Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 1 токтомуна) |
Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимин камсыздоо боюнча иш-чараларга түздөн-түз тартылган жана милдеттерди аткарган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлеринин (мындан ары - кызматкер) өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү механизмдерин аныктайт.
2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине келтирилген зыян республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар:
1) акчалай төлөп берүү - ушул Тартипте каралган негиздер боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмунун медицина жана башка кызматкерине төлөнүүчү акча каражаттары;
2) карантиндик жана башка инфекциялык оорулар - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү талап кылган оорулар;
3) саламаттык сактоо уюму - саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюму;
4) жумуш берүүчү - медицина жана башка кызматкерлер эмгектенген саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюму.
2-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү жана анын өлчөмдөрүн аныктоо маселелери
4. Жумуш берүүчү ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган кызматкерлерге зыянды төлөп берүү үчүн өз буйругу менен тиешелүү комиссияны түзөт, анын курамын өз алдынча аныктайт.
5. Комиссия кийин саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине жиберүү үчүн компенсацияны төлөө же болбосо төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуштама түрүндө чечим кабыл алат.
Комиссия ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер берилген күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Уюмдун жетекчиси комиссиянын чечимин алгандан кийин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбей компенсацияны төлөп берүү же болбосо баш тартуунун негизин көрсөтүү менен компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кызматкер же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрү комиссияга төмөнкү документтерди беришет:
1) майып болгон учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жана майыптык тобун белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун;
2) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ооруга чалдыккан же өлгөн жагдайлары жөнүндө актыны;
3) оорусу жөнүндө күбөлүктү, эмгекке жарамсыздык жөнүндө баракчаны;
4) каза болгон (өлгөн) учурда - өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
5) сумманы алууга укуктуу адамдын төлөп берүүгө арызын;
6) кызматкер ооруган же өлгөн факты боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусун;
7) балдарынын туулгандыгы тууралуу, никелешүү жөнүндө күбөлүктүн, паспортунун көчүрмөлөрүн;
8) 18 жаштан 23 жашка чейинки курактагы зыяндын ордун толтурууну алууга укуктуу адамдар билим берүү окуу жайларында күндүзгү окуу формасында окугандыгы жөнүндө маалым катты;
9) төлөп берүүгө негизди аныктоо үчүн үй-бүлө курамы жөнүндө маалым катты жана башка зарыл болгон документтерди.
8. Жумуш берүүчү арыз берүүчүгө зыянды төлөп берүү жөнүндө талап коюу үчүн керектүү документтерди алууда көмөк көрсөтөт жана зарыл болгон учурда башка уюмдардан сурап алат.
9. Ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлерине:
1) андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 (бир) жыл өткөнгө чейин майыптык алгандарга төмөнкү өлчөмдөрдө ордун толтуруу катары акча каражаттары төлөнөт:
1) I топтогу майыпка - жабыр тарткан кызматкердин 10дон (он) кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
2) II топтогу майыпка - жабыр тарткан кызматкердин 8ден (сегиз) кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
3) III топтогу майыпка - жабыр тарткан кызматкердин 5тен (беш) кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
2) ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган учурларда милдеттерин аткарууда жаракаттарды алгандарга, ооруларга чалдыккандарга, бирок майыптыкты белгилөөгө укук берилбегенде ээлеген кызмат орду боюнча 15 эсе маянадан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
10. Ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган учурларда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө ордун толтуруу катары жабыр тарткан кызматкердин 20 (жыйырма) орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө акчалай каражат төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- каза болгон (өлгөн) кызматкердин ал каза болгон (өлгөн) күнгө карата катталган никеде турган жубайы (жолдошу);
- балдары, анын ичинен асырап алган балдары, ата-энеси;
- Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте багуусундагылар деп таанылган башка адамдар.
11. Ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган кызматкерлер иштеп жаткан мезгилде же болбосо иштен бошогондон 2 (эки) жыл өткөнгө чейин медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) мекемесинде кайра күбөлөндүрүүдө ушул Тартипте көрсөтүлгөн себептерден улам майыптык тобу жогорулатылса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, жаңыдан белгиленген майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана мурунку майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.
12. Эгерде саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында иштеген мезгилде же болбосо иштен бошогондон кийин 1 (бир) жыл өткөнгө чейин ушул Тартипте көрсөтүлгөн себептерден улам майыптыгы белгиленсе, андан кийин ошол эле мезгилде ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган кызматкерлердин өлүмү келип чыкса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, өлгөн учуру боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана майыптыгы боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.
13. Ушул Тартипте белгиленген төлөп берүү үчүн орточо эмгек акыны аныктоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде жүргүзүлөт.
14. Төлөп берүү үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) кызматкер өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында түздөн-түз ишке тартылган жана милдеттерин аткарган мезгил;
2) кызматкердин өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында ишке ашырылуучу иш-чараларга байланыштуу түздөн-түз ишке тартылуусу жана милдеттерин аткаруусу токтотулган учурдан тартып бир жыл ичиндеги мезгил.
15. Компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер:
1) кызматкер тарабынан соттун күчүнө кирген чечиминде белгиленген коомдук кооптуу күнөөлүү жана жазалануучу жосун жасалса;
2) кызматкер тарабынан кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жыйынтыктарында белгиленген мыйзамсыз жосун жасалса же атайылап зыян келтирилсе;
3) өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга байланышпаган иш-чараларга катышса;
4) кызматкердин өзүнүн ден соолугуна атайылап зыян келтирген же өзүн-өзү өлтүргөн учурлары;
5) ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Жумуш берүүчүнүн компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими кызматкер же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга даттанылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жумуш берүүчүнүн чечимин кароо боюнча комиссия түзөт.
Комиссиянын иштөө тартибин жана комиссиянын курамын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер (анын ичинде компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө материалдар) берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жумуш берүүчүнүн чечимин кароо үчүн чечим чыгарат. Каралууга тийиш болгон документтерди жумуш берүүчү (саламаттык сактоо уюму) тез арада саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кызматкер же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын11-июнундагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибине тиркеме |
Форма
Ооруга чалдыгуу жана каза болуу жагдайлары жөнүндө № _____ АКТЫ
1. Оору жугузган же андан кийин каза болгон адам жөнүндө маалымат: Аты-жөнү: ____________________________________________________________________________ Жынысы: эркек, аял (белгилеңиз) Курагы: ______________________________________________________________________________ Кызматы: ____________________________________________________________________________ 2. Кызматкерди жөнөткөн уюм ___________________________________________________________ 3. Оору жугузган дата, себептер, шарттар жана жер _________________________________________ 4. Санитардык-гигиеналык эрежелер жана сактык чараларын сактоо боюнча инструктаж өткөрүү жөнүндө маалымат көрсөтүлсүн ____________________________________________________________________________________ 5. Оору жукканы лабораториялык ырасталган дата (тест-система, ПЦР-тест) ____________________________________________________________________________________ 6. Эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жана ден соолугунун бузулушу жөнүндө медициналык корутунду - корутунду диагнозу ____________________________________________________________________________________ 7. Жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалуусу жана башка маалымат ____________________ ____________________________________________________________________________________ 8. Корутунду _________________________________________________________________________ Уюмдун жетекчиси: ___________________________________________________________________ (аты-жөнү) |
| |
Комиссиянын мүчөлөрү: | __________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
| __________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
| _________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
Акт түзүлгөн дата: | 20___-жылдын "___" ______________ |
|