Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-марты № 102
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 18-декабрындагы № 819
"Квалификациялык сынактарды кабыл алуу,
айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин
күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана берүү боюнча консулдук кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери алмаштырып бергендиги үчүн консулдук кызмат көрсөтүүгө каражат алуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым төлөнөт.";
- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 421-пункт менен толукталсын:
"421. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.";
- 43-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;";
- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 431-пункт менен толукталсын:
"431. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган документтердин түп нускасын сканерлейт жана корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Автоматташтырылган маалымат системасынын ишинде техникалык жактан иштен чыгып калуулар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери көрсөтүлгөн материалдарды компакт-дискке жаздырат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу дипломатиялык почта менен ыйгарым укуктуу органдын дарегине жөнөтөт.";
- 481-пункту "менен фиксацияланган" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 651-пункт менен толукталсын:
"651. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери квартал сайын айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын (эки нускада) түзүп, кол коёт жана алмаштыруу үчүн тапшырылган улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү андан ары жок кылуу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын консулдук кызматынын дарегине айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине андан ары жиберүү үчүн кайтарып берет.";
- 67-пунктунун биринчи абзацындагы "жана ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү" деген сөздөр ", ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 20-майынан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А.Марипов |