Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2021-жылдын 17-февралы № 51
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Аталган конституциялык Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары - кошумча баяндамачы болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан" деген сөздөр "Судьядан" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Сот органдары жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|