Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 549
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-февралындагы № 34 "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын “13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-февралындагы № 34 "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорунда:
- 13-пункттун 1, 2-пунктчалары "150,0 (бир жүз элүү) миң сомго чейин", "1,0 (бир) миллион сомго чейин" деген сөздөрдөн кийин "кошуп алганда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттун биринчи абзацы, 15-17-пункттар "10,0 (он) миллион сомго чейин" деген сөздөрдөн кийин "кошуп алганда " деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн 1,0 (бир) миллиондон 150,0 (жүз элүү) миллион сомго чейин кошуп алганда:";
- 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Асыл тукум чарбадан асыл тукум малды сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин сатып алынган асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун күбөлөндүргөн документтери (паспорт, карта жана/же асыл тукум малдын күбөлүгү) болууга тийиш. Сатып алган тарап асыл тукум чарба статусуна ээ болууга милдеттүү эмес.
Башка мамлекеттен асыл тукум малды сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин сатып алынган асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун күбөлөндүргөн асыл тукум малдын күбөлүгү болууга тийиш.
Топоздорду сатып алуу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер берүүчүдөн чарбалык китеп боюнча топоздордун башынын болушу жөнүндө маалымкатты алууга тийиш.";
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып, жамгыр менен сугаруу) киргизүү, күнөскана чарбалары жана интенсивдүү багбанчылык менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерге суу үнөмдөөчү сугат технологияларынын жабдууларын жана көчөттөрдү сатып алуу боюнча документтерди берүү керек.";
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле эмгек акы төлөө фонддорун каржылоону кошкондо өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Өндүрүштүк цикл - айыл чарба продукциясын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берген учурдан тартып, даяр продукция чыгарылганга, аны кампага, даярдоо пункттарына, соода-логистикалык борборлорго жана акыркы айыл чарба продукциясын кабыл алуучу башка жерлерге кабыл алынганга чейинки кайра иштетүү үчүн убакыттын календардык мезгили (күндөр, жумалар, айлар, жылдар).
Өндүрүштүк цикл тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан айыл чарба продукциясын кабыл алуу, сорттоо, кайра иштетүү, таңгактоо, маркалоо, сактоо, сертификациялоо, ташуу процесстерин камтыйт.
Өндүрүштүк цикл тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын даяр продукцияны үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүү каражаттары менен жабдуу процессин да камтыйт.
Эмгек акы төлөө фонддорун кредиттөө үчүн зайымчылар өндүрүлгөн продукция үчүн акы төлөө, иштин өзгөчө шарттары үчүн төлөм (ден соолук үчүн коркунучтуу материалдар менен иштөө, оор климаттык шарттарда иштөө) боюнча ведомостторду берет.";
- 64-пункттагы "өз алдынча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 65-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Зайымчылар кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкүдөй документтердин бирин (эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар, чектер, төлөгөндүгү тууралуу алынган квитанциянын дүмүрчөгү, чарбалык китепте малдын бар экендиги жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкаты жана айыл аймагынын жеке практика жүргүзүүчү ветеринардык врачы тарабынан берилген № 1 ветеринардык маалымкат) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;";
- 66-пункттун биринчи абзацы, 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Зайымчылар коммерциялык банктарга кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастаган төмөнкүдөй документтердин бирин берүүгө милдеттүү:
1) эсеп-фактуранын көчүрмөсү, коштомо кагаздар, чектер, төлөгөндүгү тууралуу алынган квитанциянын дүмүрчөгү, чарбалык китепте малдын бар экендиги жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкаты жана зайымчынын жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн милдеттүү белгиси менен практика жүргүзүүчү ветеринардык врач тарабынан берилген № 1 ветеринардык маалымкат;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |