Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 31-декабры № 642
"1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна эки жылдык өткөөл мезгили менен Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 642 токтому менен жактырылган |
1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусунун максаты эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипажынын иштөө жана эс алуу режимин ченемдөө жана контролдоо аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет.
Транспорт каражаттарынын экипажынын иштөө жана эс алуу режимин ченемдөө жана контролдоо ылдамдыкты, айдоочулардын жана экипаж мүчөлөрүнүн иштөө жана эс алуу режимин каттоо үчүн арналган транспорт каражатынын бортуна орнотулган тахограф - контролдоочу түзүлүштүн жардамы менен жүргүзүлөт.
Макулдашууга ылайык айдоочулардын жана экипаж мүчөлөрүнүн иштөө жана эс алуу мезгилдеринин сакталышын аныктоо, контролдоочу түзүлүштөргө, мындай түзүлүштөрдү орнотуу жана инспекциялоо боюнча устаканаларга коюлуучу техникалык талаптар белгиленген. Андан тышкары, Макулдашуунун негизинде компетенттүү органдар тарабынан айдоочулардын иш убактысын контролдоо талаптары аныкталган.
Макулдашуу 1976-жылдын 5-январында күчүнө кирген жана кошулуу үчүн ачык. Макулдашуунун жоболоруна ылайык эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна кошулуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына "Кошулуу жөнүндө документти" - расмий өтүнүчтү берүү зарыл.
Макулдашуу ар бир мамлекетте ага кошулуу жөнүндө документти сактоого тапшырган учурдан тартып 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул мезгилге карага ар бир өлкө Макулдашуунун жоболорун аткарууга даяр болушу керек. Ошол эле учурда, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын эске алуу менен Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жана жоболорду толук көлөмдө аткаруу үчүн 180 күндөн көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу Макулдашуунун жоболорун жана ченемдерин сактоого зарыл болгон мыйзамдарды жана инфраструктураны даярдоо үчүн эки жылдык өткөөл мезгил алуу пландалууда.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын аталган Макулдашууга кошулуусу кандайдыр бир терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.