Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-февралы № 42
"2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу
1-берене.
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 42 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында (Россия Федерациясы) кол коюлган.
Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Ушул Макулдашуунун максаты Шериктештикке катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн башкаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруу кызыкчылыгында аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун алкагында тараптардын кызматташуусу өз мамлекеттеринин коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат. Ишти координациялоо КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешине жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ушул Макулдашуунун алкагында аскердик багыттагы жаңы спутник байланыш системаларын түзүүгө жана аларды андан ары өркүндөтүүгө жооптуу орган болуп саналат.
Тиешелүү маалыматтарды алмашуунун натыйжасында алынган маалыматтар аларды берген тараптын макулдугусуз алар суралган жана берилген максаттардан башка максаттарда пайдаланылбайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ушул Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 496-б , буйругу менен жактырылган.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктчасына ылайык ушул Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу жол-жобосунан өткөн эмес, анткени Макулдашууда эскертмелерди билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы эскертмелерди гана билдирүүгө жол берген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кийин ратификацияланууга тийиш болгон жоболор жок.
Тараптар эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыгуучу чыгымдарды өз алдынча көтөрүшөт.
Мында ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
Макулдашууну ратификациялоо аскердик багыттагы жаңы спутник байланыш системаларын түзүү жана космостук аппараттардын өткөрүү жөндөмүнүн ресурсун пайдалануу аркылуу КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн башкаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аталган макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.