Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-февралы № 45
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 45 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзамдын долбоору) долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган корутунду аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын позицияларын эске алуу менен даярдалган.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын долбоорунун концепциясы Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга шайлоо жараксыз деп табылган учурда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү карайт.
Конституциялык Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалым каттагы маалыматка ылайык 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялар шайлоо күрөөсүн кайтарып алуу маселесине туш болушту. Бирок колдонуудагы мыйзамдарда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ченемдин жоктугу саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн кайтарып алууга болгон ар кандай аракеттерин жокко чыгарат. Бүгүнкү күндө парламенттик шайлоонун бир да катышуучусу буга жетише алган жок.
Тактап айтканда негиздеме-маалым катка негизденип сунушталган түзөтүүлөрдү 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоолорго колдонуу болжолдонууда.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн шайлоого катышкан саясий партиялардан шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө арыздар келип түшүп жаткандыгын белгилейт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылганда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү жөнгө салуучу ченемдердин жоктугуна байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия аталган маселе боюнча укук ченемдүү чечим кабыл ала албайт.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бөлүгүнө ылайык шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:
1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарып берилген шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш,
Кыргыз Республикасында шайлоо процесстеринин ар бирине жыл сайын өз убагында жана ыйгарым укуктуу органдар сураткан көлөмдө республикалык бюджеттен ири суммадагы каражаттар караларын жана каржылана тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 2020-жылдын 4-октябрында 600 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Аталган каражаттар кайтарылбайт жана ар кандай жагдайларга карабастан каржыланат.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинде шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ченемдер так жана объективдүү аныкталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.