Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-февралы № 37
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Соттолгондорго жолугушууларды берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси "Узак убакыт жолугушуу бөлмөсү үчүн зарыл эмерек жана буюмдар" главасынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы "Кыска убакыт жолугушуу бөлмөлөрү үчүн эмерек жана буюмдар" главасы менен толукталсын:
"Кыска убакыт жолугушуу бөлмөлөрү үчүн эмерек жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | 4 орундуу тамактануу столу | Даана | 1 | (*) |
2 | Отургуч | Даана | 4 | (*) |
3 | Дубалга тагылуучу илгич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | Карниз | Даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Парда | Даана | 2 | Бөлмөгө |
6 | Саат | Даана | 1 | Бөлмөгө |
7 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Желдеткич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Жуунгуч | Даана | 1 | Бөлмөгө |
10 | Шыпыргы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
11 | Чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
12 | Пол жууган чүпүрөк | Даана | 1 | Бөлмөгө |
13 | Таштанды үчүн чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
(*) Эскертүү: Жолугушууга келгендердин санына жараша эмеректердин санын көбөйтүүгө уруксат берилет.
Кыска убакыт жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмөлөр кошумча чай чайнеги, идиш-аяк, ашкана приборлору, электр чайнеги, микротолкундуу меш, телевизор менен камсыздалат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 12 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |