Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-марты № 77
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Тышкы миграция департаментине, мында кайрылмандарды, баш калка издеген адамдарды (качкындарды) жана адамдарды сатуунун курмандыктарын кабыл алуу боюнча функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү белгиленген тартипте жоюлсун, мында тиешелүү функциялары, штаттык бирдиктери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин карамагына өткөрүп берилсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-августундагы № 450 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |