Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-ноябры № 581
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын гобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 581 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзамдын долбоору тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу комплекттөөчү деталдарды кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөдөн бошотуу максатында иштелип чыккан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагына жогоруда аталган товарларды импорттоого Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык 12 пайыз өлчөмүндө КНС салынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу боюнча өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттерди импортко КНС төлөөдөн бошотуу өнөр жай өндүрүшү секторуна, жумуш орундарынын көбөйүүсүнө жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасы ата мекендик экономикада айыл чарбасы алдыңкы позициялардын бирин ээлеген тоолуу агрардык өлкө экендигин эске алуу менен, айыл чарба машина курууну өнүктүрүү жана агрардык өндүрүштү механизациялоо каражаттарынын рыногун өнүктүрүү үчүн төмөнкү биринчи кезектеги милдеттерди чечүү зарыл:
- айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүнө карата жогорку суроо-талапты экономикалык жана финансылык колдоону камсыздоо;
- айыл чарба техникасын экспорттоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу финансылык жана уюштуруучулук шарттарды түзүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык келген айыл чарба техникасын чыгарууну камсыздоо.
Айыл чарба өндүрүшүн техника, анын ичинде тракторлор менен камсыздоо базалык шарттардын бири болуп эсептелет.
Тракторлорду чогултууну уюштуруунун башкы шарттарынын бири болуп айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын оптималдуу түзүү жана рационалдуу пайдалануу эсептелет, материалдык-техникалык базанын бардык элементтери өндүрүштү уюштуруунун белгилүү бир формалары аркылуу технологиялык процесстерге бириктирилүүгө тийиш.
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү проблемасын чечүү аграрийлердин техникалык жактан жабдылуу деңгээлине, айыл чарба машиналарынын паркын модернизациялоого, айыл чарба техникасы рыногунун калыптанышына жана өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу.
Азыркы учурда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп аграрийлерди техника менен өз убагында камсыздоо саналат, ал айыл чарба өндүрүшүнүн чыгымдарын азайтууга, айыл чарба операцияларынын толук циклин натыйжалуу жүргүзүүгө жана сатып алынган техниканын өзүн-өзү актоо мөөнөтүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Ушул факторлордун бардыгы өлкөнүн аймагында чогултулган айыл чарба техникасын өзгөчө наркы сыяктуу мындай негизги критерий боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү кылары шексиз.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында лизинг системасынын өнүгүшүнө байланыштуу айыл чарба техникасына олуттуу суроо-талап бар.
Ошондой эле өлкөнүн аймагында автотранспорт каражаттарын чогултуу, аны ичинде электр кыймылдаткычтары менен чогултуу боюнча кубаттуулуктарды өнүктүрүү маселесин көңүлгө алуу зарыл деп эсептейбиз.
Өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү мамлекеттин салык саясаты бул тармакка инвестициялоого өбөлгө түзөт.
Азыркы учурда өлкөнүн аймагында тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук жок жана ага ылайык салык салынуучу база да жок экендигин белгилейбиз, ушуга байланыштуу жогоруда аталган долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнө алып келбейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт.