Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-декабры № 635
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Акаев, А.Нурбаев, К.Керезбеков жана М.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 635 токтому менен жактырылган |
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Акаев. А.Нурбаев, К.Керезбеков жана М.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 101-беренесине мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн ижара акысын республикалык бюджеттин кирешесине Кодекстин колдонуудагы ченемдеринде каралган 100 пайыздын ордуна 30 пайыз өлчөмүндө төлөй тургандыгы, ал эми калган 70 пайызы ижарага берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, ошондой эле аталган уюмдардын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоого пайдаланыла тургандыгы жөнүндө ченемдерди караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
1. Өкмөт андан ары пайдалануу үчүн ижара акысынан түшкөн каражаттардын 70 пайызы мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кайсы эсебине түшө тургандыгы так эмес экендигин белгилейт. Бюджеттик мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине ылайык аталган каражаттарды мамлекеттик билим берүү уюмдарынын атайын эсебине которуу зарылдыгы пайда болот.
Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык бюджеттик ресурстардын администраторлору бюджеттин ресурстарын Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз которууну камсыз кылууга тийиш, Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсеби болот, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын операциялары чагылдырылат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнө тургандыгы каралган. Жогоруда аталган берененин 6-бөлүгүнүн 2-пунктунун ченемдерине ылайык атайын эсептерде мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр, демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөр, көзөмөлчүлүк төлөмдөр, кайрымдуулук же гранттык жардам, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр, өздүк чыгарылган товарларды сатуудан каражаттар түрүндө түшүүлөр эсепке алынат.
Демек мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн ижара акысынын каражаттарынын 70 пайызынын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын атайын эсебине түшкөнү туура эмес.
2. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси кабыл алынгандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине түшкөн ижара төлөмдөрүнөн каражаттардын 70 пайызын мамлекеттик билим берүү уюмдарына бөлүү жол-жобосу татаалдашкандыгы көрсөтүлгөн.
Бирок республикалык бюджеттин кирешесине түшүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн ижара акысынын каражаттарынын 70 пайызын которуу бардык бюджеттик мекемелер үчүн кандайдыр бир артыкчылыктарсыз бирдиктүү жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда каралган мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн ижара акысын республикалык бюджеттин кирешесине Кодекстин колдонуудагы ченемдеринде каралган 100 пайыздын ордуна 30 пайыз өлчөмүндө төлөй тургандыгы жөнүндө ченемдер саламаттык сактоо, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик уюмдарга, ошондой эле башка бюджеттик мекемелерге карата дискриминациялоо болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Ошентип Мыйзамдын долбоору менен сунушталган ченем Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын бирдей принциптерине каршы келет.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин аталган Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырылган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Муну менен бирге каралуучу Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат негиздеме-маалым катта көрсөтүлгөн эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.