Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-декабры № 864
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдардын кийим-кечегин оңдоо боюнча материалдардын чыгымдалышынын минималдуу ченемдери 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонуу боюнча көрсөтмө 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери үчүн самын жана кир жуугуч каражаттардын берилишинин минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин эмеректер, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2015-жылдын 31-декабрында № 23-24 (500-501) жарыяланды
Премьер-министри |
| Т.Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон эркектерди кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери(1)
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Берүү учурунда колдонгон эскертүүнүн номери |
1 | Жасалма тери кулакчындуу тумак | 1 д. | 3 жыл |
|
2 | Жайкы баш кийим | 1 д. | 2,5 жыл |
|
3 | Кебез жарым пальто (фуфайка) | 1 д. | 4 жыл |
|
4 | Кебез күрмө | 2 комплект | 2 жыл |
|
5 | Шым | 1 д. | 2 жыл |
|
6 | Үстүңкү көйнөк | 2 д. | 2 жыл |
|
7 | Майкалар | 2 д. | 2 жыл |
|
8 | Трусы | 2 д. | 2 жыл |
|
9 | Байпак | 3 жуп | 1 жыл |
|
10 | Жылуу байпак | 1 жуп | 1 жыл | 1 |
11 | Өтүк же таманы резина ботинке | 1 жуп | 1 жыл | 2 |
12 | Үй тапичке | 1 жуп | 2 жыл |
|
13 | Көйнөк жана кальсон | 1 комплект | 2 жыл | 3 |
Эскертүү:
1. Чулгоо менен алмаштырса болот.
2. Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот.
3. Ич көйнөк жана кальсон 60 жаштан ашкан адамдарга берилет.
_________________
(1) Бул ченем боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрүндө жаза өтөөгө жиберилген, ошондой эле медициналык мекемелерде чарбалык жумуштарга пайдаланууга тартылган соттолгондор камсыздалышат.
Бул ченемде каралган кийим-кече жана бут кийим айып изоляторлорунда, узак мөөнөттүү жолугушууда жана чарбалык жумуштарды аткарган соттолгондорду кийинтүү үчүн жалпы соттолгондордун 7% кошумча бөлүнүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон аялдарды кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери(1)
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Берүү учурунда колдонулуучу эскертүүнүн номери |
1 | Жарым жүндүү жоолук | 1 д. | 2 жыл |
|
2 | Косынка | 1 д. | 2 жыл |
|
3 | Кебез жарым пальто (фуфайка) | 1 д. | 3 жыл |
|
4 | Көйнөк костюм | 1 д. | 2 жыл |
|
5 | Көйнөк | 1 д. | 1 жыл |
|
6 | Блузка | 1 д. | 1 жыл |
|
7 | Халат | 1 д. | 2 жыл |
|
8 | Ич көйнөк | 1 д. | 2 жыл |
|
9 | Панталон | 4 д. | 1 жыл |
|
10 | Бюстгальтер | 2 д. | 1 жыл |
|
11 | Байпак | 2 жуп | 1 жыл |
|
12 | Узун байпак (колготки) | 2 жуп | 1 жыл |
|
13 | Өтүк же таманы резина ботинке | 1 жуп | 2 жыл | 1 |
14 | Туфли | 1 жуп | 2 жыл |
|
15 | Үй тапичке | 1 жуп | 2 жыл |
|
16 | Ичтелген күрмө (күзгү) | 1 д. | 2 жыл |
|
17 | Ич көйнөк | 1 д. | 2 жыл | 2 |
Эскертүү:
1. Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот.
2. Ич көйнөк 60 жаштан ашкан адамдарга берилет.
________________
(1) Бул ченем боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрүндө жаза өтөөгө жиберилген, ошондой эле медициналык мекемелеринде чарбалык жумуштарда пайдаланууга тартылган соттолгондор камсыздалышат.
Бул ченемде каралган кийим-кече жана бут кийим айып изоляторлорунда, узак мөөнөттүү жолугушууда жана чарбалык жумуштарды аткарган соттолгондорду кийинтүү үчүн жалпы соттолгондордун 7% кошумча бөлүнүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда кармалган жана түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорду кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери(1)
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Берүү учурунда колдонулуучу эскертүүнүн номери | |
Эркектер | Аялдар | ||||
1 | Жасалма тери кулакчындуу тумак | 1 д. |
| 3 жыл |
|
2 | Жайкы баш кийим | 1 д. |
| 3 жыл |
|
3 | Жарым жүндүү жоолук |
| 1 д. | 3 жыл |
|
4 | Косынка |
| 1 д- | 1 жыл |
|
5 | Кебез жарым пальто (фуфайка) | 1 д. | 1 д. | 3 жыл |
|
6 | Кебез күрмө | 1 комп. |
| 1 жыл |
|
7 | Көйнөк |
| 2 д. | 1 жыл |
|
8 | Көйнөк жана кальсон | 1 комп. |
| 1 жыл | 2 |
9 | Майка | 2 д. |
| 1 жыл |
|
10 | Трусы | 2 д. |
| 1 жыл |
|
11 | Дене көйнөк |
| 2 д. | 1 жыл |
|
12 | Панталон |
| 2 д. | 1 жыл |
|
13 | Бюстгальтер |
| 2 д. | 1 жыл |
|
14 | Колготки |
| 2 жуп | 1 жыл |
|
15 | Байпак | 2 жуп |
| 1 жыл |
|
16 | Өтүк же таманы резина ботинке | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл | 1 |
17 | Үй тапичке | 1 жуп | 1 жуп | 2 жыл |
|
Эскертүү:
1. Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот.
2. 60 жаштан ашкан эркектерге, 55 жаштан ашкан аялдарга берилет.
______________
(1) Тергөө изоляторунда кармалган сот алдындагыларга кийим-кече өздөрүнүн кийими жокто гана берилет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун тарбиялоо колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жашы эрезеге жете электерди кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | |
Эркек балдар | кыздар | |||
1 | Жасалма тери кулакчындуу тумак | 1 д. |
| 2,5 жыл |
2 | Жарым жүн жоолук |
| 1 д. | 2 жыл |
3 | Фетр берети | 1 д. |
| 2,5 жыл |
4 | Косынка |
| 1 д. | 1 жыл |
5 | Ичтелген күрмө | 1 д. | 1 д. | 2 жыл |
6 | Кебез жарым пальто (фуфайка) | 1 д. | 1 д. | 3 жыл |
7 | Кебез күрмө (күрмө, шым жана баш кийим) | 2 комп. |
| 2 жыл |
8 | Жумушчу костюм | 1 комп. |
| 1 жыл |
9 | Көйнөк |
| 2 д. | 1 жыл |
10 | Юбка |
| 1 д. | 1 жыл |
11 | Үстүңкү көйнөк | 2 д. |
| 1 жыл |
12 | Блузка |
| 1 д. | 1 жыл |
13 | Халат |
| 1 д. | 1 жыл |
14 | Майка | 2 д. | 1 д. | 1 жыл |
15 | Трусы | 2 д. | 2 д. | 1 жыл |
16 | Дене көйнөк |
| 2 д. | 1 жыл |
17 | Панталон |
| 3 д. | 1 жыл |
18 | Бюстгальтер |
| 2 д. | 1 жыл |
19 | Байпак | 4 жуп | 2 жуп | 1 жыл |
20 | Узун байпак (колготки) |
| 2 жуп | 1 жыл |
21 | Шымдын куру | 1 д. |
| 1 жыл |
22 | Кирза ботинке | 1 жуп |
| 1 жыл |
23 | Кирза жарым өтүк |
| 1 жуп | 2 жыл |
24 | Туфли | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл |
26 | Үй тапичке | 1 жуп | 1 жуп | 1 жыл |
27 | Спорттук тапичке | 1 жуп | 1 жуп | 2 жыл |
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорду төшөнчү менен камсыз кылуу ченемдери
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Пайдалануу мөөнөтү |
1 | Жарым жүн жууркан | 1 д. | 3 жыл |
2 | Кебез матрац | 1 д. | 4 жыл |
3 | Кебез жаздык | 1 д. | 4 жыл |
4 | Шейшеп | 3 д. | 2 жыл |
5 | Сырткы жаздык кап | 2 д. | 2 жыл |
6 | Сүлгү | 2 д. | 1 жыл |
7 | Гигиеналык сүлгү (аялдарга берилет) | 1 д. | 1 жыл |
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан соттолгондорду кийим-кече жана буюмдар менен камсыз кылуу ченемдери(1)
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Пайдалануу мөөнөтү | Берүү учурунда колдонулуучу эскертүүнүн номери |
1 | Дене көйнөк жана кальсон | 2 комплект | 1 жыл | 1 |
2 | Байпак | 2 жуп | 1 жыл | 2 |
3 | Халат | 1 д. | 3 жыл |
|
4 | Жууркан | 1 д. | 3 жыл |
|
5 | Кебез матрац | 1 д. | 3 жыл |
|
6 | Кебез жаздык | 1 д. | 4 жыл |
|
7 | Шейшеп | 2 д. | 1 жыл | 3 |
8 | Сырткы жаздык кап | 2 д. | 1 жыл |
|
9 | Сүлгү | 2 д. | 1 жыл | 4 |
10 | Тапичке | 1 жуп | 1 жыл |
|
Эскертүү:
1. Аялдарга 1 жылда ич көйнөк жана панталон 2 даанадан берилет.
2. Аялдарга 1 жылга байпак (колготки) 2 жуп берилет.
3. Кургак учук, тери жана операциядан кийинки бейтаптарга 1 жылга 3 шейшеп берилет.
4. Аялдарга 1 жылга кошумча 1 гигиеналык сүлгү берилет.
_________________
(1) Бул ченемге кошумча эпидемиялык фондго соттолгондордун тизме боюнча санынан 5% өлчөмүндө жууркан-төшөк жана ич кийим бөлүнүп берилет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин төрөт бөлүмдөрүн буюмдар менен жабдуу ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Пайдалануу мөөнөтү |
1 | Ич көйнөк | 4 д. | 3 жыл |
2 | Бюстгальтер | 2 д. | 2 жыл |
3 | Жылуу халат | 1 д. | 5 жыл |
4 | Узун байпак | 2 жуп | 1 жыл |
5 | Шейшеп | 4 д. | 3 жыл |
6 | Сырткы жаздык каптар | 6 д. | 3 жыл |
7 | Ички жаздык каптар | 1 д. | 2 жыл |
8 | Сүлгү | 4 д. | 3 жыл |
9 | Распашонка | 8 д. | 2 жыл |
10 | Жалаяктар | 40 д. | 3 жыл |
11 | Балдардын шейшеби | 4 д. | 3 жыл |
12 | Балдардын жаздык каптары | 8 д. | 3 жыл |
13 | Төрөт бөлмөлөрүнүн шейшептери | 2 д. | 2 жыл |
14 | Жарым жүн жууркан | 1 д. | 5 жыл |
15 | Байк жууркан | 1 д. | 5 жыл |
16 | Кебез жаздык | 2 д. | 5 жыл |
17 | Балдар матрацы | 1 д. | 5 жыл |
18 | Балдар байк жууркан | 1 д. | 3 жыл |
19 | Үй тапичке | 1 жуп | 1 жыл |
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде кармалган төрөгөнгө чейинки өргүүдө болгон кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди кийим-кече жана буюмдар менен камсыз кылуу ченемдери
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Пайдалануу мөөнөтү | Берүү учурунда колдонулуучу эскертүүнүн номери |
1 | Аялдардын ич көйнөгү | 3 д. | 1 жыл |
|
2 | Бюстгальтер | 3 д. | 2 жыл |
|
3 | Жылуу халат | 2 д. | 2 жыл |
|
4 | Жүн байпак | 2 жуп | 1 жыл |
|
5 | Шейшептер | 3 д. | 2 жыл |
|
6 | Сырткы жаздык каптар | 3 д. | 2 жыл |
|
7 | Ички жаздык каптар | 1 д. | 4 жыл |
|
8 | Жууркан каптар | 3 д. | 2 жыл |
|
9 | Косынка | 3 д. | 2 жыл |
|
10 | Сүлгү | 2 д. | 1 жыл |
|
11 | Мончо сүлгүсү | 1 д. | 1 жыл |
|
12 | Кебез матрац | 1 д. | 5 жыл |
|
13 | Кебез жаздык | 1 д. | 10 жыл |
|
14 | Жарым жүн жууркан | 1 д. | 5 жыл |
|
15 | Байк жууркан | 1 д. | 5 жыл |
|
16 | Фартук | 1 д. | 1 жыл | 1 |
17 | Тапичке | 1 жуп | 1 жыл |
|
18 | Стол жапкыч клеенка | 0,3 метр | 1 жыл |
|
Эскертүү: Бала эмизген аялдарга берилет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги балдар үйүндөгү балдарды кийим-кече, бут кийим жана жумшак буюмдар менен камсыз кылуу ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | Өлчөө бирдиги | 1 жашка чейин | 2 жашка чейин | 2ден 3 жашка чейин | |||
1 койкага буюм саны | Пайдалануу мөөнөтү жыл | 1 койка га буюм саны | Пайдалануу мөөнөтү жыл | 1 койкага буюм саны | Пайдалануу мөөнөтү жыл | |||
Ич кийим, сүлгү | ||||||||
1 | Ич кийим, майка, распашонка | д. | 20 | 3 | 10 | 3 | 10 | 3 |
2 | Ич кофта, пижама, түнкү ич кийим | д. | 12 | 3 | 15 | 3 | 6 | 3 |
3 | Ползунка, трусы, трико (жылуу) | д. | 20 | 3 | 20 | 3 | 10 | 2 |
4 | Ползунка, грусы, трико (жайкы) | д. | 20 | 3 | 20 | 3 | 10 | 2 |
5 | Балдардын шейшеби | д. | 7 | 3 | 8 | 4 | 8 | 4 |
6 | Жайкы жалаяк | д. | 25 | 3 | 10 | 3 | 10 | 2 |
7 | Жылуу жалаяк | д. | 25 | 4 | 10 | 4 |
|
|
8 | Балдардын жууркан кабы | д. | 8 | 3 | 8 | 4 | 5 | 4 |
9 | Сырткы жаздык кап | д. | 6 | 3 | 6 | 3 | 6 | 3 |
10 | Ички жаздык кап | д. | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
11 | Балдардын сүлгүсү | д. | 4 | 2 | 8 | 3 | 8 | 3 |
12 | Косынка, чепчик | д. | 6 | 3 | 6 | 3 | 6 | 3 |
Кийим-кече жана бут кийим | ||||||||
1 | Жылуу костюм (көйнөк) | д. |
|
| 6 | 3 | 6 | 3 |
2 | Жайкы костюм (көйнөк) | д. |
|
| 8 | 3 | 8 | 3 |
3 | Фартук | д. |
|
| 3 | 2 | 3 | 2 |
4 | Байпак, гольфтор | жуп | 5 | 1 | 10 | 1 | 10 | 1 |
5 | Колготки | д. |
|
| 20 | 1 | 12 | 1 |
6 | Жүндөн токулган жарым жүндүү свитер, жакет, кофта | д. | 2 | 3 | 2 | 4 | 2 | 4 |
7 | Күзгү-жазгы пальто | д. |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
8 | Кышкы пальто | д. |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
9 | Жайкы баш кийим (панамка, пилотка) | д. |
|
| 3 | 3 | 3 | 3 |
10 | Балдардын түктүү тумагы | д. |
|
| 1 | 3 | 1 | 3 |
11 | Жүндөн токулган тумак | д. | 1 | 2 | 1 | 2 | 2 | 2 |
12 | Моюн орогуч, кашне | д. |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
13 | Мээлей | жуп |
|
| 2 | 2 | 3 | 3 |
14 | Жүн байпак | жуп | 4 | 2 | 3 | 2 | 2 | 2 |
15 | Туфли | жуп |
|
| 2 | 1 | 2 | 0,5 |
16 | Ботинке | жуп | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
17 | Ботинке, жылуулатылган өтүк | жуп |
|
| 1 | 2 | 1 | 1 |
18 | Майрамдык жылуу костюм (көйнөк) | д. |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
19 | Майрамдык жайкы костюм (көйнөк) | д. |
|
| 1 | 2 | 1 | 2 |
20 | Майрамдык бут кийим (чешки) | жуп |
|
|
|
| 1 | 1 |
Жууркан-төшөк жана башка материалдар | ||||||||
1 | Балдардын матрацы | д. | 2 | 4 | 2 | 4 | 2 | 4 |
2 | Балдардын жылуу кебез жуурканы | д. | 2 | 4 | 2 | 4 | 1 | 3 |
3 | Балдардын жарым жүн жуурканы | д. | 2 | 5 | 2 | 5 | 2 | 5 |
4 | Жаздык | д. | 2 | 4 | 2 | 4 | 2 | 4 |
5 | Идиш сүлгүсү | д. | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Салфетка | д. | 10 | 1 | 10 | 1 | 10 | 1 |
7 | Киргендер үчүн халат | д. | 1 | 3 | 1 | 3 | 1 | 3 |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу соттолгондорду кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери
Эркектер үчүн
№ | Буюмдардын аталышы | Саны | Эскертүү |
1 | Кепка (жайкы баш кийим) | 1 даана | Кийим-кече буюмдары сезонго жараша берилет |
2 | Кышкы тумак | 1 даана | |
3 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
4 | Жемпир, свитер | 1 даана | |
5 | Шым | 1 даана | |
6 | Футболка | 1 даана | |
7 | Майка | 1 даана | |
8 | Трусы | 1 даана | |
9 | Кебезден токулган байпак | 1 жуп | |
10 | Бут кийим | 1 жуп |
Кыз-келиндер үчүн
№ | Буюмдардын аталышы | Саны | Эскертүү |
1 | Жарым жүн жоолук | 1 даана | Кийим-кече буюмдары сезонго жараша берилет |
2 | Кышкы күрмө | 1 даана | |
3 | Көйнөк | 1 даана | |
4 | Кышкы тумак | 1 даана | |
5 | Чолок пальто | 1 даана | |
6 | Ич көйнөк | 1 даана | |
7 | Бюстгальтер | 1 даана | |
8 | Панталон | 1 даана | |
9 | Узун байпак (колготки) | 1 даана | |
10 | Кебезден токулган байпак | 1 даана | |
11 | Көйнөк | 1 даана | |
12 | Бут кийим | 1 даана |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдардын кийим-кечегин оңдоо боюнча материалдардын чыгымдалышынын МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Материалдын аталышы | Жылына 1 адамга жумшалган материалдын саны |
Пластрезин таман | 2 жуп |
Пластрезинадан така | 2 жуп |
Кебез жип | 2,5 түрмөк |
Кендир жип | 20 гр. |
Така мыктары | 20 гр. |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонуу боюнча КӨРСӨТМӨ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
Кийим-кече жана буюмдар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды камсыз кылуу үчүн дайындалат, камсыздоочу орган тарабынан табыштама боюнча даяр түрдө берилет. Айрым учурларда мекемелердин суроосу боюнча кийим тигүүгө камсыздоочу орган материал бере алат. Кийим-кече тиккенде тигүүчү-ишканалар ал буюмдарга тиешелүү стандартты (техникалык шарттарды) сакташы керек.
Кийим-кече кийүү мөөнөттөрү алар берилген күндөн баштап эсептелет. Кийинки бөлүү зарылдыгына жараша, бирок кийүү мөөнөтүнөн эрте эмес берилет. Пайдаланууга берилген бардык буюмдарга бекитилген тартипте эн тамга коюлушу керек.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын кийими же бут кийими пайдалануу мөөнөтүнөн мурда эскирсе же буюмдар жоголгон учурда аларга жаңы буюмдар мекеменин жетекчилигинин тапшырыгы боюнча кызматтык текшерүүнүн материалдарынын жана жеке арыздын негизинде берилет.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгондор жана камакка алынган адамдар бир мекемеден башкага которулганда, алар кийип жүргөн кийими жана бут кийими менен кетишет. Зарылдык чыкканда сезонго жараша камсыздоо ченемдерине жана пайдалануу мөөнөтүнө ылайык буюмдар берилет.
Тарбиялоо колониясынан түзөтүү мекемесине которулуп жаткан соттолгондор өздөрүнүн буюмдарынын ичинен сезонго жараша кийими жана бут кийим менен камсыздалышат. Башка жаза өтөө жайына жазасын өтөөгө келгенде соттолгондорго тиешелүү үлгүдөгү кийим-кече берилет, ал эми мурунку берилген кийимдер алынып, тартипке келтирилип, кайра берилет.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу, сезонго жараша зарыл болгон кийими, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаты жок адамдар ушул токтом менен белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик каражаттын эсебинен жарандык үлгүдөгү кийим-кече менен камсыздалат.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Соттолгон эркектер үчүн:
1.1. Кышкы баш кийим:
Кышкы баш кийим кырбуудан, колпактан жана төбөдөн турат. Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) кара түстөгү жасалма түктөн турат. Колпак төрт кырдуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч кара-көгүш ноотудан тигилет. Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат.
1.2. Жайкы баш кийим:
Жайкы баш кийим кара-көгүш түстөгү кездемеден, сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, маңдайчадан, бир аз өйдө ийилген төрт бурчтуу капталдан турат.
1.3. Жарым пальто:
Кочкул бир түстөгү кездемеден, бир борттуу, өңүрү түз, жылуулатылып ичтелген, топчулама. Жакасы кайырма.
1.4. Костюм:
Күрмө жана шым кочкул бир түстөгү кездемеден. Күрмө бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма. Шым белинен тигилген кур менен.
1.5. Көйнөк:
Кочкул түстөгү кездемеден, жакасы кайырма, топчулама, жеңдери манжет менен.
2. Соттолгон аялдар үчүн:
2.1. Кочкул түстөгү жүн жоолук.
2.2. Ак түстөгү кездемеден косынка.
2.3. Жарым пальто:
Кочкул бир түстөгү кездемеден, бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма.
2.4. Күрмө:
Күрмө ичтелген кочкул түстө, бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма.
2.5. Костюм-көйнөк:
Жакет кочкул түстөгү кездемеден, бир борттуу, топчулама. Жакасы кайырма.
Сарафан кочкул түстөгү кездемеден, денеге кыналынкы.
2.6. Көйнөк.
Бир түстүү кездемеден, жакасы кайырма, топчулама.
2.7. Блуза.
Блуза бир түстүү, жакасы кайырма, топчулама.
2.8. Халат.
Халат бир түстүү, бир борттуу, топчулама, жеңдери узун, жакасы кайырма.
3. Жашы жете электер үчүн:
3.1. Кышкы баш кийим:
Кышкы баш кийим кырбуудан, колпактан жана төбөдөн турат. Кырбуу (маңдайча, кулакчындуу желке жапкыч) кара түстөгү жасалма түктөн турат. Колпак төрт кырдуу, маңдайча жана кулакчындуу желке жапкыч кара-көгүш ноотудан. Төбөсү танаптардан жана кебез салып шырылган ичтемелүү тегеректен турат.
3.2. Жайкы баш кийим:
Жайкы баш кийим кара-көгүш түстөгү кездемеден, сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, маңдайчадан, бир аз өйдө ийилген төрт бурчтуу капталдан турат.
3.3. Жарым пальто:
Кочкул бир түстөгү кездемеден, бир борттуу өңүрү түз, жылуулатылып ичтелген, топчулама. Жакасы кайырма.
3.4. Күрмө:
Күрмө ичтелген кочкул түстө, эки борттуу, топчулама, топчулама, жакасы кайырма.
3.5.Костюм:
Күрмө жана шым кочкул бир түстөгү кездемеден. Күрмө бир борттуу, топчулама, жакасы кайырма. Шым белинен тигилген кур менен, топчулама.
3.6. Көйнөк:
Көйнөк кочкул түстөгү кездемеден, жакасы кайырма, топчулама, жеңдери манжет менен.
Эскертүү:
Ич көйнөктөр жана шейшептер камсурп же агартылган кездемеден тигилген. Сүлгүнүн даяр кезиндеги көлөмү 97 см, туурасы 40 см жана 50 см.
4-1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Эркектер үчүн:
1) Жайкы баш кийим (кепка)
Кара-көгүш түстөгү кездемеден тигилген жайкы баш кийим сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, маңдайчадан, бир аз өйдө ийилген төрт бурчтуу капталдан турат.
2) Кышкы тумак
Күрөң түстөгү токулган кышкы тумак.
3) Кышкы күрмө
Ичтелген, каралжын түстөгү, бир борттуу, топчулама кышкы күрмө. Жакасы кайырма.
4) Жемпир
Токулган, каралжын түстөгү, жеңи узун, топчуламасы жок, жакалуу жемпир.
5) Шым
Кайып тигилген кашаты менен, топчулама, каралжын түстөгү кебез кездемеден тигилген шым.
6) Футболка
Ачык түстөгү, топчусу, жакасы, чөнтөгү жок, кыска же узун жеңдүү, тулку бойду, колдун жарымын, жамбаштын үстүн жапкан, баштан кийилген футболка.
7) Майка
Кебез жиптен токулуп жасалган ачык түстөгү кездемеден, каптал жана ийин тигиштери бар түз формада тигилет. Жеңдин жана моюндун оюктары жээктелген.
8) Трусы
Кара же каралжын-боз түстөгү кебез кездемеден тигилген эркектердин трусысы, эки алдыңкы жана эки арткы бөлүктөн турат. Трусынын үстүңкү жээгине чоюлгуч тасма салынган.
9) Байпак
Каралжын түстөгү кебез жиптен токулган, формага келтирилген, иштелип чыккан латекс жибинен, согончогу токулган жана манжа тарабы тигилген бир борттуу байпак.
10) Бут кийим
Жасалма териден тигилген, сыдырмалуу, жасалма мех менен ичтелген, таманы резинадан, такасы жок, баш жагы тегерек формадагы бут кийим (ботинка).
2. Кыз-келиндер үчүн:
1) Каралжын түстөгү жүн жоолук
2) Кышкы күрмө
Ичтелген каралжын түстөгү, бир борттуу, топчулама кышкы күрмө. Жакасы кайырма.
3) Көйнөк
Бир түстөгү гүлдүү кездемеден тигилген, жакасы кайырма көйнөк.
4) Кышкы тумак
Күрөң түстөгү токулган кышкы тумак.
5) Чолок пальто
Бир түстөгү каралжын кездемеден тигилген, бир борттуу, топчулама чолок пальто. Жакасы кайырма.
6) Ич көйнөк
7) Бюстгальтер
8) Панталондор
9) Узун байпак (колготки)
10) Байпак
Каралжын түстөгү кебез жиптен токулган, формага келтирилген, иштелип чыккан латекс жибинен, согончогу токулган жана манжа тарабы тигилген бир борттуу байпак.
11) Көйнөк
12) Бут кийим
Жасалма териден тигилген, тогоосу чаптагыч, такасы жок, таманы полиуретандан, батеги текстилден, баш жагы тегерек формадагы бут кийим (туфли).
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери үчүн самын жана кир жуугуч каражаттардын берилишинин МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорундагы, дарылоо, тарбиялоо мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдардын жуунуу жана санитардык-гигиеналык керектөөлөрүн самын менен камсыз кылуу ченемдери
№ |
| Айына 1 адамга (гр.) | Эскертүү | |
Кир самын | Атыр самын | |||
1 | Түзөтүү мекемелериндеги соттолгондор жана тергөө изоляторлорундагы камактагы адамдар: |
|
|
|
эркектер | 200 |
|
| |
аялдар | 200 | 100 |
| |
2 | Түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун дарылоо мекемелеринде, медициналык бөлүмдөрдө стационардык дарылоодо жүргөн бейтаптар: |
|
|
|
эркектер | 250 | 50 |
| |
аялдар | 250 | 100 |
| |
3 | Тарбиялоо колониясындагы соттолгондор, анын ичинде стационардык дарылоодо жүргөндөргө бардык керектөөлөрүнө: |
|
|
|
эркектер | 250 | 50 |
| |
аялдар | 250 | 100 |
| |
Эскертүү:
1. Оор жана зыяндуу жумуш аткарган түзөтүү мекемелериндеги соттолгондор жана тергөө изоляторлорундагы адамдарга айына 1 адамга 500 гр. кир самыны кошумча берилет.
2. 1 адамга бир жолку жуунууга кошумча 30 гр. самын берилет.
1 кг кургак кирди кол менен жууганда кирдегенине жараша синтетикалык порошок, самын жана кальцийлүү сода чыгымдоо ченемдери
а) синтетикалык порошок колдонуп кир жууганда:
№ | Буюмдун түрү | Кирдеген деңгээли | Синтетикалык порошок (гр.) |
|
1 | Ак түстүү | I | 36 |
|
II | 40 | |||
III | 48 | |||
IV | 60 | |||
2 | Ар кандай түстүү | I | 27 |
|
II | 30 | |||
III | 36 | |||
IV | 45 | |||
б) самын жана кальцийлүү сода колдонуп кир жууганда: | ||||
№ | Кир буюмдун түрү | Ич кийим кирдеген деңгээли | Чарба самын (гр.) | Сода (гр.) |
1 | Ак түстүү | I | 24 | 24 |
II | 27 | 27 | ||
III | 32 | 32 | ||
IV | 40 | 40 | ||
2 | Ар кандай түстүү | I | 24 | 5,5 |
II | 28 | 6 | ||
III | 33 | 7 | ||
IV | 42 | 9 | ||
Эскертүү:
Кирдеген деңгээли төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:
- жаңы жана мурун колдонулгандардын ичиндеги анча кир эмес буюм;
- кырылган эмес, темгили жок, орто кирдеген буюм;
- кырылган, темгил баскан, өтө кирдеген буюм;
- тиричилик жана өндүрүштүк темгилдери менен өзгөчө кирдеген буюм.
Пахтадан тигилген кийимдерди жууганда кир жууган каражаттар түстүү кийимдер үчүн ченем боюнча берилет.
Кирди колго жууганда 1 кг кирге төмөнкү өлчөмдө берилет:
- кир самын - 20 грамм: кальцийлүү сода - 12 грамм;
- Самын жана кальцийлүү сода синтетикалык кир жуучу порошок жок болгондо берилет.
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин эмеректер, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445, 2021-жылдын 10-февралындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Түзөтүү мекемелерин эмерек, жабдуу жана жатакана буюмдары менен камсыздоо ченемдери
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу темир керебет | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Темир торчосу бар эки кабаттуу керебет | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | Табурет | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
5 | 10-12 орундуу стол | Даана | 1 | 100 соттолгонго |
6 | 5-6 орундуу отургуч | Даана | 2 | 100 соттолгонго |
7 | 50 литрлүү электр титаны | Даана | 1 | 1 секцияга(*) |
8 | Жуунгуч | Даана | 1 | 10 соттолгонго |
9 | Дубал шкафы же буюм сактагыч текче | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
10 | Дубалга тагылган илгич | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
11 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | 1 секцияга |
12 | Дубалга илинүүчү саат | Даана | 1 | 1 секцияга |
13 | Кружкасы менен ичүүчү суу челек | Даана | 1 | 1 секцияга |
14 | Репродуктор | Даана | 1 | 1 секцияга |
15 | Карниз | Даана | 1 | 1 терезеге |
16 | Парда | Даана | 2 | 1 терезеге |
17 | Чака | Даана | 1 | 1 секцияга |
18 | Шыпыргы | Даана | 1 | 1 секцияга |
19 | Калак | Даана | 1 | 1 секцияга |
20 | Стол үстүндө ойнолуучу оюн | Даана | 1 | 1 секцияга |
21 | Телевизор | Даана | 1 | 1 секцияга |
22 | Үтүк | Даана | 1 | 1 секцияга |
23 | Ашкана бычагы | Даана | 1 | 100 соттолгонго |
24 | Консерва бычагы | Даана | 1 | 100 соттолгонго |
25 | Кайчы | Даана | 1 | 100 соттолгонго |
26 | Сүлгү илгич | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
27 | Графин | Даана | 1 | 10 соттолгонго |
28 | Дубал күзгүсү | Даана | 1 | 1 секцияга |
29 | Термометр | Даана | 1 | 1 секцияга |
30 | Телевизор коюлуучу тумбочка | Даана | 1 | 1 секцияга |
Эскертүү:
(*) Аялдар колониясындагы тазалык бөлмөсүнө кошумча орнотулат.
Мончо-кир жуучу комплекси үчүн зарыл жабдуу жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Цинктелген илеген | Даана | 1 | 10 соттолгонго |
2 | Душ торчосу | Даана | 1 | 5 соттолгонго |
3 | Кир жуугуч машина | Даана | 1 | (*) |
4 | Центрифуга | Даана | 1 | (*) |
5 | Текчелер | Даана | 1 | (*) |
6 | Дезкамера | Даана | 1 | (*) |
7 | Үтүктөөчү машина | Даана | 1 | (*) |
8 | Тиричилик кир жуугуч машина | Даана | 1 | (*) |
9 | Үтүк | Даана | 1 | (*) |
10 | Жуугуч (жышынгыч) | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
11 | Цинктелген чака | Даана | 5 | (*) |
Эскертүү: (*) Мекемедеги соттолгондордун санына жараша, бирок 500 соттолгонго бир даанадан кем эмес.
Узак убакыт жолугушуу бөлмөсү үчүн зарыл эмерек жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | Даана | 2 | Бөлмөгө |
2 | Балдар керебети | Даана | 1 | (*) |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | Даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | 4 орундуу тамактануу столу | Даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Отургуч | Даана | 4 | Бөлмөгө |
6 | Дубалга тагылуучу илгич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
7 | Кийим үчүн шкаф | Даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Электр чайнеги | Даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Чай чайнеги | Даана | 1 | Бөлмөгө |
10 | Биринчи тамак үчүн мискей (5 л.) | Даана | 1 | Бөлмөгө |
11 | Экинчи тамак үчүн мискей (2 л.) | Даана | 1 | Бөлмөгө |
12 | Табак | Даана | 4 | Бөлмөгө |
13 | Ашкана кашыгы | Даана | 4 | Бөлмөгө |
14 | Чай кашык | Даана | 4 | Бөлмөгө |
15 | Айрыча | Даана | 4 | Бөлмөгө |
16 | Бычак | Даана | 1 | Бөлмөгө |
17 | Карниз | Даана | 1 | Бөлмөгө |
18 | Парда | Даана | 2 | Бөлмөгө |
19 | Тиричилик электрплитасы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
20 | Саат | Даана | 1 | Бөлмөгө |
21 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | Бөлмөгө |
22 | Желдеткич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
23 | Радио | Даана | 1 | Бөлмөгө |
24 | Жуунгуч | Даана | 1 | Бөлмөгө |
25 | Илеген | Даана | 1 | Бөлмөгө |
26 | Тиричилик муздаткычы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
27 | Шыпыргы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
28 | Чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
29 | Пол жууган чүпүрөк | Даана | 1 | Бөлмөгө |
30 | Таштанды үчүн чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
Эскертүү: (*) 3 жашка чейинки балдары бар адамдарга балдар керебетин коюуга уруксат берилет.
Узак убакытка чейинки жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмөлөр телевизор, аудио, видео техника жана душ кабина менен кошумча камсыздалат.
Кыска убакыт жолугушуу бөлмөлөрү үчүн эмерек жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | 4 орундуу тамактануу столу | Даана | 1 | (*) |
2 | Отургуч | Даана | 4 | (*) |
3 | Дубалга тагылуучу илгич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | Карниз | Даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Парда | Даана | 2 | Бөлмөгө |
6 | Саат | Даана | 1 | Бөлмөгө |
7 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Желдеткич | Даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Жуунгуч | Даана | 1 | Бөлмөгө |
10 | Шыпыргы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
11 | Чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
12 | Пол жууган чүпүрөк | Даана | 1 | Бөлмөгө |
13 | Таштанды үчүн чака | Даана | 1 | Бөлмөгө |
(*) Эскертүү: Жолугушууга келгендердин санына жараша эмеректердин санын көбөйтүүгө уруксат берилет.
Кыска убакыт жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмөлөр кошумча чай чайнеги, идиш-аяк, ашкана приборлору, электр чайнеги, микротолкундуу меш, телевизор менен камсыздалат.
Карантиндик бөлмө үчүн зарыл эмерек жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Эки кабаттуу керебет | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
2 | Табурет | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
3 | Тумбочка | Даана | 1 | 2 соттолгонго |
4 | Сырт кийим илүүчү илгич | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
5 | Кийим үчүн шкаф | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
6 | Жуунгуч | Даана | 1 | 10 соттолгонго |
7 | Чака | Даана | 2 | 50 соттолгонго |
8 | Илеген | Даана | 2 | 50 соттолгонго |
9 | Шыпыргы | Даана | 2 | 50 соттолгонго |
10 | Калак | Даана | 2 | 50 соттолгонго |
11 | 50 л. электр суу кайнаткыч | Даана | 1 | Бөлмөгө |
12 | Телевизор | Даана | 1 | Бөлмөгө |
13 | Дубалга илинүүчү саат | Даана | 1 | Бөлмөгө |
14 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | Бөлмөгө |
15 | Ичүүчү суу куйган челек | Даана | 1 | Бөлмөгө |
16 | Кружка | Даана | 1 | Бөлмөгө |
17 | Стол үстүндө ойнолуучу оюн | Даана | 1 | Бөлмөгө |
18 | Радио | Даана | 1 | Бөлмөгө |
19 | 10 орундуу стол | Даана | 1 | Бөлмөгө |
20 | 5 орундуу отургуч | Даана | 2 | Бөлмөгө |
Камера тибиндеги жайлар жана айып изоляторлору үчүн эмеректер жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир же эки кабаттуу ачылма керебет | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Полго кагылган стол | Даана | 1 | Камерага |
3 | Полго кагылган отургуч тумба | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
4 | Унитаз | Даана | 1 | Камерага |
5 | Краны менен раковина | Даана | 1 | Камерага |
6 | Тамак-аш сактоочу текче | Даана | 1 | Камерага |
7 | Репродуктор | Даана | 1 | Камерага |
Медициналык санитардык бөлүк үчүн эмеректер жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу керебет | Даана | 1 | 1 оорулууга |
2 | Керебет жанындагы тумбочка | Даана | 1 | 1 оорулууга |
3 | Ашкана столу | Даана | 1 | 4 оорулууга |
4 | Табурет | Даана | 1 | 1 оорулууга |
5 | Дубалга илинүүчү илгич | Даана | 1 | 4 оорулууга |
6 | Керебет жанындагы килемче | Даана | 1 | 4 оорулууга |
7 | Ич кийим үчүн шкаф | Даана | 1 | 1 керебетке |
8 | Ашкана шкафы | Даана | 1 | 4 оорулууга |
9 | Тиричилик муздаткычы | Даана | 1 | Палатага |
10 | 50 литрлүү электротитан | Даана | 1 | Бөлүмгө |
11 | Илеген | Даана | 1 | Палатага |
12 | Чака | Даана | 1 | Палатага |
13 | Электр плитасы | Даана | 1 | Кухняга |
14 | Карниз | Даана | 1 | 1 терезеге |
15 | Парда | Даана | 2 | 1 терезеге |
16 | Ванна | Даана | 1 | Бөлүмгө |
17 | Жуунгуч | Даана | 1 | 4 оорулууга |
18 | Телевизор | Даана | 1 | Бөлүмгө |
19 | Радио | Даана | 1 | Палатага |
20 | Тиричилик термометри | Даана | 1 | Палатага |
21 | Үтүк | Даана | 1 | Палатага |
Дүкөн үчүн жабдуулар жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Азык-түлүк товарлары үчүн текчелер |
|
| Товардын көлөмүнө жараша |
2 | Өнөр-жай товарлары үчүн текчелер |
|
| Товардын көлөмүнө жараша |
3 | Стол | Даана | 1 | Бөлмөгө |
4 | Столго коюлма товардык тараза | Даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Калькулятор | Даана | 1 | Бөлмөгө |
6 | Каттоо журналы | Даана | 1 | Бөлмөгө |
7 | Муздаткыч-витрина | Даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Муздаткыч | Даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Калак | Даана | 1 | Бөлмөгө |
Китепкана үчүн жабдуулар жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Жазуу столу | Даана | 1 | Китепканага |
2 | Отургуч | Даана |
| Келүүчүлөрдүн санына |
3 | Китептер үчүн текче | Даана |
| Китептердин санына |
4 | Журналдар үчүн текче | Даана |
| Журналдардын санына |
5 | Китептер | Даана | 5 | 1 соттолгонго |
6 | Жазуу столу | Даана | 1 | 4 окурманга |
7 | Стул | Даана | 2 | Китепканага |
8 | Картотека | Даана |
| Келүүчүлөрдүн санына |
Клуб үчүн жабдуулар жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Отургуч | Даана | 1 | 1 соттолгонго |
2 | Экран | Даана | 1 | Клубга |
3 | Киноаппарат | Даана | 2 | Клубга |
4 | Көшөгө | Даана | 1 | Клубга |
5 | Микрофон | Даана | 1 | Клубга |
6 | Күчөткүч | Даана | 1 | Клубга |
7 | Колонкалар | Даана | 2 | Клубга |
8 | Трибуна | Даана | 1 | Клубга |
Чач тарач үчүн жабдуу жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Күзгү |
| 1 | 1 чачтарачка |
2 | Текче | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
3 | Чачтарач креслосу | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
4 | Раковина | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
5 | Стол | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
6 | Стул | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
7 | Чач кесүүчү машинка | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
8 | Чач кесүүчү кайчы | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
9 | Филировкалоочу кайчы | Даана | 1 | 1 чачтарачка |
Мектеп үчүн жабдуулар жана буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Мектеп доскасы | Даана | 1 | Класска |
2 | Парта | Даана | 20 | Класска |
3 | Жазуу столу | Даана | 1 | Класска |
4 | Стул | Даана | 1 | Класска |
5 | Карниз | Даана | 1 | 1 терезеге |
6 | Парда | Даана | 2 | 1 терезеге |
Тергөө изоляторлорундагы камераларды камсыздоо үчүн буюмдар
№ | Буюмдардын аталышы | Ченем бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Бир кабаттуу темир керебет (эки кабаттуу же вагон тибиндеги) | Даана |
| (*) |
2 | Тамак ичүү столу | Даана | 1 | Полго кагылган |
3 | Столдун узундугундай отургуч | Даана | 2 | Полго кагылган |
4 | Тамак-аш сактоо үчүн дубалга илинүүчү шкаф (жабык текче) | Даана | 1 | (**) |
5 | Керебет жанындагы тумбочка | Даана | 1 | Тергөө алдындагы 2 адамга |
6 | Стол үстүндө ойнолуучу оюн комплектиси (шахмат, шашка же домино) | Даана | 1 | Камерага(***) |
7 | Чака | Даана | 1 | Камерага(***) |
8 | Калак | Даана | 1 | Камерага(***) |
9 | Шыпыргы | Даана | 1 | Камерага |
10 | Репродуктор | Даана | 1 | Камерага |
11 | Сырт кийим үчүн илгич | Даана | 1 | Камерага |
12 | Краны менен раковина | Даана | 1 | Камерага |
13 | Санузел | Даана | 1 | Камерага |
14 | Таштанды үчүн урна | Даана | 1 | Камерага |
Эскертүү:
(*) Соттолгон жана камакка алынган адамдардын саны боюнча орнотулат.
(**) Соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын саны боюнча ячейкалардын санына жараша орнотулат.
(***) Тазалоо убагында берилет.
(****) Раковина жок болсо кружка менен суу ичүү үчүн челек орнотулат.
Балдар үйү үчүн жабдуулар жана инвентарь
№ | Буюмдардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Эскертүү |
1 | Балдар керебети | даана | 1 | 1 балага |
2 | Бир кабаттуу керебет | даана | 1 | Соттолгонго |
3 | Керебет жанындагы тумбочка | даана | 1 | 1 балага |
4 | Тамактануучу стол | даана | 1 | Бөлмөгө |
5 | Отургуч | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
6 | Дубалга тагылуучу илгич | даана | 1 | Соттолгонго |
7 | Кийим үчүн шкаф | даана | 1 | Бөлмөгө |
8 | Электр чайнеги | даана | 1 | Бөлмөгө |
9 | Таш чайнек | даана | 1 | Бөлмөгө |
10 | Табак | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
11 | Аш кашык | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
12 | Чай кашык | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
13 | Аш айры | даана | 2 | 1 балага, 1 соттолгонго |
14 | Балдарды киринтүүчү пластик ванна | даана | 1 | Бөлмөгө |
15 | Бычак | даана | 1 | Бөлмөгө |
16 | Карниз | даана | 1 | Бөлмөгө |
17 | Парда | даана | 1 | Бөлмөгө |
18 | Саат | даана | 1 | Бөлмөгө |
19 | Тиричилик термометри | даана | 1 | Бөлмөгө |
20 | Желдеткич | даана | 1 | Бөлмөгө |
21 | Илеген | даана | 1 | Бөлмөгө |
22 | Шыпыргы | даана | 1 | Бөлмөгө |
23 | Чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
24 | Пол жууган чүпүрөк | даана | 1 | Бөлмөгө |
25 | Таштанды үчүн чака | даана | 1 | Бөлмөгө |
26 | Тиричилик муздаткычы | даана | 1 | Корпуска |
27 | Жуунгуч | даана | 1 | Корпуска |
28 | Түнкү горшок | даана | 1 | 1 балага |
29 | Душ бөлмөсү | даана | 1 | Корпуска |
(*) Эскертүү. Балдар үйүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка тиричилик буюмдары жана техникалык каражаттар менен жабдууга жол берилет.