Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 110
"Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3894-VI "Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертиза (курулуштук, өрттүк, экологиялык) жүргүзүү.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертиза (курулуштук, өрттүк, экологиялык) жүргүзүү.".
3-берене.
"Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2016-жылдын 17-июну, № 53) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинде:
а) 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29) өрт-техникалык экспертиза - ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигин баалоо үчүн коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумун, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилизациялоо (эксплуатациялоодон чыгаруу) процесстерин тиешелүү корутунду берүү менен экспертизалоо, текшерүү, изилдөө, сыноо;".
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 54-пункт менен толукталсын:
"54) долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо - ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууга (четтөөгө) жол бербөө максатында имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоодо долбоордук чечимдердин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоого багытталган комплекстүү экспертизанын курамдык бөлүгү.";
2) 123-беренесинин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдарын туташтыруу жөнүндө тиешелүү актыны жана ошол тутумдарды сыноо протоколун түзүү аркылуу "101" ыкчам шашылыш кызматынын борбордук пунктуна туташтырууда.";
3) 124-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоодо долбоордук-сметалык документтердин ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкештигин экспертизалоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан комплекстүү экспертизанын курамында жүргүзүлөт.".
4-берене.
"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (ушул берененин үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн долбоордук-сметалык документтерден тышкары);
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (айлана-чөйрөгө таасирин тийгизген же тийгизүүгө жөндөмдүү имараттарды, курулмаларды, комплекстерди, инженердик жана транспорттук коммуникацияларды куруу, реконструкциялоо жана өзгөртүү үчүн арналган долбоордук-сметалык документтер).";
2) 11-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссиясы
Конкреттүү объекттин мамлекеттик экологиялык экспертизасы экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт (ушул Мыйзамдын 6-беренесинин үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн долбоордук-сметалык документтерден тышкары). Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери киргизилет.
Айлана-чөйрөгө таасирин тийгизген же тийгизүүгө жөндөмдүү имараттарды, курулмаларды, комплекстерди, инженердик жана транспорттук коммуникацияларды куруу, реконструкциялоо жана өзгөртүү үчүн арналган долбоордук-сметалык документтердин мамлекеттик экологиялык экспертизасы экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана штаттан тышкаркы эксперттер тарабынан комплекстүү экспертизанын (ушул Мыйзамдын 6-беренесинин үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн) курамында жүргүзүлөт.
Долбоордун демилгечисинин өкүлү же аны иштеп чыгуучу мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперти боло албайт.".
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|