Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-марты № 66
Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708, 2023-жылдын 24-июлундагы № 368, 2024-жылдын 6-августундагы № 458 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 30-январы № 48 , 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 , 2026-жылдын 13-июлундагы № 484, 2026-жылдын 8-августундагы № 531 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ички рынокто мунай жана мунай продуктуларынын жетишсиздигин болтурбоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин төмөнкүлөрдү кошпогондо, мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификацияланган) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан автомобиль жана темир жол транспорту менен ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
1) «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн жана 2026-жылдын 13-июлуна чейин түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гана экспортко чыгарылуучу жалпы көлөмү 4 212,486 тонна мазутту (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ташып чыгарылган жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү түрдө кийин кайра ташып келүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган нафтаны, мазутту жана меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тапшырмасы болгон учурда бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган мунайды жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709, 2710 коду менен классификацияланган).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу, Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык белгиленген транспорт каражаттарынын штаттык май куюучу бактарындагы мунай продуктуларына жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |