Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-марты № 70
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептерге юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын топтоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги төмөнкүлөрдү ачсын:
1) Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын депозиттик эсебин;
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында валюталык эсепти.
3. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептерге акча каражаттарын которууда юридикалык жана жеке жактардан комиссиялык жыйымдарды албоо сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-мартындагы № 70 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептерге (мындан ары - эсептер) юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын эсепке алуу, эсептөө жана пайдалануу тартибин регламенттейт.
2. Эсептердеги каражаттарды түзүүчү булактар
2. Эсептерди түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын, резиденттеринин жана резидент эместеринин ыктыярдуу которулган акча каражаттары;
2) ыктыярдуу негизде которулган жана эсептердин максаттарына каршы келбеген башка акча каражаттарынын түшүүлөрү.
3. Эсептерге түшүүчү акча каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн гана багытталган.
4. Эсептерге акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм жүргүзүүчү уюмдар, ошондой эле чет өлкөлүк банктар тарабынан жүргүзүлөт.
3. Эсептердеги каражаттарды эсепке алуу жана пайдалануу
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн эсептерде топтолуучу каражаттарды пайдалануу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
6. Улуттук жана чет өлкөлүк валютада түшкөн каражаттарды эсепке алуу, отчеттуулук жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептердеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө чечимдерин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
7. Ачык-айкындуулукту жана эсептерге каражаттардын түшүүсү жана аларды пайдалануу жөнүндө маалыматтардын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында үзгүлтүксүз негизде төмөнкүлөр жарыяланат:
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан которулган акча каражаттарынын суммасы боюнча түшүүлөр жөнүндө маалыматтар;
- мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматтар.