Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 20-октябрындагы № 686
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын
актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649, 2022-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Төмөнкү жарандык абалдын актылары мамлекеттик катталууга тийиш:
- туулгандыгы;
- никелешүүсү;
- никесинин бузулгандыгы;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү;
- өлгөндүгү.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер.
Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок болгон административдик-аймактык бирдиктердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөргө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) жарандык абалдын актысын жазууну түзүү жолу менен жүргүзүлөт жана кагазга жалгыз нускада басып чыгарылат. Мында кагаздагы жазууга арыз ээси жана кызматкер кол коёт, андан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен бекитилет.
Жарандык абалдын актысын жазуунун электрондук түрдөгү текстинин кагаздагы текстинен айырмаланган учурда кагаздагы текст түп нуска болуп эсептелет.
"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрү (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү) өзүнүн колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда арыз ээсинен кагаз түрүндө же электрондук түрдө документтер талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.
3-2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарга, бул Нускамага ылайык берилген айрым нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыздардан тышкары, электрондук жеке кол тамга алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээсинин колу коюлат жана "ЖААЖ" АМСте электрондук түрдө сакталат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) камтылган жеке маалыматтардын жана жүзүнүн графикалык сүрөтүнүн;
- КБМРдеги биометрикалык маалыматтарга фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин текшерүү;
Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды идентификациялоо ким экендигин ырастоочу анык документинин негизинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулат, текшерилет жана кол коюлат, Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта - дипломаттык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкери тарабынан электрондук кол тамга (мындан ары - ЭКТ) аркылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде ишке ашырылат.
5. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган идентификациялык жеке номери жок адамдын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон тышкары, жарандык абалдын актыларын жазууларынын бардык түрлөрү идентификациялык жеке номер болгон учурда гана жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын болушу жана/же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү берүү арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу төмөнкүдөй документтердин биринин негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карт). Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон учурда барган өлкөдө консулдук эсепке алынгандыгы же болбосо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке алынгандыгы жөнүндө маалым каты бар экендиги тууралуу белги менен) негизинде жүргүзүлөт;
- офицердин ким экендигин күбөлөндүрүү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- "Кайрылман" күбөлүгү (баланын туулгандыгын жана "Кайрылман" статусуна ээ адамдын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо);
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалым кат (күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөрдү кайрадан берүүдө);
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- качкындын күбөлүгү;
- он алты жашка толгон адамдар үчүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо - туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилбеген жана он сегиз жашка толо элек (жашы жете элек) адамдарга карата.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 , 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, жарандык абалдын актыларынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн жана өтпөгөндүгүн күбөлөндүрүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердин аныктыгы эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу ырасталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү үчүн берилген бардык документтер КБМРде маалымат болбогон учурда милдеттүү сканерленүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10. Арыздарды, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү эсепке алуу жана отчеттуулук "ЖААЖ" АМС аркылуу жүргүзүлөт.
11. Баланын туулгандыгы, аты-жөнүн өзгөртүү, никеге туруу, никени бузуу жана өлгөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу маалымат алмашуу жана жарандын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу процесске тартылган кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби
12. Күбөлүктүн жоголгон, бузулган, бланкы эскирген, ламинацияланган, тексти жана/же мөөрү окулбаган, маркумдун өлгөндүгү жөнүндө жакын тууганынын күбөлүк алуусу үчүн кайрылган учурда жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан арыз ээси кайрылган жери боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кайталап берет. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актыларынын жазуулары жок болгон учурда "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жери боюнча суроо-талап жөнөтүлөт жана ал үч жумуш күндүн ичинде санариптештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет:
- жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга;
- камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга;
- туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына;
- эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө;
- жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда башка адамга.
Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуудан көчүрмөлөр берилет.
14. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт:
- ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - никелешүү тууралуу күбөлүк.
Аталган адамдардын жана алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын арызы боюнча баланын туулгандыгын же никелешүүнү мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу көчүрмө берилет.
Кагаз түрүндөгү Жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүүдө, жарандык абалдын актыларынын жазууларын, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмө, ошондой эле маалымкаттарды берүүдө жарандык абалдын актыларынын жазуулары санариптештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жердин аталышы күбөлүк берилген күнгө карата бар болгон Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча же жарандык абалдын актысын жазууга ылайык арыз ээсинин каалоосу боюнча көрсөтүлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу китептеринде маалыматтар жок болгон учурда, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайрадан берилүүчү күбөлүктөрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- "Туулган жери" графасы жок болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктө - туулган жери болуп жазуу катталган жер же ата-энесинин жашаган жери көрсөтүлөт;
- "Атасынын аты" графасы жок болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктө - атасынын аты "атасы" графасында көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча көрсөтүлөт;
- "Өлгөн жери" графасы жок болгон өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө -өлгөн жери болуп өлгөндүгү катталган жер же өлгөн адамдын жашаган жери көрсөтүлөт;
- жубайлардын "Туулган жери жана күнү" графасы жок болгон никелешүү тууралуу күбөлүктө - никелешүү тууралуу күбөлүктүн ушул графалары толтурулбайт.
Эгерде жубайлар (алардын бири) никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан алуу үчүн кайрылганда туулган күнүн жана жерин көрсөтүү менен же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы паспортун паспортун беришсе, никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан берүүдө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери берилип жаткан күбөлүккө жетишсиз маалыматтарды киргизет.
Мындай учурларда оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арыз талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Адамдын же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандардын кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөр, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуулардын бар экендиги жана/же жоктугу тууралуу маалым каттар жана билдирүүлөр берилет.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген өтүнмө боюнча арыз ээси жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөрдү, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазуулардын бардык түрлөрү боюнча электрондук документ түрүндө жарандык абалдын актыларынын жазууларынын болгондугу жана/же болбогондугу жөнүндө маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо
17. Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген электрондук түрдө белгиленген үлгүдөгү арыз;
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат же бала медициналык мекемеден тышкары төрөлгөн учурда ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы, дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин ырастоочу документтери же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин ырастоочу документтери (КБМРде жок болгон учурда);
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча жакын тууганынын ким экендигин ырастоочу документтер;
- никеге туруу тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда);
- ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда, бала төрөлгөн фактысын ырастоочу чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар);
- баланын жашына карабастан төрөлгөн фактысын белгилөө жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими - туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда.
Эгерде баланын атасы менен никеде турбаган баланын энеси каза болсо же баланы төрөлгөндөн кийин саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса же бала төрөлгөндөн кийин аны саламаттык сактоо уюмунда калтырса жана энесинин жашаган жери белгисиз болсо, баланын туулгандыгын каттоо бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же бала кимде болсо, ошол адамдын арызы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде баланын ата-энеси бала төрөлгөндөн кийин аны саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, баланын туулгандыгын каттоо бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын арызы боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Башка аялга эмбрионду көтөрүү үчүн аны имплантациялоого макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо жогоруда аталган документтер менен бир эле убакта нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карын энелик тууралуу келишим жана медициналык уюм тарабынан берилген эмбрионду имплантациялоо фактысын ырастоочу документ берилүүгө тийиш.
20. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилия берүүгө жол берилбейт.
Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.
Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу жок болгон учурда (ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер соттук тартипте чечилет. Балага ысымды, атасынын атын ыйгаруу үчүн баланын ата-энесинин (атасы менен никеге турбаган энесинин) жакын тууганы кайрылган учурда баланын атын жана атасынын атын көрсөтүү менен ата-энесинин (атасы менен никеге турбаган энесинин) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат.
Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.
Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты-энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.
Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:
- эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда балага атасынын аты берилбейт (мисалы: Таалайбек уулу Асан, Таалайбек кызы Алина, Таалайбек Асан, Таалайбек Алина);
- "тегин" деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбек тегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" (мисалы: Бактыбек тегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" (мисалы: Бактыбек тегин Алина Таалайбек кызы). Түздөн-түз туугандык байланышын ырастоочу документтер болгон учурда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде болгон учурда ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча берилиши мүмкүн.
Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.
Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым каттын;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда.
Туулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актысын ырастоо иретинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актысынын электрондук жазуусунда тиешелүү белги коюлат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329. 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
22. Бир жашка чыккан же андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт:
- ата-энесинин (ата-энесинин биринин);
- жакын тууганынын;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн;
- камкорчулук жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгон учурда камкорчунун;
- он алты жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен баланын өзүнүн;
Ошондой эле туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат жок болгон учурда туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде.
Он алты жашка чыккан бала туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен арыз берген учурда, энеси тууралуу маалыматтар КБМРден жазылат, ал эми маалыматтар жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде жазылат.
23. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы тартипте жүргүзүлөт.
24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү баланын туулгандыгы тууралуу маалым каттын же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым каттын;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним катынын;
- ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин (КБМРде жок болгон учурда);
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өтүнүчү боюнча катталган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү акысыз негизде берилет.
Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын аты, фамилиясы, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул Нускамага ылайык жана өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал алынгандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
26. Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:
1) баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча;
2) аталыгын аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;
3) энеси өлгөн, энеси эмгекке жарамсыз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда атасынын арызы боюнча;
4) аталыгы аныкталбаган учурда энесинин арызы боюнча;
5) соттун чечими боюнча.
Баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз.
Баланын никеде турбаган атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз.
Баланын энеси менен никеде турбаган атасынын арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- атасынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз;
- төмөнкү документтердин бири:
- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- энесин эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө же аны ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;
- жашы жете элек адамга карата аталыгын аныктоо жөнүндө атасы арыз берген учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген ушул органдын аталыгын аныктоого макулдугун ырастоочу документ;
Эгерде аталыгы аныкталбаса, энесинин арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз.
Соттун чечими боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ";
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Баланын энеси баланын атасы анын жубайы (мурунку жубайы) эмес экендиги жөнүндө билдирген учурда, баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгы төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
- баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;
- аталыгын аныктоого жубайынын (мурунку жубайынын) макулдугун бербестен мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча.
Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө, аталыгын аныктоо боюнча туулгандыгын каттоодо туулгандыгы тууралуу актыларды жазууга ээ эмес жарандык абалдын актыларын жазуу органы суроо-талапты тариздейт жана "ЖААЖ" АМС аркылуу туулгандыгы тууралуу актыны жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына аны санариптештирүү үчүн жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Баланын ата-энесинин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызды берүүгө мүмкүн болбогон учурда, алардын каалоосу атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына эненин арызы менен бир эле убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасынын жана энесинин пикири жазылышы керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү.
Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын келечектеги ата-энеси мындай арызды эненин кош бойлуу кезинде бере алышат. Мындай учурда аталыкты аныктоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бир эле убакта жүргүзүлөт жана аталыкты аныктоо жөнүндө жаңы арызды тариздөө талап кылынбайт.
Ошондой эле бала төрөлгөнгө чейин туулгандыгы тууралуу актыны жазууга маалыматтарды киргизүү үчүн төмөнкүлөр берилет:
- баланын ата-энесинин электрондук түрдөгү биргелешкен арызы;
- медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген эненин кош бойлуулугун ырастоочу документ.
Аталыгын аныктоого байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыны жазууга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Жашы жете элек эненин баласынын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү күбөлүк (бар болсо);
- эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- эненин атасынын же энесинин жана/же ата-энесинин, же болбосо камкорчусунун баланын туулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоосу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Табылган (ташталган) баланы мамлекеттик каттоо жөнүндө өтүнүчү менен бир убакта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылган убактысын, жерин жана жагдайларын көрсөтүү менен баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө ички иштер органына арыз келип түшкөн болсо);
- медициналык уюм тарабынан берилген жана табылган (ташталган) баланын болжолдуу туулган күнүн жана жынысын күбөлөндүргөн документ.
Табылган баланын фамилиясы, аты, атасынын аты тууралуу маалыматтар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү менен туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна киргизилет. Табылган (ташталган) баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна киргизилбейт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
Бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече практикалануучу врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына өлгөн баланын туулгандыгы жана жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу билдирүү милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) төрөт болгон же бала өлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине;
2) врачы өлгөн баланын төрөлүү фактысын же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгынын жана өлгөндүгүнүн фактысын белгилеген саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине же болбосо саламаттык сактоо уюмунан тышкары төрөттөрдө жекече иштеген врачка.
Өлүү баланын туулгандыгы жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы же өлүмү жөнүндө билдирүү баланын өлүү төрөлгөндүгүнүн фактысы же баланын жашоосунун биринчи жумасында өлгөндүгүнүн фактысы аныкталган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
4-глава. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо
32. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдар кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо нике курагына толгон адамдарга карата жүргүзүлөт. Эркектер жана аялдар үчүн нике курагы жүйөлүү себептер болгон учурда жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде бир жылдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Никеге туруп жаткан адамдардын ишеним каты боюнча, ошондой эле өкүл аркылуу никелешүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин жүргүзүлөт:
- никеге туруп жаткан адамдардын электрондук түрдөгү биргелешкен арызы;
- биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары;
- никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу.
Эгерде никеге туруп жаткан адамдар белгиленген күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келишпесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт.
3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү.
Эгерде никече туруп жаткандардын биринин, эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге туруп жаткан адамдын каалоосу никелешүү тууралуу өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Никеге туруучу адамдын колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй өзгөчө жагдайлар болгондо арыз берилген күнү жүргүзүлөт:
- кош бойлуулукта,
- бала төрөлгөндө,
- тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо (никеге туруп жаткан жубайлардын бири катуу ооруган учурларда).
Ошондой эле мындай учурларда кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
- медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат;
- жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө арызда никеге туруп жаткан адамдар менен никелешүүнү каттоо күнү жана убактысы макулдашылат жана дайындалат.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн (никелешүүнү салтанаттуу каттоого арналган атайын имараттарда, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жайларында, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары менен никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу боюнча башка жерлерде).
34. Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы киргизилет.
Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.
Эгерде улуттук салт боюнча фамилияга ээ жубайы -ов менен аяктаган жубайынын фамилиясын алууну кааласа, анда жубайына -ова менен аяктаган фамилия ыйгарылат жана атасынын аты жубайынын атасынын аты менен толукталат (каалоосу боюнча).
Никеге туруп жаткан адамдардын фамилияларын улуттук салт боюнча "уулу"/"кызы" деп жазылган фамилияга өзгөртүүгө жол берилбейт.
35. Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш.
36. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
37. Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти, аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым катты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.
Соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Соттолгон адам менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда, түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайда жарандык абалдын актыларын жазуу органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
39. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нике жана үй-бүлө мамилелеринде Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга ээ жана жоопкерчиликке тартылышат.
40. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам же качкын менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү биргелешкен арыз;
- никеге турууну каалаган, биргелешип арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өзүнчө арызы, мында чет өлкөлүк нотариус күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга (апостилдештирилүүгө) тийиш;
- никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин ырастоочу документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин ырастоочу документтер;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостиль коюлган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелген чет өлкөлүк жарандын, качкындын никеде турбагандыгы жөнүндө маалымкаты. Мында мурунку никенин бузулгандыгын ырастоочу документтер (никени бузуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, соттун чечими) талап кылынбайт;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, жарандыгы жок адам деп таанылган мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостиль коюлган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелген жарандыгы жок адамдын, качкындын никеси жок экендиги жөнүндө маалымкаты.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никеге турууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо
41. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар (жубайлардын бири) кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
42. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 26-беренесине ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын бөлүмдөрүндө бузулуучу нике никенин бузулгандыгы тууралуу акты мамлекеттик катталган күндөн тартып, нике сотто бузулганда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
43. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызынын;
2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;
3) никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин.
44. Чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда чет өлкөлүк жарандын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
45. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлөт. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды коргоого жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (макулдашылууга) тийиш.
46. Ортосунда жашы жете элек балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогон жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин, бирок үч айдан ашпаган мөөнөттө жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.
Мында төмөнкүдөй документтер берилет:
- никени бузуу жөнүндө электрондук түрдөгү биргелешкен арыз;
- арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- никелешүү тууралуу күбөлүк.
Эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жубайлардын экөөнүн тең нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде, жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын каттоого жол берилбейт. Жубайлардын биринин катышуусу милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 , 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Никеси чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан катталган, жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жалпы негиздерде жүргүзүлөт:
- белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
48. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- жубайлардын биринин электрондук түрдөгү арызынын;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.
Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин, бирок үч айдан ашпаган мөөнөттө анын катышуусунда жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч күндүн ичинде жаза өтөп жаткан адамга, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жок болгон жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүүнү жиберет.
Сот тарабынан жаранды өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун тиешелүү чечимдери жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- никелешүү мамлекеттик катталган жер боюнча;
- мурдагы жубайлардын (же болбосо жубайлардын биринин же эмгекке жарамсыз жубайынын камкорчусунун) эсепке алып катталган жери боюнча;
- соттун чечими чыгарылган жер боюнча.
Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө электрондук түрдөгү арыз;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин), жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.
Мурдагы жубайлар Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн аймактык жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылууга укуктуу.
Кийинчерээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы мурда жазылган жазууга киргизилет.
Мындай учурда жубайдын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.
Никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазууга жубайдын экинчисинин маалыматтары киргизилгенден кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына тийиштүү толуктоолорду киргизүү үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
50. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн жубай ушул фамилияны сактап калууга же никеге чейинки фамилиясын кайра алууга укуктуу. Ошол эле учурда никеге чейинки фамилиясын кайра алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү түрдө алмаштырылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Кыргыз Республикасынын жараны менен чет өлкөлүк жарандын ортосундагы никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын сотунун никенин бузулгандыгы тууралуу чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
6-глава. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо
52. Он алты жашка толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын (баланын энеси менен никелешүү тууралуу күбөлүктү берген учурда) же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. Он алты жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча арыз ээсинин каалоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизинде шашылыш түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда жарандардан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө эл аралык макулдашуулардын чет өлкөлүк катышуучу мамлекеттерди кошпогондо, кийин тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу маалыматтарды жөнөтүү менен жарандык абалдын актыларын жазуунун көчүрмөсүн талап кылбастан кабыл алынат.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актыны жазуу түзүлгөн күндөн тартып жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
16 жашка толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берген учурда (КБМРде жок болгон учурда) анын арызы боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда);
- ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде жок болгон учурда;
- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
- жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).
Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт.
Баланын атасынын атын өзгөртүү "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын (ушул Нускаманын 52-пунктунун экинчи абзацынын) талаптарына ылайык жазылат же атасынын аты көрсөтүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
54. Жашы жеткен адамдын же 16 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилген жашы жете элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилген учурда жүргүзүлөт:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк (КБМРда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
55. Жашы жете элек балага карата ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүсүн мамлекеттик каттоодо фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
56. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына үч жумуш күндүн ичинде санариптештирүү үчүн "ЖААЖ" АМС аркылуу суроо-талап жиберет.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин жаран бир айдын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин алмаштырууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларынын тийиштүү жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн берүүгө алып келет.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк берилет жана туулгандыгы тууралуу (никелешүү тууралуу, никенин бузулгандыгы тууралуу) жаңы күбөлүк берилет. Мында электрондук жана кагаз жүзүндөгү туулгандыгы тууралуу актыны жазууга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белги коюлат.
Мурда берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр алып коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Никелешүүдөн кийин фамилиясы жалпы фамилия катарында тандалып алынган жубайдын фамилиясы өзгөргөн учурда, жубайынын экинчиси фамилиясын жубайынын жаңы фамилиясына же өзүнүн никеге чейинки фамилиясына өзгөртүүгө милдеттүү.
59. Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө арызы боюнча гана өзгөртүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодон кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белгини киргизүү үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.
61. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү бир эле убакта мамлекеттик каттоого жол берилбейт.
Жаран берген арызынын негизинде атын гана же болбосо фамилиясын гана, же болбосо атасынын атын гана, же болбосо фамилиясын жана атын, же болбосо фамилиясын жана атасынын атын, же болбосо атын жана атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кийинки мамлекеттик каттоого бир жыл өткөндөн кийин мүмкүн болот.
Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.
Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо
62. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
63. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
- өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ.
64. Өлгөндүгү жөнүндө төмөнкүлөр билдирүүгө милдеттүү:
- өлгөн адамдын жубайы, башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлгөн учурда жанында болгон же өлгөндүгү жөнүндө башкача түрдө кабардар болгон кандай болбосун башка адам;
- медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси - эгерде адам ушул уюмда же мекемеде жүргөн учурда өлүмгө учураса;
- жазаларды аткаруу мекемеси - эгерде соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса;
- алгачкы текшерүү же тергөө органы - өлгөн адамдын ким экендиги аныкталбаган учурда, адамдын өлүмүнө байланыштуу же өлгөндүгүнүн фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан болсо;
- аскердик бөлүктүн командири - эгерде адам аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса.
65. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда кемеде, поездде, самолётто же башка транспорт каражатында өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо өлгөн адам транспорттук каражаттан чыгарылган аймактын чегинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
66. Эгерде экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон алыскы жерде өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо адам өлгөн жерге жакын жайгашкан жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
67. ИЖНи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ИЖНи жок жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон кийин өлгөн адамдын туулгандыгы тууралуу жазуу "ЖААЖ" АМСтин базасында болгон учурда, маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу туулгандыгы тууралуу жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу белгилерди киргизүү үчүн электрондук жана кагаз жүзүндө жиберилет.
69. Сканерленген документтер - өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлөндүрүүлөр, фельдшердик маалым каттар, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү жана чечими көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык архивде сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Белгисиз, таанылбаган адамдардын өлгөндүгүн каттоо жөнүндө соттук-медициналык экспертиза органынын арызы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөн адам таанылган жана анын маалыматтары менен медициналык күбөлүк берилген учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн адам тууралуу тийиштүү маалыматтар киргизилгенден кийин берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Мыйзамда белгиленген тартипте өлдү деп жарыяланган адамдардын өлүмүн каттоодо "Өлгөн датасы" графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата, "Өлгөн жери" графасына - "белгисиз" деп жазылат. Эгерде соттун чечими менен адамдын белгилүү бир убакта өлгөндүгүнүн фактысы белгиленсе, анда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн датасы болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде көрсөтүлгөн дата жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Өлгөн адамдын паспортунун же аскердик билетинин (каттоо күбөлүгүнүн) жоктугу өлгөндүгү тууралуу актыны каттоодон баш тартууга себеп болуп саналбайт, мындай учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга белги коюлат.
73. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.
74. Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн;
- мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- качкындын күбөлүгү;
- "Кайрылман" күбөлүгү
75. Жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлүктүн;
- жарандыгы жок адамдын жашап туруу укугу.
76. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу легалдаштырылган, апостилирленген жана мамлекеттик же расмий тилге которулган документтер, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү катталгандыгын ырастоочу чет мамлекеттин документи келип түшкөн учурда, "ЖААЖ" АМСте жаранга "өлгөн" статусу ыйгарылат.
Башка учурларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан же чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу маалымкаттар, кабарлоолор формасындагы маалыматтар келип түшкөн учурда "ЖААЖ" АМСте жаран жөнүндө маалыматтарда "өлгөн"." деген белги коюлат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү өлгөндүгү тууралуу актыны жазуунун негизинде арыз ээсине өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн берет. Өлгөн адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда аларга да өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кайталанып берилет. Өлгөндүгү тууралуу бардык берилген күбөлүктөр, анын ичинде кайталанып берилгендер жарактуу болуп саналат.";
Өлгөн адамды көмүүгө жөлөк пул алуу үчүн белгиленген формадагы маалым кат арыз ээсине бир эле жолу берилет.
Өлгөн адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер алып коюлат жана акт боюнча калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
78. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүлөрдүн электрондук түрдөгү арызы;
- баланын никеде турбаган атасынын жана энесинин;
- бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атасынын, энеси өлгөн же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен.
Аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү баланын атасы менен никеде турбаган баланын энесинин арызы боюнча туулгандыгы катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Баланын туулгандыгы катталгандан кийин анын энеси менен никеде турбаган баланын атасынын аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгиленген формадагы арызды берүүдө төмөнкү документтердин бири берилүүгө тийиш:
- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ("ЖААЖ" АМСте өлгөндүгү тууралуу актыны жазуу жок болгон учурда);
- энесин аракетке жөндөмсүз деп таануу же аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;
- атасы жашы жете элек балага карата аталыгын аныктоо жөнүндө арыз берген учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген, аталыгын аныктоого бул органдын макулдугун ырастоочу документ;
2) аталыгын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча аталыгын аныктоо жөнүндө арыз баланын атасы жана энеси (алардын бири) же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;
3) бала асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча бала асырап алуу жөнүндө арыз бала асырап алуучулар же алардын бири же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
Бала асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде баланын туулган датасы жана (же) жери, баланын туулгандыгы мамлекеттик катталган жер өзгөртүлгөн учурда арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу менен баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлөт. Баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актынын мурда жазылган жазуусуна киргизилет;
4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актыны жазуу;
5) оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча ЖААЖга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз кызыкдар адам же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;
6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыны жазууга киргизүү же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы;
7) он алты жашка толгон адамдын атасы же энеси (ата-энеси) атын өзгөрткөн учурда анын туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө арызы;
8) өлгөндүгү белгисиз адамдын өлүмү катары катталган өлгөн адамдын ким экендигин аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;
9) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы тууралуу белгиленген формадагы документ - эгерде өлүмү мурда катталган болсо;
10) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган учурларда жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Баланы асырап алгандыгына жана аталыгы аныкталгандыгына байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыны жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.
Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
80. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолор, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу белгилерди коюу үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.
81. Өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, ошол эле учурда ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүк алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Бала асырап алуу тууралуу маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат, купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билдирүүгө жана мазмунунда асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги көрсөтүлгөн документтерди берүүгө укуксуз.
83. Ага карата асырап алуу жөнүндө актыны жазуу бар жашы жеткен адам кайрылган учурда, анын арызы боюнча анын туулгандыгы тууралуу маалыматтар берилет.
84. Жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду жарандык абалдын актыларын жазууда төмөнкүдөй туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлгөн, ошондой эле орфографиялык каталарга жол берилген учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан чыгарылат:
- туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы маалыматтар жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтардан айырмаланса;
- кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актысын жазууда жарандын жеке маалыматтары менен айырмачылыктар болсо;
- берилген жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыгы менен дал келбестиктер болсо;
- өлүмдү мамлекеттик каттоо саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу болжолдуу маалымкаттын негизинде жүргүзүлсө, акыркы маалымкат көрсөтүлгөн учурда;
- жарандык абалдын актысын жазууда эки атасынын аты көрсөтүлсө;
- туулгандыгы тууралуу актыны жазууда ата-энеси жөнүндө толук маалымат көрсөтүлбөсө;
- баланын же жарандын иш жүзүндө туулгандыгы тууралуу актыны жазууда көрсөтүлгөндөн башка ысымы болсо;
- туулгандыгы тууралуу актыны жазууда баланын же жарандын толук аты көрсөтүлбөсө (кичирейткен, эркелеткен, кыскартылган);
- жарандык абалдын актысын каттоо учурунда каталарга жол берилсе (бурмалоо, маалыматтарды же айрым сөздөрдү өткөрүп жиберүү);
Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген ченемдерди эсепке албастан жүргүзүлсө.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин жарандык абалдын актысын жазууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө корутундусу электрондук форматта түзүлөт, анын негизинде жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу жаңы күбөлүк жазылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
84-1. ЖААКга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз жарандык абалдын актысы түзүлгөн адам тарабынан же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
Эгерде жарандык абалдын актысын жазуу 16 жашка толо элек же толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата түзүлсө, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз анын ата-энесинин бири, камкорчусу (көзөмөлчүсү) же алар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет.
Арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда КБМРдеги маалыматтарга ылайык жарандык абалдын актысын жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз таризделет, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жараксыз болгон учурда, - анын туулгандыгы тууралуу актыны жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Жарандык абалдын актысын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызды кароо мүмкүн болбогондо, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жарандарга жазуу жүзүндө негизделген баш тартуу берилет жана ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
86. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана жарандык абалынын актыларын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында каттаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү кайрылган жери боюнча жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
87. Жарандык абалдын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан арыз түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актысын жазуулар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда, жарандардын өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызы жарандык абалдын актыларын жазуулардын көчүрмөлөрү алынгандан кийин кабыл алынат.
88. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү боюнча мамлекеттик кызматтар арыз ээсинин каалоосу боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте акы төлөө негизинде шашылыш түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн.
89. Кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазууларга киргизилген өзгөртүүлөр жана оңдоолор жөнүндө белги жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлөт.
9-глава. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) сактоо тартиби жана мөөнөттөрү
90. Жарандык абалдын актыларын жазуулардын кагаз жүзүндөгү нускаларынан чогултулган, жип өткөрүлүп көктөлгөн, номер коюлган жана мөөр менен бекитилген жарандык абалдын актыларын жазуулар жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.
91. Номер коюлган жана мөөр менен бекитилген, жарандык абалдын актыларын жазуулардын автоматташтырылган маалыматтык системасында түзүлгөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун электрондук базасы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин түзүлгөн метрикалык китептер, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуулардын автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилгенге чейин түзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуулардын архивдик китептери компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо кирген жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.
92. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан түзүлгөн, жарандык абалдын актыларын жазуулардын кагаз жүзүндөгү нускаларынан чогултулган жарандык абалдын актысын жазуулар бир ай өткөндөн кийин ушул актыларды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документтер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн тиешелүү бөлүмүнө сактоого өткөрүлүп берилет.
93. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы Кыргыз Республикасынын архив мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) жана жарандык абалдын актыларынын электрондук жазууларын сактоонун талаптагыдай шарттарын түзүүнү камсыз кылат.
94. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) жана электрондук жазуулар жарандык абалдын актыларын жазуулар түзүлгөн күндөн тартып жүз жыл бою жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.
95. Жүз жыл өткөндөн кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органдары кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө чогултулган метрикалык китептерди мамлекеттик архивдерге өткөрүп берет.
10-глава. Жарандык абалдын актыларын жазууларды калыбына келтирүү жана жок кылуу
96. Жарандык абалдын актыларын жазуулар арыз ээси кайрылган жер боюнча соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилет.
97. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын белгилөө жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи жана экинчи нускаларынын жок экендиги жөнүндө билдирүүсү саналат.
98. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актысын жазуунун жоктугу калыбына келтирилүүчү жазуу болгон жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы, ошондой эле экинчи нускасы сакталган жер боюнча калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан ырасталууга тийиш. Мында текшерүү арызда көрсөтүлгөн калктуу конуштун китептери боюнча жети жыл үчүн (арызда көрсөтүлгөн жыл үчүн, ошондой эле мурдагы үч жыл жана кийинки үч жыл үчүн) жүргүзүлөт.
99. Жазуунун жоктугу жөнүндө билдирүү жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептеринин биринчи нускалары сакталган жер боюнча текшерүүдөн кийин гана, экинчи нускасы сакталган жер боюнча калкты жапа жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан берилет (жиберилет).
100. Бала асырап алууга байланыштуу туулгандыгы тууралуу калыбына келтирилген жазууну кошпогондо, калыбына келтирилген жазуунун негизинде берилүүчү жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарына жазуунун калыбына келтирилгенин ырастоочу белги коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Чет өлкөдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле жарандык абалынын актыларын тийиштүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында каттаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоголгон жарандык абалынын актыларын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээлери кайрылган жер боюнча сот органдарынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
102. Жарандык абалдын актысын жазууларды жок кылуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актысын жазуу сакталган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Мында жокко чыгаруу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими арыз ээси кайрылган жер боюнча аткарылат.
103. Баланын туулган жери жана датасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу соттун бала асырап алуу жөнүндө чечими боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазууну түзүүдө баланын туулгандыгы тууралуу актыны баштапкы жазуу жокко чыгарылууга тийиш, ошол эле учурда мурда берилген идентификациялык жеке номер блоктолот. Соттун бала асырап алуу жөнүндө чечими жокко чыгарылган учурда, баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу жокко чыгарылат, ал эми биринчи жазуу мурунку абалына келтирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
103-1. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жубайы келген учурда жана сот тарабынан соттун тиешелүү чечими жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын кайрылган жери боюнча биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.
Адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн өлгөндүгү тууралуу актыны жазуу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актыны жазуу баштапкы абалга келтирилет.
Соттун дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актыны жазуу баштапкы абалга келтирилет.
Никелешүү, өлгөндүгү же никенин бузулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жубайлар кайрылган жерде болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу органы санариптештирүү үчүн "ЖААК" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына үч жумуш күндүн ичинде суроо-талап жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
104. Жарандык абалдын актыларын жазууларды жокко чыгарууда жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу актыны жазуунун экинчи нускасы болгон жер боюнча кагаз жүзүндөгү жазууну жокко чыгаруу жөнүндө белгини коюу үчүн жиберилет.
105. Жарандык абалдын актыларын каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери техникалык каталарга жол берсе, "ЖААЖ" АМСтеги жарандык абалдын актыларын ырасталган жазуулар калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан оңдолууга же өчүрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан күбөлүктөр жана жокко чыгарылган жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөр берилбейт. Жокко чыгарылган актыларды жазуулардын көчүрмөлөрү сот органдарынын, ички иштер, улуттук коопсуздук жана прокуратура органдарынын суроо-талаптары боюнча берилет.
11-глава. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги
107. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты жана маалыматтардын купуялуулугу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкерине жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын алардын күнөөсүнөн улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укуктары бузулган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
108. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.