Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-марты № 101
Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги N 29-30 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-мартындагы № 101 токтомуна) |
Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) угуу жана сүйлөө жагынан майып адамдарга сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө маселелерин жөнгө салат.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) сурдокотормо - жаңсоо тилин оозеки тилге, анын ичинде сүйлөө кебине же тескерисинче которуу;
2) сурдокотормо кызматтарын керектөөчүлөр - угуу жана сүйлөө боюнча майыптыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана жашай туруу укугуна ээ болгон чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар;
3) мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр - сурдокотормо боюнча мамлекеттик кызмат керектөөчүгө ушул Тартипке ылайык жардам берүү;
4) сурдокотормочу - жаңсоо тилин оозеки кепке же тескерисинче которуу менен алектенүүчү адис;
5) сурдокотормочунун кызматтарын керектөөчүлөрдүн реестри (мындан ары - реестр) - сурдокотормо боюнча кызматтарды керектөөчүлөр тууралуу маалыматтарды топтоо жана сактоо үчүн арналган электрондук маалымат базасы;
6) кызмат көрсөтүүчү - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сурдокотормонун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тандап алынган каалаган жак же потенциалдуу тарап.
3. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алат.
4. Мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат.
5. Сурдокотормо кызматтарынын керектөөчүлөрүнө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1-беренесинде каралган учурларда сурдокотормочунун кызматтары көрсөтүлөт.
6. Мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү билими жана квалификациясы бар сурдокотормочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Сурдокотормо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн учурунда белгилүү болгон маалымат купуялуу болуп саналат жана ачыкка чыгарылбайт.
8. Сурдокотормонун кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) сурдокотормонун сырын жарыялабоо;
2) кесипкөйлүк;
3) калыстык;
4) сурдокотормонун тууралыгы.
2-глава. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби
9. Мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн угуу жана сүйлөө жагынан майып адам же анын кызыкчылыктарын коргогон адам иш жүзүндө жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары - аймактык бөлүм) арыз берет.
Мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга арызды берүү кайрылуу ээсинде же анын кызыкчылыктарын коргогон адамда электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинет аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
10. Мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызматтар угуу жана сүйлөө жагынан майып адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сот органдарынын суроо-талабы боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн.
11. Арызды/суроо-талапты тапшырууда төмөнкүдөй документтер берилет:
- майыптыгы бар адамдын же анын кызыкчылыктарын коргогон адамдын ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорт, жашы жетпегендер үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын көчүрмөсү.
12. Аймактык бөлүм арыз/суроо-талап келип түшкөн датадан тартып 3 иш күндөн кечиктирбестен аны карап чыгат, майыптыгы бар адамды реестрге киргизет жана ыйгарым укуктуу орган бекиткен формага ылайык сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жолдомо берет. Өзгөчө учурларда (ыкчам медициналык жардам, укук коргоо органдарына кайрылуу) аймактык бөлүм арызды/суроо-талапты бир иш күндүн ичинде карап чыгат.
13. Сурдокотормо кызматтарын керектөөчүлөр бир календардык жылда 40 саат көлөмүндө мамлекет кепилдеген сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сот органдарынын суроо-талаптарына ылайык сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр ушул пунктта белгиленген сааттардын санына кошулбайт.
Сурдокотормонун колдонулбаган сааттары кийинки календарлык жылга которулбайт. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдөн ыктыярдуу түрдө баш тартуу компенсацияланбайт.
14. Ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген сааттан ашыкча көрсөтүлгөн сурдокотормо кызматтарына сурдокотормо кызматтарын керектөөчү өз алдынча акы төлөйт.
15. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүдөн кийин 5 иш күндүн ичинде сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүчү тиешелүү аймактык бөлүмгө керектөөчү тарабынан тастыктамаларды, иш жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн убактысын жана кызмат көрсөтүүнүн формасын белгилөө менен аткарылган иштердин актысын жиберет.
16. Кызмат көрсөтүүчүгө акы төлөө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык кварталда бир жолу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3-глава. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби
17. Реестр ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.
18. Реестрге жарандардын майыптыгын күбөлөндүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте майыптыгы аныкталган адамдар киргизилет.
19. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтардын тизмеси камтылган:
1) сурдокотормо кызматтарын керектөөчүнүн аты-жөнү;
2) сурдокотормо кызматтарын керектөөчүлөрдүн жашаган (катталган) дареги;
3) сурдокотормо кызматтарын керектөөчүнүн байланыш маалыматтары;
4) календардык жылдар боюнча сурдокотормонун колдонулган жана колдонулбаган сааттарынын саны;
5) угуу жана сүйлөө жагынан майып адамды сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо жөнүндө сунуштарды камтыган реабилитациялоо боюнча жекече программасынан маалымат.
20. Эгерде угуу жана сүйлөө жагынан майып адам реестрге киргизилбеген болсо, бул адам иш жүзүндө жашаган же турган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылып, аны реестрге киргизүү тууралуу арыз берүүгө укуктуу.
21. Реестрге киргизүү тууралуу арыз 3 иш күндүн ичинде каралат. Аймактык бөлүм арызды карап чыгуунун жыйынтыктары тууралуу кайрылуу ээсин кабарлайт.
4-глава. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн формасы
22. Сурдокотормо боюнча кызматтар төмөнкүдөй формаларда аны көрсөтүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) сурдокотормочу адистин баруусу менен сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2) аралыктан сурдокотормо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
23. Сурдокотормочу адистин баруусу менен сурдокотормо боюнча кызматтарды көрсөтүү керектөөчүнүн түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
24. Аралыктан сурдокотормо боюнча кызматтарды көрсөтүү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
5-глава. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
25. Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн ишине мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле анын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат. Пландуу мониторинг кварталда бир жолу жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы мониторинг кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүсү берген арызга ылайык жүргүзүлөт.
Сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн иши ыйгарым укуктуу орган менен сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы келишимде белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Мониторинг жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
26. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий сайтында, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн имараттарында кулактандырууларды жайгаштыруу аркылуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу, ошондой эле сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө калкка туруктуу негизде маалымат берип турат.