Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-январы № 1
Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү кепилдигин камсыздоо максатында, "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111 жана 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 161-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-январындагы № 6 (3185) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |