун негизинде ар бир айдын 10уна чейин мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча чектелген иштер жөнүндө электрондук кабарлоолорду СЖКМТ аркылуу тариздейт.
Кабарлоого төмөнкү маалыматтар киргизилет: алуучунун аты-жөнү, почта бөлүмүнүн номери же реквизиттерди көрсөтүү менен банктын аталышы, биринчи жана экинчи бөлүмдөр боюнча чектелген сумманы көрсөтүү менен чектелген мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун номери.
Мында мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө кабарлоо таризделет.
5.1.2. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин негизинде ар бир айдын 10уна чейин жаңы чектелген алуучуларга акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмесин, ошондой эле каза болгон жана алуу укугу бүткөн алуучулардын тизмесин СЖКМТда түзөт.
5.1.3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар берген документтер жөнүндө электрондук кабарлоолор электрондук протоколдор менен бирге жана акчалай компенсацияларды төлөөгө электрондук тизмелер СЖКМТта түзүлөт жана төлөмдөр бөлүмүнүн адисине СЖКМТда жеткиликтүү болот.
5.1.4. Төлөөлөр бөлүмү СЖКМТда алынган электрондук кабарламанын, мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө протоколдун жана акчалай компенсацияларды төлөөгө алуучулардын электрондук тизмелеринин негизинде СЖКМТ аркылуу электрондук өздүк эсептерин түзөт жана зарыл болгон учурда кагаз жүзүндө СЖКМТдан толтурулган өздүк эсептер басып чыгарылат.";
- 5.1.4.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.1.4.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.4.3. Мамлекеттик жөлөкпул алуунун мөөнөтү узартылганда жана мамлекеттик жөлөкпулдун суммасы өзгөргөндө СЖКМТдагы өздүк эсептерге өзгөртүүлөр түзүлөт, бул учурда өздүк эсепке төмөнкү маалыматтар киргизилет: кириш документинин номери, протоколдун номери, мамлекеттик жөлөкпулдун чектелген мөөнөтү жана суммасы.";
- 5.1.4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.4.5. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөө алуучу каза болгондо же туруктуу жашаган жеринен кеткенде токтотулат. Мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде СЖКМТда таризделет. Төлөөнү токтотуунун себеби жөнүндө белгилер СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине киргизилет, андан кийин мамлекеттик жөлөкпулду жана акчалай компенсацияны төлөөнү токтотуу жөнүндө тапшырмага кабарлоо толтурулуп, ал байланыш ишканасына жиберилет.";
- 5.1.5-пунктунда:
"үчүн тапшырмаларды" деген сөздөрдөн кийин "СЖКМТ аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
"18" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 5.1.5.3 жана 5.1.5.4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.5.3.Тапшырмаларды даярдагандан кийин төлөөлөр бөлүмү мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жөнүндө протоколду мамлекеттик жөлөкпул чектөө бөлүмүнө өткөрүп берет.
5.1.5.4. Алуучулардын мамлекеттик жөлөкпулдарын жана акчалай компенсацияларын кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө жөнүндө протоколдун жана акчалай компенсация төлөөгө тизменин негизинде төлөөлөр бөлүмүнүн адиси тарабынан СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерине тиешелүү өзгөртүүлөр таризделет, андан кийин байланыш ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда тапшырмаларга өзгөртүүлөр киргизилет.";
- 5.1.7-пунктундагы "АББП алынбай калган учурдан баштап алты айдан кеч эмес мезгилде кайрылуу болсо, ал өткөн мезгил үчүн, ал эми АБСП жана" деген сөздөр "Дайындалган жана алуучулар өз убагында талап кылбаган мамлекеттик жөлөкпулдар аны төлөө токтотулган мезгилден тышкары, бүткүл өткөн мезгилге төлөнөт," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.4. Социалдык стационардык мекемеде акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди тариздөө жана эсепке алуу ушул Жобонун 5.1.1-5.5.6-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөлөр боюнча отчеттуулук
8.1. Аймактык бөлүмдөр социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада керектелген сумманы чектөө жана мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды каржылоо жөнүндө отчетторду берет.
8.2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык бөлүмдөрү боюнча топтомо отчетторду СЖКМТда түзөт жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берет.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 428 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 200 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 587 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтомунун 4, 6-пункттары жана 1, 2-тиркемелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
- пенсия менен камсыз болууга укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын суммасын 2018-жылдын 1-июлунан тартып кайра эсептесин:
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга - 18 жашка чейин;
АИВ/ЖИКС менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 ай курагына чыкканга чейин;
бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ушул токтомдун 4-тиркемесинде белгиленген ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эске алуу менен;
- 2019-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн электрондук түрдө маалымат алмашууну караган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуу түзсүн;
- өз чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- 5-пунктунун 2-пунктчасы;
- 13 жана 14-пункттары;
- 17-пунктунун 12-пунктчасы;
- 18-пункту, ушул токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун үй-бүлөнүн курамында камкордукка алынган балдарды эсепке алуу бөлүгүндө, алар 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
4-тиркеме
Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттик жөлөкпулдун түрү | Мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү, сом менен |
1 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк" | 1200 (бир миң эки жүз) |
2 | Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" (мындан ары - социалдык жөлөкпул): |
|
| 1) ВИЧ же СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 3) ата-энесинин биринен айрылган балдар; | 3000 (үч миң) |
| 4) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар; | 6000 (алты миң) |
| 5) I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 6) II топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 6600 (алты миң алты жүз) |
| 7) III топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 5400 (беш миң төрт жүз) |
| 8) I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 5500 (беш миң беш жүз) |
| 9) II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 3000 (үч миң) |
| 10) III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 2000 (эки миң) |
| 11) баатыр энелер; | 3000 (үч миң) |
| 12) улгайган жарандар | 2000 (эки миң) |
3 | Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул | 6000 (алты миң) |
5-тиркеме
Жер үлүштөрүн жана короо жанындагы участокторду пайдалануудан алынган кирешелердин ченемдери
№ | Облустардын, райондордун, шаарлардын жана айылдык аймактардын аталыштары | Жер үлүштөрүнүн ченемдери | Короо жанындагы участоктордун ченемдери (1 сотуктан айына сом менен) | |
сугат (1 сотуктан айына сом менен) | кайрак (1 сотуктан айына сом менен) | |||
| 1. Баткен облусу |
|
|
|
1 | Баткен шаары | 21 | 13 | 43 |
2 | Кызыл-Кыя шаары | 32 | 17 | 63 |
3 | Сүлүктү шаары | 31 | 12 | 62 |
| 1.1. Баткен району |
|
|
|
4 | Ак-Сай айылдык аймагы | 26 | 11 | 54 |
5 | Ак-Татыр айылдык аймагы | 26 | 11 | 54 |
6 | Дарыя айылдык аймагы | 27 | 11 | 55 |
7 | Кара-Бак айылдык аймагы | 23 | 11 | 48 |
8 | Кара-Булак айылдык аймагы | 26 | 11 | 53 |
9 | Кыштут айылдык аймагы | 23 | 11 | 47 |
10 | Самаркандек айылдык аймагы | 26 | 11 | 54 |
11 | Суу-Башы айылдык аймагы | 25 | 11 | 52 |
12 | Төрт-Күл айылдык аймагы | 26 | 11 | 53 |
| 1.2. Кадамжай району |
|
|
|
13 | Айдаркен шаары | 28 | 17 | 57 |
14 | Кадамжай шаары | 23 | 17 | 47 |
15 | Абсамат Масалиев айылдык аймагы | 32 | 14 | 63 |
16 | Ак-Турпак айылдык аймагы | 18 | 0 | 37 |
17 | Алга айылдык аймагы | 30 | 17 | 61 |
18 | Бирлик айылдык аймагы | 28 | 17 | 57 |
19 | Көтөрмө айылдык аймагы | 23 | 17 | 47 |
20 | Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы | 22 | 0 | 45 |
21 | Майдан айылдык аймагы | 30 | 17 | 61 |
22 | Маркез айылдык аймагы | 30 | 14 | 59 |
23 | Орозбеков айылдык аймагы | 24 | 16 | 49 |
24 | Совет айылдык аймагы | 22 | 0 | 45 |
25 | Үч-Коргон айылдык аймагы | 32 | 14 | 63 |
26 | Халмион айылдык аймагы | 28 | 16 | 57 |
27 | Чаувай айылдык аймагы | 32 | 14 | 63 |
| 1.3. Лейлек району |
|
|
|
28 | Исфана шаары | 30 | 14 | 61 |
29 | Ак-Суу айылдык аймагы | 27 | 15 | 55 |
30 | Бешкент айылдык аймагы | 21 | 11 | 43 |
31 | Жаңы-Жер айылдык аймагы | 28 | 13 | 57 |
32 | Катран айылдык аймагы | 26 | 13 | 53 |
33 | Кулунду айылдык аймагы | 31 | 12 | 62 |
34 | Лейлек айылдык аймагы | 25 | 12 | 51 |
35 | Маргун айылдык аймагы | 21 | 11 | 43 |
36 | Сүмбүл айылдык аймагы | 26 | 13 | 54 |
37 | Тогуз-Булак айылдык аймагы | 28 | 12 | 56 |
| 2. Жалал-Абад облусу |
|
|
|
38 | Жалал-Абад шаары | 34 | 17 | 78 |
39 | Кара-Көл шаары | 25 | 22 | 60 |
40 | Майлуу-Суу шаары | 32 | 15 | 76 |
41 | Таш-Көмүр шаары | 26 | 14 | 62 |
| 2.1. Аксы району |
|
|
|
42 | Кербен шаары | 28 | 16 | 69 |
43 | Авлетим айылдык аймагы | 25 | 16 | 63 |
44 | Ак-Жол айылдык аймагы | 32 | 15 | 78 |
45 | Ак-Суу айылдык аймагы | 26 | 14 | 62 |
46 | Жаңы-Жол айылдык аймагы | 28 | 14 | 66 |
47 | Жерге-Тал айылдык аймагы | 27 | 16 | 65 |
48 | Кара-Жыгач айылдык аймагы | 24 | 12 | 56 |
49 | Кара-Суу айылдык аймагы | 0 | 16 | 48 |
50 | Кашка-Суу айылдык аймагы | 27 | 13 | 64 |
51 | Кызыл-Туу айылдык аймагы | 29 | 14 | 71 |
52 | Мавлянов айылдык аймагы | 29 | 14 | 71 |
53 | Назаралиев айылдык аймагы | 33 | 14 | 80 |
| 2.2. Ала-Бука району |
|
|
|
54 | Ала-Бука айылдык аймагы | 32 | 16 | 78 |
55 | Ак-Коргон айылдык аймагы | 32 | 16 | 78 |
56 | Ак-Там айылдык аймагы | 31 | 14 | 76 |
57 | Көк-Серек айылдык аймагы | 24 | 13 | 56 |
58 | Көк-Таш айылдык аймагы | 27 | 15 | 65 |
59 | Өрүктү айылдык аймагы | 28 | 15 | 68 |
60 | Биринчи май айылдык аймагы | 29 | 15 | 71 |
61 | Төрөгелди Балтагулов айылдык аймагы | 29 | 15 | 71 |
| 2.3. Базар-Коргон району |
|
|
|
62 | Акман айылдык аймагы | 31 | 12 | 76 |
63 | Арстанбап айылдык аймагы | 32 | 14 | 78 |
64 | Базар-Коргон айылдык аймагы | 34 | 16 | 81 |
65 | Бешик-Жон айылдык аймагы | 33 | 16 | 78 |
66 | Кеңеш айылдык аймагы | 32 | 16 | 79 |
67 | Кызыл-Үңкүр айылдык аймагы | 32 | 14 | 63 |
68 | Могол айылдык аймагы | 32 | 14 | 79 |
69 | Сейдикум айылдык аймагы | 32 | 15 | 78 |
70 | Талды-Булак айылдык аймагы | 33 | 14 | 77 |
| 2.4. Ноокен району |
|
|
|
71 | Кочкор-Ата шаары | 32 | 15 | 77 |
72 | Арал айылдык аймагы | 34 | 0 | 78 |
73 | Бүргөндү айылдык аймагы | 32 | 16 | 77 |
74 | Достук айылдык аймагы | 28 | 14 | 69 |
75 | Масы айылдык аймагы | 34 | 16 | 79 |
76 | Момбеков айылдык аймагы | 32 | 15 | 76 |
77 | Ноокен айылдык аймагы | 34 | 14 | 79 |
78 | Сакалды айылдык аймагы | 32 | 0 | 77 |
79 | Шайдан айылдык аймагы | 32 | 0 | 77 |
| 2.5. Сузак району |
|
|
|
80 | Көк-Жаңгак шаары | 30 | 22 | 73 |
81 | Багыш айылдык аймагы | 33 | 18 | 81 |
82 | Барпы айылдык аймагы | 33 | 16 | 81 |
83 | Кара-Алма айылдык аймагы | 30 | 22 | 73 |
84 | Кара-Дарыя айылдык аймагы | 31 | 13 | 76 |
85 | Көк-Арт айылдык аймагы | 32 | 18 | 77 |
86 | Курманбек айылдык аймагы | 30 | 22 | 73 |
87 | Кыз-Көл айылдык аймагы | 28 | 17 | 66 |
88 | Кызыл-Туу айылдык аймагы | 33 | 17 | 80 |
89 | Ленин айылдык аймагы | 30 | 16 | 73 |
90 | Сайпидин Атабеков айылдык аймагы | 33 | 15 | 80 |
91 | Сузак айылдык аймагы | 33 | 16 | 80 |
92 | Таш-Булак айылдык аймагы | 34 | 17 | 81 |
93 | Ырыс айылдык аймагы | 33 | 16 | 80 |
| 2.6. Тогуз-Торо району |
|
|
|
94 | Атай айылдык аймагы | 30 | 20 | 73 |
95 | Кара-Суу айылдык аймагы | 32 | 20 | 77 |
96 | Каргалык айылдык аймагы | 30 | 20 | 73 |
97 | Көк-Ирим айылдык аймагы | 30 | 20 | 63 |
98 | Сары-Булуң айылдык аймагы | 30 | 20 | 63 |
99 | Тогуз-Торо айылдык аймагы | 29 | 20 | 70 |
| 2.7. Токтогул району |
|
|
|
100 | Токтогул шаары | 32 | 20 | 72 |
101 | Абды Сүйөркулов айылдык аймагы | 31 | 23 | 76 |
102 | Аралбаев айылдык аймагы | 30 | 20 | 68 |
103 | Бел-Алды айылдык аймагы | 24 | 14 | 57 |
104 | Жаңы-Жол айылдык аймагы | 32 | 20 | 79 |
105 | Кетмен-Төбө айылдык аймагы | 33 | 17 | 81 |
106 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык аймагы | 27 | 19 | 64 |
107 | Ничке-Сай айылдык аймагы | 27 | 19 | 64 |
108 | Сары-Камыш айылдык аймагы | 0 | 13 | 49 |
109 | Үч-Терек айылдык аймагы | 25 | 21 | 60 |
110 | Чолпон-Ата айылдык аймагы | 31 | 22 | 76 |
| 2.8. Чаткал району |
|
|
|
111 | Каныш-Кыя айылдык аймагы | 22 | 15 | 48 |
112 | Сумсар айылдык аймагы | 23 | 18 | 52 |
113 | Терек-Сай айылдык аймагы | 23 | 15 | 49 |
114 | Чаткал айылдык аймагы | 22 | 14 | 48 |
| 3. Ысык-Көл облусу |
|
|
|
115 | Балыкчы шаары | 17 | 8 | 56 |
116 | Каракол шаары | 25 | 16 | 88 |
| 3.1. Ак-Суу району |
|
|
|
117 | Ак-Булуң айылдык аймагы | 27 | 17 | 97 |
118 | Ак-Чий айылдык аймагы | 23 | 15 | 85 |
119 | Бөрү-Баш айылдык аймагы | 24 | 13 | 85 |
120 | Жыргалаң айылдык аймагы | 24 | 15 | 89 |
121 | Кара-Жал айылдык аймагы | 23 | 14 | 82 |
122 | Каракол айылдык аймагы | 24 | 15 | 89 |
123 | Кереге-Таш айылдык аймагы | 22 | 15 | 80 |
124 | Нововознесеновка айылдык аймагы | 24 | 15 | 86 |
125 | Октябрь айылдык аймагы | 25 | 14 | 87 |
126 | Отрадное айылдык аймагы | 25 | 15 | 90 |
127 | Тепке айылдык аймагы | 24 | 15 | 89 |
128 | Теплоключенко айылдык аймагы | 20 | 15 | 72 |
129 | Челпек айылдык аймагы | 23 | 16 | 84 |
130 | Эңилчек айылдык аймагы | 23 | 14 | 84 |
| 3.2. Жети-Өгүз району |
|
|
|
131 | Ак-Дөбө айылдык аймагы | 21 | 8 | 73 |
132 | Ак-Шыйрак айылдык аймагы | 0 | 0 | 72 |
133 | Алдашев айылдык аймагы | 18 | 0 | 64 |
134 | Барскоон айылдык аймагы | 19 | 12 | 68 |
135 | Даркан айылдык аймагы | 20 | 0 | 72 |
136 | Жаргылчак айылдык аймагы | 19 | 13 | 67 |
137 | Жети-Өгүз айылдык аймагы | 21 | 13 | 73 |
138 | Кызыл-Суу айылдык аймагы | 21 | 13 | 74 |
139 | Липенка айылдык аймагы | 19 | 11 | 68 |
140 | Оргочор айылдык аймагы | 21 | 13 | 73 |
141 | Светлая поляна айылдык аймагы | 20 | 11 | 72 |
142 | Тамга айылдык аймагы | 19 | 0 | 68 |
143 | Ырдык айылдык аймагы | 22 | 11 | 76 |
| 3.3. Ысык-Көл району |
|
|
|
144 | Чолпон-Ата шаары | 20 | 0 | 69 |
145 | Абдрахманов айылдык аймагы | 21 | 0 | 73 |
146 | Садыр-Аке айылдык аймагы | 20 | 0 | 72 |
147 | Ананьево айылдык аймагы | 24 | 12 | 84 |
148 | Бостери айылдык аймагы | 20 | 12 | 69 |
149 | Кара-Ой айылдык аймагы | 18 | 12 | 63 |
150 | Кум-Бел айылдык аймагы | 20 | 12 | 69 |
151 | Өрүктү айылдык аймагы | 22 | 0 | 78 |
152 | Семеновка айылдык аймагы | 20 | 12 | 72 |
153 | Тамчы айылдык аймагы | 14 | 12 | 46 |
154 | Темир айылдык аймагы | 21 | 12 | 76 |
155 | Тору-Айгыр айылдык аймагы | 12 | 0 | 39 |
156 | Чоң-Сары-Ой айылдык аймагы | 18 | 12 | 63 |
| 3.4. Тоң району |
|
|
|
157 | Ак-Терек айылдык аймагы | 18 | 9 | 64 |
158 | Болот Мамбетов айылдык аймагы | 18 | 9 | 61 |
159 | Кажы-Сай айылдык аймагы | 17 | 8 | 57 |
160 | Көк-Мойнок айылдык аймагы | 17 | 8 | 56 |
161 | Көл-Төр айылдык аймагы | 17 | 9 | 60 |
162 | Күн-Чыгыш айылдык аймагы | 19 | 9 | 68 |
163 | Төрт-Күл айылдык аймагы | 18 | 9 | 61 |
164 | Тоң айылдык аймагы | 17 | 8 | 57 |
165 | Улакол айылдык аймагы | 12 | 5 | 39 |
| 3.5. Түп району |
|
|
|
166 | Ак-Булак айылдык аймагы | 23 | 15 | 64 |
167 | Ак-Булуң айылдык аймагы | 21 | 14 | 74 |
168 | Арал айылдык аймагы | 24 | 13 | 87 |
169 | Ысык-Көл айылдык аймагы | 23 | 13 | 83 |
170 | Карасаев айылдык аймагы | 25 | 10 | 88 |
171 | Кутургу айылдык аймагы | 23 | 15 | 83 |
172 | Михайловка айылдык аймагы | 22 | 10 | 77 |
173 | Сан-Таш айылдык аймагы | 26 | 15 | 92 |
174 | Сары-Булак айылдык аймагы | 22 | 12 | 78 |
175 | Талды-Суу айылдык аймагы | 24 | 9 | 87 |
176 | Тогуз-Булак айылдык аймагы | 19 | 14 | 65 |
177 | Түп айылдык аймагы | 23 | 14 | 83 |
178 | Чоң-Таш айылдык аймагы | 25 | 14 | 89 |
| 4. Нарын облусу |
|
|
|
179 | Нарын шаары | 15 | 11 | 52 |
| 4.1. Ак-Талаа району |
|
|
|
180 | Ак-Тал айылдык аймагы | 11 | 0 | 43 |
181 | Ак-Чий айылдык аймагы | 9 | 0 | 36 |
182 | Баетов айылдык аймагы | 10 | 0 | 38 |
183 | Жаңы-Талап айылдык аймагы | 11 | 7 | 43 |
184 | Жерге-Тал айылдык аймагы | 11 | 0 | 40 |
185 | Кара-Бүргөн айылдык аймагы | 10 | 6 | 38 |
186 | Көк-Жар айылдык аймагы | 9 | 0 | 36 |
187 | Коңорчок айылдык аймагы | 11 | 7 | 40 |
188 | Кош-Дөбө айылдык аймагы | 9 | 5 | 36 |
189 | Кызыл-Белес айылдык аймагы | 9 | 5 | 36 |
190 | Терек айылдык аймагы | 10 | 6 | 38 |
191 | Тоголок Молдо айылдык аймагы | 9 | 5 | 36 |
192 | Үгүт айылдык аймагы | 9 | 5 | 36 |
| 4.2. Ат-Башы району |
|
|
|
193 | Ат-Башы айылдык аймагы | 13 | 9 | 42 |
194 | Ак-Жар айылдык аймагы | 16 | 11 | 53 |
195 | Ак-Моюн айылдык аймагы | 15 | 8 | 48 |
196 | Ак-Муз айылдык аймагы | 14 | 11 | 48 |
197 | Ак-Талаа айылдык аймагы | 15 | 8 | 49 |
198 | Ача-Кайыңды айылдык аймагы | 15 | 0 | 53 |
199 | Баш-Кайыңды айылдык аймагы | 14 | 11 | 50 |
200 | Казыбек айылдык аймагы | 14 | 0 | 49 |
201 | Кара-Коюн айылдык аймагы | 13 | 6 | 49 |
202 | Кара-Суу айылдык аймагы | 12 | 4 | 46 |
203 | Талды-Суу айылдык аймагы | 16 | 13 | 57 |
| 4.3. Жумгал району |
|
|
|
204 | Байзак айылдык аймагы | 13 | 10 | 37 |
205 | Баш-Кууганды айылдык аймагы | 13 | 8 | 38 |
206 | Жаңы-Арык айылдык аймагы | 13 | 11 | 39 |
207 | Жумгал айылдык аймагы | 14 | 9 | 40 |
208 | Кабак айылдык аймагы | 13 | 0 | 37 |
209 | Көк-Ой айылдык аймагы | 14 | 7 | 38 |
210 | Куйручук айылдык аймагы | 14 | 10 | 39 |
211 | Кызыл-Жылдыз айылдык аймагы | 13 | 7 | 38 |
212 | Миң-Куш айылдык аймагы | 13 | 8 | 33 |
213 | Сүйүмбаев айылдык аймагы | 13 | 10 | 37 |
214 | Түгөл-Сай айылдык аймагы | 13 | 0 | 37 |
215 | Чаек айылдык аймагы | 13 | 7 | 40 |
216 | Чоң-Дөбө айылдык аймагы | 13 | 10 | 39 |
| 4.4. Кочкор району |
|
|
|
217 | Ак-Кыя айылдык аймагы | 12 | 6 | 43 |
218 | Кара-Суу айылдык аймагы | 12 | 5 | 43 |
219 | Көк-Жар айылдык аймагы | 11 | 0 | 43 |
220 | Кочкор айылдык аймагы | 14 | 8 | 48 |
221 | Кош-Дөбө айылдык аймагы | 11 | 5 | 43 |
222 | Кум-Дөбө айылдык аймагы | 11 | 6 | 43 |
223 | Сары-Булак айылдык аймагы | 11 | 0 | 38 |
224 | Семиз-Бел айылдык аймагы | 12 | 6 | 44 |
225 | Соң-Көл айылдык аймагы | 11 | 0 | 38 |
226 | Талаа-Булак айылдык аймагы | 12 | 8 | 44 |
227 | Чолпон айылдык аймагы | 14 | 8 | 44 |
| 4.5. Нарын району |
|
|
|
228 | Ак-Кудук айылдык аймагы | 15 | 8 | 50 |
229 | Дөбөлү айылдык аймагы | 15 | 10 | 52 |
230 | Жан-Булак айылдык аймагы | 14 | 10 | 49 |
231 | Жерге-Тал айылдык аймагы | 14 | 10 | 49 |
232 | Достук айылдык аймагы | 14 | 0 | 49 |
233 | Казан-Куйган айылдык аймагы | 13 | 11 | 47 |
234 | Кара-Кужур айылдык аймагы | 13 | 11 | 47 |
235 | Миң-Булак айылдык аймагы | 11 | 10 | 42 |
236 | Он-Арча айылдык аймагы | 16 | 9 | 52 |
237 | Орток айылдык аймагы | 15 | 11 | 51 |
238 | Сары-Ой айылдык аймагы | 15 | 11 | 50 |
239 | Учкун айылдык аймагы | 14 | 9 | 48 |
240 | Чет-Нура айылдык аймагы | 15 | 11 | 52 |
241 | Эмгек-Талаа айылдык аймагы | 16 | 12 | 53 |
242 | Эмгекчил айылдык аймагы | 13 | 10 | 47 |
| 5. Ош облусу |
|
|
|
| 5.1. Алай району |
|
|
|
243 | К.Белекбаев атындагы Алай айылдык аймагы | 14 | 10 | 41 |
244 | Будалык айылдык аймагы | 0 | 12 | 33 |
245 | Бүлөлү айылдык аймагы | 0 | 9 | 33 |
246 | Гүлчө айылдык аймагы | 0 | 14 | 33 |
247 | Жошолу айылдык аймагы | 21 | 11 | 58 |
248 | Жаңы-Алай айылдык аймагы | 26 | 12 | 61 |
249 | Кабылан-Көл айылдык аймагы | 22 | 13 | 58 |
250 | Коңур-Дөбө айылдык аймагы | 22 | 12 | 58 |
251 | Корул айылдык аймагы | 0 | 7 | 33 |
252 | Ленин айылдык аймагы | 0 | 6 | 33 |
253 | Сары-Могол айылдык аймагы | 12 | 0 | 34 |
254 | Сары-Таш айылдык аймагы | 13 | 10 | 38 |
255 | Талды-Суу айылдык аймагы | 12 | 0 | 34 |
256 | Үч-Дөбө айылдык аймагы | 16 | 10 | 46 |
| 5.2. Араван району |
|
|
|
257 | Алля-Анаров айылдык аймагы | 22 | 9 | 63 |
258 | Керме-Тоо айылдык аймагы | 20 | 8 | 59 |
259 | Мангыт айылдык аймагы | 21 | 9 | 61 |
260 | Нур-Абад айылдык аймагы | 24 | 9 | 69 |
261 | С.Юсупов айылдык аймагы | 25 | 9 | 71 |
262 | Төө-Моюн айылдык аймагы | 16 | 8 | 47 |
263 | Тепе-Коргон айылдык аймагы | 24 | 9 | 69 |
264 | Чек-Абад айылдык аймагы | 25 | 9 | 72 |
| 5.3. Кара-Кулжа району |
|
|
|
265 | Алайкуу айылдык аймагы | 13 | 10 | 39 |
266 | Капчыгай айылдык аймагы | 17 | 12 | 48 |
267 | Карагуз айылдык аймагы | 18 | 14 | 51 |
268 | Кара-Кочкор айылдык аймагы | 17 | 16 | 48 |
269 | Кара-Кулжа айылдык аймагы | 17 | 11 | 49 |
270 | Кашка-Жол айылдык аймагы | 17 | 16 | 48 |
271 | Кеңеш айылдык аймагы | 17 | 16 | 48 |
272 | Кызыл-Жар айылдык аймагы | 13 | 10 | 39 |
273 | Ой-Тал айылдык аймагы | 13 | 10 | 39 |
274 | Сары-Булак айылдык аймагы | 0 | 18 | 35 |
275 | Чалма айылдык аймагы | 17 | 12 | 48 |
276 | Ылай-Талаа айылдык аймагы | 15 | 15 | 44 |
| 5.4. Кара-Суу району |
|
|
|
277 | Кара-Суу шаары | 25 | 9 | 71 |
278 | Ак-Таш айылдык аймагы | 25 | 9 | 71 |
279 | Жаңы-Арык айылдык аймагы | 25 | 9 | 72 |
280 | Жоош айылдык аймагы | 24 | 11 | 70 |
281 | Катта-Талдык айылдык аймагы | 25 | 11 | 72 |
282 | Кашгар-Кыштак айылдык аймагы | 24 | 11 | 70 |
283 | Кызыл-Кыштак айылдык аймагы | 25 | 10 | 73 |
284 | Кызыл-Суу айылдык аймагы | 25 | 8 | 71 |
285 | Мады айылдык аймагы | 25 | 10 | 71 |
286 | Нариман айылдык аймагы | 24 | 8 | 70 |
287 | Отуз-Адыр айылдык аймагы | 24 | 9 | 69 |
288 | Папан айылдык аймагы | 22 | 10 | 63 |
289 | Савай айылдык аймагы | 24 | 8 | 70 |
290 | Сарай айылдык аймагы | 26 | 9 | 74 |
291 | Сары-Колот айылдык аймагы | 24 | 9 | 69 |
292 | Төлөйкөн айылдык аймагы | 23 | 9 | 68 |
293 | Шарк айылдык аймагы | 24 | 12 | 70 |
| 5.5. Ноокат району |
|
|
|
294 | Ноокат шаары | 17 | 10 | 49 |
295 | Токтомат Зулпуев атындагы айылдык аймагы | 19 | 10 | 56 |
296 | Бел айылдык аймагы | 23 | 10 | 66 |
297 | Гүлстан айылдык аймагы | 21 | 10 | 61 |
298 | Жаңы-Ноокат айылдык аймагы | 23 | 10 | 68 |
299 | Исанов айылдык аймагы | 23 | 14 | 67 |
300 | Кара-Таш айылдык аймагы | 18 | 10 | 51 |
301 | Кеңеш айылдык аймагы | 23 | 10 | 66 |
302 | Көк-Бел айылдык аймагы | 23 | 14 | 67 |
303 | Кулатов айылдык аймагы | 24 | 10 | 69 |
304 | Кызыл-Октябрь айылдык аймагы | 24 | 12 | 70 |
305 | Кыргыз-Ата айылдык аймагы | 21 | 10 | 60 |
306 | Мирмахмудов айылдык аймагы | 17 | 10 | 49 |
307 | Найман айылдык аймагы | 22 | 10 | 53 |
308 | Он-Эки-Бел айылдык аймагы | 23 | 10 | 68 |
309 | Төөлөс айылдык аймагы | 26 | 10 | 76 |
310 | Ынтымак айылдык аймагы | 24 | 10 | 69 |
| 5.6. Өзгөн району |
|
|
|
311 | Өзгөн шаары | 28 | 0 | 64 |
312 | Ак-Жар айылдык аймагы | 26 | 14 | 74 |
313 | Алтын-Булак айылдык аймагы | 26 | 10 | 76 |
314 | Баш-Дөбө айылдык аймагы | 28 | 10 | 78 |
315 | Дөң-Булак айылдык аймагы | 26 | 10 | 75 |
316 | Жалпак-Таш айылдык аймагы | 0 | 16 | 54 |
317 | Жыланды айылдык аймагы | 27 | 12 | 78 |
318 | Жазы айылдык аймагы | 21 | 11 | 62 |
319 | Заргер айылдык аймагы | 20 | 14 | 58 |
320 | Ийри-Суу айылдык аймагы | 27 | 13 | 78 |
321 | Кара-Таш айылдык аймагы | 0 | 15 | 54 |
322 | Кароол айылдык аймагы | 28 | 12 | 78 |
323 | Көлдүк айылдык аймагы | 26 | 14 | 74 |
324 | Куршаб айылдык аймагы | 28 | 12 | 78 |
325 | Кызыл-Октябрь айылдык аймагы | 24 | 12 | 70 |
326 | Кызыл-Тоо айылдык аймагы | 26 | 10 | 76 |
327 | Мырза-Аке айылдык аймагы | 26 | 10 | 75 |
328 | Саламалик айылдык аймагы | 26 | 10 | 75 |
329 | Төрт-Көл айылдык аймагы | 28 | 10 | 79 |
330 | Чаңгет айылдык аймагы | 27 | 13 | 78 |
| 5.7. Чоң-Алай району |
|
|
|
331 | Жекенди айылдык аймагы | 16 | 0 | 47 |
332 | Кашка-Суу айылдык аймагы | 14 | 10 | 40 |
333 | Чоң-Алай айылдык аймагы | 16 | 0 | 47 |
| 6. Талас облусу |
|
|
|
334 | Талас шаары | 27 | 16 | 64 |
| 6.1. Бакай-Ата району |
|
|
|
335 | Ак-Дөбө айылдык аймагы | 25 | 11 | 58 |
336 | Акназаров айылдык аймагы | 24 | 0 | 57 |
337 | Боо-Терек айылдык аймагы | 35 | 11 | 79 |
338 | Кең-Арал айылдык аймагы | 26 | 0 | 60 |
339 | Ленинпол айылдык аймагы | 31 | 0 | 71 |
340 | Миң-Булак айылдык аймагы | 25 | 0 | 58 |
341 | Өзгөрүш айылдык аймагы | 26 | 11 | 61 |
342 | Оро айылдык аймагы | 28 | 0 | 66 |
343 | Шадыкан айылдык аймагы | 25 | 0 | 59 |
| 6.2. Кара-Буура району |
|
|
|
344 | Ак-Чий айылдык аймагы | 24 | 13 | 56 |
345 | Аманбаев айылдык аймагы | 26 | 13 | 61 |
346 | Бакайыр айылдык аймагы | 22 | 14 | 53 |
347 | Бакыян айылдык аймагы | 27 | 13 | 63 |
348 | Бейшеке айылдык аймагы | 27 | 13 | 63 |
349 | Кара-Буура айылдык аймагы | 31 | 14 | 70 |
350 | Көк-Сай айылдык аймагы | 22 | 13 | 52 |
351 | Маймак айылдык аймагы | 26 | 13 | 60 |
352 | Чолпонбай айылдык аймагы | 28 | 13 | 66 |
353 | Шекер айылдык аймагы | 19 | 13 | 46 |
| 6.3. Манас району |
|
|
|
354 | Кайыңды айылдык аймагы | 33 | 17 | 75 |
355 | Кыргызстан айылдык аймагы | 28 | 0 | 66 |
356 | Май айылдык аймагы | 23 | 0 | 55 |
357 | Покровка айылдык аймагы | 29 | 14 | 67 |
358 | Үч-Коргон айылдык аймагы | 26 | 0 | 60 |
| 6.4. Талас району |
|
|
|
359 | Айдаралиев айылдык аймагы | 24 | 16 | 56 |
360 | Бердике-Баатыр айылдык аймагы | 31 | 0 | 71 |
361 | Арал айылдык аймагы | 27 | 15 | 64 |
362 | Бекмолдо айылдык аймагы | 26 | 14 | 61 |
363 | Жерге-Тал айылдык аймагы | 21 | 16 | 51 |
364 | Долон айылдык аймагы | 31 | 0 | 71 |
365 | Калба айылдык аймагы | 34 | 16 | 78 |
366 | Кара-Суу айылдык аймагы | 29 | 16 | 67 |
367 | Көк-Ой айылдык аймагы | 28 | 19 | 66 |
368 | Кууганды айылдык аймагы | 27 | 17 | 63 |
369 | Нуржанов айылдык аймагы | 30 | 0 | 69 |
370 | Өмүралиев айылдык аймагы | 26 | 14 | 61 |
371 | Осмонкулов айылдык аймагы | 36 | 25 | 81 |
| 7. Чүй облусу |
|
|
|
372 | Токмок шаары | 17 | 12 | 39 |
| 7.1. Аламүдүн району |
|
|
|
373 | Байтик айылдык аймагы | 22 | 12 | 47 |
374 | Ак-Дөбө айылдык аймагы | 22 | 11 | 48 |
375 | Ала-Арча айылдык аймагы | 12 | 7 | 30 |
376 | Аламүдүн айылдык аймагы | 22 | 5 | 48 |
377 | Арашан айылдык аймагы | 19 | 10 | 43 |
378 | Васильев айылдык аймагы | 19 | 10 | 43 |
379 | Гроздь айылдык аймагы | 21 | 11 | 45 |
380 | Кара-Жыгач айылдык аймагы | 18 | 0 | 41 |
381 | Көк-Жар айылдык аймагы | 18 | 10 | 41 |
382 | Лебединовка айылдык аймагы | 18 | 10 | 41 |
383 | Ленин айылдык аймагы | 22 | 5 | 48 |
384 | Маевка айылдык аймагы | 23 | 9 | 50 |
385 | Төмөнкү Ала-Арча айылдык аймагы | 23 | 9 | 50 |
386 | Октябрь айылдык аймагы | 17 | 10 | 38 |
387 | Пригородное айылдык аймагы | 25 | 10 | 53 |
388 | Таш-Дөбө айылдык аймагы | 17 | 11 | 39 |
389 | Таш-Мойнок айылдык аймагы | 21 | 13 | 46 |
| 7.2. Жайыл району |
|
|
|
390 | Кара-Балта шаары | 19 | 0 | 42 |
391 | Ат-Башат айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
392 | Жайыл айылдык аймагы | 18 | 8 | 40 |
393 | Кара-Суу айылдык аймагы | 17 | 7 | 38 |
394 | Красновосточный айылдык аймагы | 18 | 6 | 41 |
395 | Кызыл-Дыйкан айылдык аймагы | 17 | 7 | 38 |
396 | Полтавка айылдык аймагы | 17 | 7 | 38 |
397 | Сары-Булак айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
398 | Сары-Коо айылдык аймагы | 17 | 6 | 38 |
399 | Сосновка айылдык аймагы | 18 | 7 | 41 |
400 | Степное айылдык аймагы | 15 | 6 | 35 |
401 | Суусамыр айылдык аймагы | 17 | 10 | 39 |
402 | Талды-Булак айылдык аймагы | 17 | 5 | 38 |
| 7.3. Кемин району |
|
|
|
403 | Кемин шаары | 17 | 12 | 38 |
404 | Орловка шаары | 17 | 11 | 40 |
405 | Ак-Туз айылдык аймагы | 18 | 12 | 41 |
406 | Алмалуу айылдык аймагы | 19 | 11 | 42 |
407 | Боролдой айылдык аймагы | 17 | 9 | 40 |
408 | Жаңы-Алыш айылдык аймагы | 17 | 0 | 40 |
409 | Дүйшеев айылдык аймагы | 18 | 12 | 41 |
410 | Ильич айылдык аймагы | 18 | 12 | 41 |
411 | Кара-Булак айылдык аймагы | 18 | 12 | 40 |
412 | Көк-Ойрок айылдык аймагы | 17 | 12 | 40 |
413 | Кызыл-Октябрь айылдык аймагы | 17 | 12 | 38 |
414 | Чоң-Кемин айылдык аймагы | 21 | 11 | 46 |
415 | Чым-Коргон айылдык аймагы | 18 | 0 | 41 |
| 7.4. Москва району |
|
|
|
416 | Ак-Суу айылдык аймагы | 17 | 9 | 40 |
417 | Александровка айылдык аймагы | 19 | 9 | 43 |
418 | Беловодское айылдык аймагы | 22 | 10 | 47 |
419 | Беш-Терек айылдык аймагы | 14 | 7 | 34 |
420 | Биринчи май айылдык аймагы | 18 | 6 | 41 |
421 | Петровка айылдык аймагы | 20 | 8 | 44 |
422 | Предтеченск айылдык аймагы | 16 | 7 | 37 |
423 | Садовое айылдык аймагы | 22 | 9 | 47 |
424 | Сретенка айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
425 | Төлөк айылдык аймагы | 18 | 5 | 41 |
426 | Целинный айылдык аймагы | 14 | 7 | 34 |
427 | Чапаев айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
| 7.5. Панфилов району |
|
|
|
428 | Кайыңды шаары | 19 | 8 | 42 |
429 | Курама айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
430 | Вознесеновка айылдык аймагы | 18 | 10 | 41 |
431 | Күрпүлдөк айылдык аймагы | 20 | 10 | 44 |
432 | Орто айылдык аймагы | 16 | 9 | 37 |
433 | Фрунзе айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
434 | Чалдыбар айылдык аймагы | 15 | 8 | 36 |
| 7.6. Сокулук району |
|
|
|
435 | Шопоков шаары | 20 | 9 | 44 |
436 | Кайназарова атындагы айылдык аймагы | 21 | 11 | 45 |
437 | Крупская атындагы айылдык аймагы | 24 | 8 | 50 |
438 | Асыл-Баш айылдык аймагы | 18 | 12 | 40 |
439 | Ат-Башат айылдык аймагы | 19 | 8 | 43 |
440 | Военно-Антоновка айылдык аймагы | 20 | 9 | 45 |
441 | Гавриловка айылдык аймагы | 20 | 9 | 44 |
442 | Жаңы-Жер айылдык аймагы | 20 | 8 | 44 |
443 | Жаңы-Пахта айылдык аймагы | 17 | 8 | 39 |
444 | Камышановка айылдык аймагы | 15 | 5 | 36 |
445 | Күнтуу айылдык аймагы | 21 | 12 | 46 |
446 | Кызыл-Туу айылдык аймагы | 21 | 8 | 46 |
447 | Төмөнкү Чүй айылдык аймагы | 19 | 8 | 42 |
448 | Новопавловка айылдык аймагы | 22 | 7 | 47 |
449 | Орок айылдык аймагы | 19 | 10 | 42 |
450 | Биринчи май айылдык аймагы | 18 | 8 | 41 |
451 | Саз айылдык аймагы | 21 | 8 | 46 |
452 | Сокулук айылдык аймагы | 19 | 9 | 43 |
453 | Төш-Булак айылдык аймагы | 19 | 11 | 42 |
454 | Фрунзе айылдык аймагы | 19 | 8 | 43 |
| 7.7. Чүй району |
|
|
|
455 | Ак-Бешим айылдык аймагы | 17 | 12 | 39 |
456 | Бурана айылдык аймагы | 17 | 0 | 38 |
457 | Ибраимов айылдык аймагы | 17 | 11 | 38 |
458 | Искра айылдык аймагы | 18 | 0 | 40 |
459 | Кегети айылдык аймагы | 16 | 13 | 37 |
460 | Кош-Коргон айылдык аймагы | 17 | 12 | 38 |
461 | Он Бир-Жылга айылдык аймагы | 19 | 12 | 42 |
462 | Сайлык айылдык аймагы | 21 | 0 | 45 |
463 | Чүй айылдык аймагы | 16 | 0 | 36 |
464 | Шамшы айылдык аймагы | 18 | 11 | 41 |
| 7.8. Ысык-Ата району |
|
|
|
465 | Кант шаары | 23 | 14 | 49 |
466 | Ак-Кудук айылдык аймагы | 23 | 11 | 50 |
467 | Бирдик айылдык аймагы | 24 | 10 | 50 |
468 | Жээк айылдык аймагы | 22 | 13 | 47 |
469 | Ивановка айылдык аймагы | 17 | 11 | 38 |
470 | Интернациональное айылдык аймагы | 18 | 10 | 41 |
471 | Ысык-Ата айылдык аймагы | 14 | 12 | 34 |
472 | Кең-Булуң айылдык аймагы | 15 | 11 | 36 |
473 | Кочкорбаев айылдык аймагы | 21 | 11 | 46 |
474 | Красная Речка айылдык аймагы | 20 | 10 | 44 |
475 | Логвиненко айылдык аймагы | 21 | 11 | 46 |
476 | Люксембург айылдык аймагы | 23 | 14 | 49 |
477 | Милянфан айылдык аймагы | 23 | 11 | 49 |
478 | Новопокровка айылдык аймагы | 20 | 11 | 45 |
479 | Нурманбет айылдык аймагы | 14 | 14 | 33 |
480 | Сын-Таш айылдык аймагы | 15 | 8 | 34 |
481 | Туз айылдык аймагы | 20 | 13 | 45 |
482 | Узун-Кыр айылдык аймагы | 21 | 6 | 46 |
483 | Юрьевка айылдык аймагы | 14 | 9 | 34 |
| 8. Бишкек шаары | 20 | 9 | 24 |
| 9. Ош шаары | 36,3 | 15 | 58 |