Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-февралы № 34
2021-жылдын 4-февралы № 34"Айыл чарбасын каржылоо - 9"долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
2021-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоого 372000000,0 (үч жүз жетимиш эки миллион) сомду "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга бөлүп берсин;
2) "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тийиштүү келишимдерди түзсүн;
3) субсидияларды 2021-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын, ошондой эле "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долборун кийинки жылдарга (субсидиялардын экинчи жана үчүнчү траншын) каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен (макулдашуу боюнча) бирдикте "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга чарбакер субъекттер жана тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн кредит берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Тиркеме |
"Айыл чарбасын каржылоо - 9" ДОЛБООРУ
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү (анын ичинде сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; күнөскана чарбалардын, интенсивдүү багбанчылыкты жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн), айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн арзан жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына (мындан ары - чарбакер субъект) мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2021-жылдын февралы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар.
6. Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2021-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансылык каражаттары мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү (анын ичинде сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба өндүрүшү), айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн чарбакер субъекттерге жеңилдетилген пайыздык ставкалар менен берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын чыгымдарын 2021-2023-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди кайра төлөө боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар өздөрүнө алышат, займчылар ички жол-жоболорунун негизинде тандалат.
10. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдиги менен чарбакер субъекттерди каржылоого укуктуу.
11. Коммерциялык банктар буга чейин ишке ашырылган "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлорунун алкагында зайымчылардын учурдагы карыздарын кайра каржылоону ишке ашырууга укуктуу.
12. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар зайымчыларга кредитти төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда берүүгө милдеттүү:
1 | Максаттуу тармак | Мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, (анын ичинде сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба өндүрүшү), айыл чарба продукциясын кайра иштетүү |
2 | Акыркы пайыздык ставка | Жылына 10 пайыз: |
- мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн. | ||
Жылына 8 пайыз: | ||
- Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориясындагы чарбакер субъекттер үчүн; | ||
- өсүмдүк өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарбакер субъекттер үчүн: | ||
1) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; | ||
2) күнөскана чарбалары; | ||
3) интенсивдүү багбанчылык; | ||
4) органикалык айыл чарба өндүрүшү. | ||
Жылына 6 пайыз: | ||
- кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн | ||
3 | Кредиттин мөөнөтү | 36 айдан ашык эмес: |
- мал чарбачылыгынын, өсүмдүк өстүрүү чарбакер субъекттерине 10 пайыздык ставка менен берилген кредиттер үчүн. | ||
60 айдан ашык эмес: | ||
- Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориясындагы чарбакер субъекттерге берилген кредиттер үчүн; | ||
- өсүмдүк өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарбакер субъекттерге берилген кредиттер үчүн: | ||
1) сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; | ||
2) күнөскана чарбалары; | ||
3) интенсивдүү багбанчылык; | ||
4) органикалык айыл чарба өндүрүшү. | ||
- тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына берилген кредиттер үчүн | ||
4 | Жеңилдетилген мезгил | 1) 60 айда кайтарып берүү мөөнөтү менен берилген кредиттер боюнча карыздын негизги суммасына карата төгүм төлөөдөн 12 айга чейин толук бошотуу; |
2) 36 айда кайтарып берүү мөөнөтү менен берилген кредиттер боюнча карыздын негизги суммасына карата төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу |
3. Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн:
1) 150,0 (бир жүз элүү) миң сомго чейин кошуп алганда, 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо;
2) 1,0 (бир) миллион сомго чейин кошуп алганда, 36 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде.
14. Сугаруунун сууну үнөмдөө технологиясын - тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу ыкмаларын киргизүү каалаган өсүмдүк өстүрүүчүлүк категориясындагы айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн 10,0 (он) миллион сомго чейин кошуп алганда:
1) 36 айга чейинки мөөнөткө (бир жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн);
2) 60 айга (көп жылдык жемиш бактарын өстүрүү - багбанчылык менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн).
15. Күнөскана чарбасы менен алектенүүнү каалаган айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн 10,0 (он) миллион сомго чейин кошуп алганда, 60 айга чейинки мөөнөткө.
16. Интенсивдүү багбанчылык менен алектенүүнү каалаган айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрү үчүн 10,0 (он) миллион сомго чейин кошуп алганда, 60 айга чейинки мөөнөткө.
17. Органикалык айыл чарба өндүрүшү менен алектенүүнү каалаган айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн 10,0 (он) миллион сомго чейин кошуп алганда, 60 айга чейинки мөөнөткө.
18. Тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн 1,0 (бир) миллиондон 150,0 (жүз элүү) миллион сомго чейин кошуп алганда:
1) негизги каражаттарды сатып алууга 60 айга чейинки мөөнөткө;
2) 36 айга чейин - жүгүртүү каражаттары үчүн.
19. Коммерциялык банктарга өз чыгымдарынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөн убакыттан узагыраак жеңилдетилген мөөнөттү белгилөөгө уруксат берилет.
20. Кредит берүүдө артыкчылыктуу багыттар тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары менен келишимдери жана/же контракттары бар чарбакер субъекттер, ошондой эле айыл чарба продукцияларынын төмөнкүдөй 11 түрүн экспорттоого түзүлгөн келишимдери бар өндүрүүчүлөр болуп саналышат:
1) сүт;
2) эт;
3) жүн,
4) бал;
5) балык;
6) жашылча (пияз, сарымсак, томат, калемпир, капуста);
7) картошка;
8) жемиш өсүмдүктөрү (уруктуу, данектүү);
9) мөмөлөр (дан куурай, кулпунай, карагат);
10) техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки);
11) төө буурчак.
21. Ошондой эле кредит берүүдө белгиленген тартипте асыл тукум заводдун, асыл тукум фермасынын жана үрөн чарбасынын статусу берилген чарбакер субъекттер, ошондой эле кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъекттер артыкчылыктуу багыттар болуп саналышат.
22. Эгерде, потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо, алар "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кепилдик фонду" ААК) кепилдик алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2-глава. "Мал чарбачылыгы" категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар
23. Бул категория үчүн багытталуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпашы керек.
24. Бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарбакер субъекттер кирет:
1) бодо мал өстүргөн;
2) кой, эчки, жылкы, коён өстүргөн;
3) канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүргөн;
4) бал аары баккандар, анын ичинде бал жана аарынын момун өндүрүүчүлөр;
5) балык өстүргөн, балык питомниктерин жана балык фермаларын иштеткендер;
6) кыркын пункттарын жана кой-эчкилер үчүн жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу.
25. Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:
1) бодо мал: ала тоо, абердин-ангусс, карала, аулие-ата, галловей, голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц, топоздор жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;
2) кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гиссар жана меринос) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;
3) жылкылар (жаңы кыргыз, дон, таскактуу орус жылкысы, таза кандуу мингич жылкы).
26. Бул категориянын чарбакер субъекттери ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 1,0 (бир) миллион сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум малын жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алган, кыркын пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды курган жана жабдыган чарбакер субъекттер 10,0 (он) миллион сомго чейин кредит ала алышат.
27. Бул категориянын чарбакер субъекттери айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн бардык зарыл шарттарга, анын ичинде кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттарга ээ болушу керек.
28. Асыл тукум иштери менен алектенген жана асыл тукум малды өстүргөн чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ыйгарылган асыл тукум чарбасынын статусуна, ошондой эле асыл тукумдун баалуулугун тастыктаган документтерге (паспорт, асыл тукум малдын карточкасы, бонитировка журналы) ээ болууга тийиш.
Асыл тукум чарбадан асыл тукум малды сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин сатып алынган асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун күбөлөндүргөн документтери (паспорт, карта жана/же асыл тукум малдын күбөлүгү) болууга тийиш. Сатып алган тарап асыл тукум чарба статусуна ээ болууга милдеттүү эмес.
Башка мамлекеттен асыл тукум малды сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин сатып алынган асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун күбөлөндүргөн асыл тукум малдын күбөлүгү болууга тийиш.
Топоздорду сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер берүүчүдөн чарбалык китеп боюнча топоздордун башынын болушу жөнүндө маалымкатты алууга тийиш.
29. Юридикалык жак статусуна ээ болгон, өз продукцияларын Долбоорго катышкан, жеткирип берүүгө тамак-аш өнөр жай ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзгөн чарбакер субъекттер, ошондой эле асыл тукум мал сатуу менен байланышкан асыл тукум ишинин жүргүзгөн чарбакер субъекттери кезексиз кредит алуу укугуна ээ.
30. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында зарыл болгон учурда чарбакер субъекттер берген маалыматтардын тууралыгын тактоо үчүн кошуналарынан жана айылдаштарынан сурамжылоого укуктуу.
3-глава. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар
31. Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
32. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкүлөр кирет:
1) дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
2) техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
3) жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
4) мөмө жана жер-жемиш өстүрүү;
5) тоют үчүн көп жылдык чөптөрдү өстүрүү;
6) сугаруунун суу үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
7) күнөскана чарбасын жүргүзүү;
8) интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү;
9) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү.
33. Бул категориянын чарбакер субъекттери ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 1,0 (бир) миллион сомго чейин кредит ала алышат. Сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) өнүктүрүү, күнөскана чарбасы, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба менен алектенген чарбакер субъекттер 10 (он) миллион сомго чейин кредит ала алышат.
34. Бул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттер жеке менчигинде же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жерлери жана андай жерлердин бар экендигин күбөлөндүргөн документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.) болууга тийиш.
35. Сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып, жамгыр менен сугаруу) киргизүү, күнөскана чарбалары жана интенсивдүү багбанчылык менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерге суу үнөмдөөчү сугат технологияларынын жабдууларын жана көчөттөрдү сатып алуу боюнча документтерди берүү керек.
36. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн чарбакер субъекттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген органикалык айыл чарба субъектин каттоо жөнүндө күбөлүгү болушу керек, ошондой эле органикалык аймактын каттоосунда турууга тийиш.
37. Бул категориядагы артыкчылыктуу багыт экспорттук айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү каржылоо болуп саналат.
38. Юридикалык жактын статусу бар, өз продукцияларын жеткирип берүүгө долбоорго катышкан тамак-ашты кайра иштетүү ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзгөн чарбакер субъекттер кезексиз кредит алууда артыкчылыктуу укукка ээ.
4-глава. "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү" категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар
39. Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш.
40. "Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү" категориясына төмөнкүлөр кирет:
1) айыл чарба продукцияларын (дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, бодо малдын жана кой-эчкинин эти, териси, сүтү ж.б.) кайра иштетүү;
2) балык жана балык азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо;
3) жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервалоо;
4) өсүмдүк жана малдын майын өндүрүү;
5) айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
6) минералдык суу өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукцияларынан (анын ичинде айыл чарба продукцияларынын экинчи жолку иштетилүүчү чийки затынан) тамак-аш продуктуларын өндүрүү;
7) жашылча сактоо кампаларын кошо эсептегенде, айыл чарба продукцияларын таңгактоо, жыюу жана сактоо;
8) айыл чарба малы жана канаттуулар үчүн союу цехтери;
9) кийиз жана кийиз буюмдарын даярдоо;
10) айыл чарба продукцияларын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатып өткөрүүнү уюштуруу үчүн логистикалык борборлор.
41. Ишкердик субъекттер:
1) биринчи категориядагы субъекттер 20дан жогору жумуш орундары бар ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 150,0 (жүз элүү) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.
2) экинчи категориядагы субъекттер 20га чейинки жумуш орундары бар ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 10,0 (он) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.
42. Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле эмгек акы төлөө фонддорун каржылоону кошкондо өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Өндүрүштүк цикл - айыл чарба продукциясын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берген учурдан тартып, даяр продукция чыгарылганга, аны кампага, даярдоо пункттарына, соода-логистикалык борборлорго жана акыркы айыл чарба продукциясын кабыл алуучу башка жерлерге кабыл алынганга чейинки кайра иштетүү үчүн убакыттын календардык мезгили (күндөр, жумалар, айлар, жылдар).
Өндүрүштүк цикл тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан айыл чарба продукциясын кабыл алуу, сорттоо, кайра иштетүү, таңгактоо, маркалоо, сактоо, сертификациялоо, ташуу процесстерин камтыйт.
Өндүрүштүк цикл тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын даяр продукцияны үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүү каражаттары менен жабдуу процессин да камтыйт.
Эмгек акы төлөө фонддорун кредиттөө үчүн зайымчылар өндүрүлгөн продукция үчүн акы төлөө, иштин өзгөчө шарттары үчүн төлөм (ден соолук үчүн коркунучтуу материалдар менен иштөө, оор климаттык шарттарда иштөө) боюнча ведомостторду берет.
43. Бул категориянын чарбакер субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болууга жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодон өтүүгө тийиш.
44. Төмөнкү чарбалык субъекттер бул тармакта артыкчылыктуу болуп саналат:
1) экспорттоого багытталган айыл чарба продукцияларын өндүргөндөр;
2) айыл чарба продукцияларын (чийки заттарды) жеткирип турууга ушул Долбоорго катышкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен келишим жана/же контракттарды түзгөндөр.
45. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка финансылык-кредиттик уюмдардан каржылоо болгон учурда тамак-ашты кайра иштетүүчү ишканалардын ушул Долбоордун алкагында параллелдүү каржылануусуна жол берилет.
5-глава. Долбоорду ишке ашыруу
46. Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунушталуучу субсидиялоонун ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүп, республиканын облустарына бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү берүүлөрү керек, мында субсидиялоо ставкасы жылына 6,69 пайыздан ашпашы керек.
47. Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө калкты талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар кредит берүүнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мезгили/убакыты жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык банктардын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
48. Долбоордун алкагында субсидия алуу үчүн коммерциялык банктар ай сайын айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө беришет.
49. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиянын суммасын эсептешүү коэффициенттерине ылайык эсептейт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
50. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү айдын аягына чейин которулат.
51. Коммерциялык банктардын ишине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке ашырат.
52. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматты берип турушат.
6-глава. Субсидияларды эсептөө
53. Өсүмдүк өстүрүүнүн, мал чарбасынын, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн субъекттеринин пайыздык ставкалары боюнча субсидияларды берүүдө коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына 2020-жылдын 10 айы үчүн жарыяланган маалыматтарга ылайык коммерциялык банктардын ар ай сайын берилген кредиттин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан, субсидиялоонун ставкасы жылына 6,69 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 18,68. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 6,03 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы; бир бөлүгү - 5,57 эсептик коэффициенти боюнча 2022-жылы; бир бөлүгү - 3,78 эсептик коэффициенти боюнча 2023-жылы; бир бөлүгү - 2,29 эсептик коэффициенти боюнча 2024-жылы жана бир бөлүгү - 0,81 эсептик коэффициенти боюнча 2025-жылы которулат;
3) 48 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 15,34. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 6,00 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы, бир бөлүгү - 5,35 эсептик коэффициенти боюнча 2022-жылы, бир бөлүгү - 2,95 эсептик коэффициенти боюнча 2023-жылы жана бир бөлүгү - 1,04 эсептик коэффициент боюнча 2024-жылы которулат;
4) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 11,99. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 5,95 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы; бир бөлүгү - 4,59 эсептик коэффициенти боюнча 2022-жылы жана бир бөлүгү - 1,45 эсептик коэффициенти боюнча 2023-жылы которулат;
5) 18 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 6,97. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 5,67 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы; бир бөлүгү - 1,30 эсептик коэффициенти боюнча 2022-жылы которулат.
54. Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелип чыгат. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок 6,69 пайызды түзгөн субсидиялоонун ставкасы өзгөрүүсүз калат.
7-глава. Субсидияларды которуу
55. Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга беш транш менен которулат, анын ичинен:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан өткөн айда иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, субсидиялар ар бир айдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
56. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда төлөгөн зайымчылардын санын, суммасын жана датасын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер кошулбаган өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтардын аныктыгына жоопкерчилик тартышат.
8-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
57. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды башка максатка пайдалануу тобокелдиги бар.
58. Аталган тобокелдикти азайтууну коммерциялык банктар белгиленген тартипте ишке ашырат.
59. Кредиттик каражаттардын башка максатка пайдаланган фактысы белгилүү болсо, коммерциялык банктар тиешелүү актыны түзүп, зайымчыдан кредиттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредитти алган күндөн тартып жылына 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставканы коюуга тийиш. Мында, мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурлардан тышкары коммерциялык банктар субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
60. Коммерциялык банктар тарабынан субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы субсидиялануучу кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча коммерциялык банктардын ишин белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;
2) Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине отчётторду беришет;
3) коммерциялык банктар тарабынан субсидияланган кредиттик каражаттарды атайылап башка максатта пайдаланган фактысы табылган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидиянын траншына айыпты (которгон күндөн баштап) жылына 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставка боюнча эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айыптардын жана субсидиялардын которулган транштарынын суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине субсидиялардын башка максатка пайдаланылган фактысы аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайтарылып берилүүсү керек.
61. Зайымчы кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда, республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди субсидиялоо боюнча тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, оңдоо жана кайтаруу механизмин караштырат.
62. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокелдиги:
1) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ай аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияны которуу тартибине ылайык которот;
2) субсидиянын экинчи жана кийинки транштарын төлөп берүү үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралган.
63. Кредиттик каражаттарды толук өздөштүрбөө тобокелдиги:
1) Долбоорго коммерциялык банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жалпы көлөмү гана чектелет;
2) коммерциялык банктар фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмин пайдаланууга укуктуу.
64. Табигый катаклизмдерден улам зайымчылар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдиги келип чыккан учурда коммерциялык банктар аны азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте чараларды көрүшөт.
9-глава. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
65. Коммерциялык банктар кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга төмөнкүдөй мониторинг жүргүзүшөт:
1) Зайымчылар кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкүдөй документтердин бирин (эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар, чектер, төлөгөндүгү тууралуу алынган квитанциянын дүмүрчөгү, чарбалык китепте малдын бар экендиги жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкаты жана айыл аймагынын жеке практика жүргүзүүчү ветеринардык врачы тарабынан берилген № 1 ветеринардык маалымкат) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;
2) зайымчыдан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчётту алгандан кийинки 3 айдын ичинде коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчётту түзүү менен жерине барып мониторинг жүргүзүшөт.
66. Зайымчылар коммерциялык банктарга кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастаган төмөнкүдөй документтердин бирин берүүгө милдеттүү:
1) эсеп-фактуранын көчүрмөсү, коштомо кагаздар, чектер, төлөгөндүгү тууралуу алынган квитанциянын дүмүрчөгү, чарбалык китепте малдын бар экендиги жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкаты жана зайымчынын жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн милдеттүү белгиси менен практика жүргүзүүчү ветеринардык врач тарабынан берилген № 1 ветеринардык маалымкат;
2) айыл чарба продукцияларынын экспортун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (продукцияларды экспорттоочу чарба субъекттери үчүн);
3) сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөгөндүгүн ырастаган документтеринин, контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчёт менен кошо берилүүгө тийиш);
4) айыл чарба продукцияларын (чийки зат) жеткирүүгө юридикалык жак статусуна ээ болгон мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү категориясындагы чарбакер субъекттердин, Долбоорго катышкан тамак-ашты кайра иштетүүчү ишканалардын ортосундагы контракттардын/келишимдердин; ошондой эле мал чарба, өсүмдүк өстүрүү категориясындагы чарбакер субъекттер тарабынан айыл чарба продукцияларын тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына (чийки зат) сатуу тууралуу эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын же тастыктоочу төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
5) Долбоорго катышкан тамак-ашты кайра иштетүү ишканаларынын жана юридикалык жактын статусуна ээ болгон мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү категориясындагы жергиликтүү чарбакер субъекттердин ортосунда айыл чарба продукциясын (чийки затты) жеткирип берүүгө түзүлгөн контракттардын/келишимдердин; ошондой эле тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү категориясындагы чарбакер субъекттерден көчүрмөлөрү айыл чарба продукциясын (чийки затты) сатып алуу жөнүндө эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын же акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү.
67. Зайымчылар кредиттерди максаттуу пайдалангандыгын тастыктаган башка документтерди дагы берүүгө милдеттүү.
68. Төмөнкү учурларда:
1) кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иш-чараларды өткөрүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда көп убакыт өтүп кеткен болсо, кредит берилген күнгө чейинки эки айдан эрте эмес таризделген дата менен жүйөлүү документтерди кабыл алууга жол берилет;
2) жеке жак статусуна ээ болгон адамдардын ортосунда үрөндү, минералдык жер семирткичтерди, КММны сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү, ошондой эле техника менен кызмат көрсөтүү боюнча бүтүмдөр түзүлсө, сатуучунун акча каражатын алгандыгы жөнүндө тил катын милдеттүү тиркөө менен жана аталган тил катта паспорттогу маалыматтарды, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/кызмат көрсөтүүнүн санын, сортторун көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн башчысы күбөлөндүргөн сатуу-сатып алуу контракты келишими же кызмат көрсөтүүгө контракт/келишим актоочу документ боло алат;
3) алыскы айылдардын тургундары КММны биргелешип ыйгарым укуктуу адам аркылуу сатып алышса, мындай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто КММны биргелешип алгандыгы көрсөтүлөт жана автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
10-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
69. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануулары жөнүндө жалпыланган маалыматты беришет (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин):
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
2) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн өндүрүштүн, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин жана кайра иштетүү (кайра иштетүү) ишканаларынын саны;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ийгиликтүү иштеп жаткан ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
4) мурда иштебей токтоп турган, кайра ишке киргизилген ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
5) өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмү;
6) экспорттун жалпы көлөмү;
7) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жабдууларды сатып алууга пайдаланылган финансы каражаттарынын саны, түрү жана суммасы;
8) Долбоордун алкагында кайра иштетүү ишканаларына тапшырылган айыл чарба продукцияларынын көлөмү.