Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 20-октябрындагы № 686
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-марты № 90
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын
мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы
бекитүү тууралуу
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу максатында, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 41-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |