Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-январы № 29
"Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакыртып алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 110 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 110 "Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |