Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген |
Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
Эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 10-июлундагы № 378, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2021-жылдын 12-августу № 125, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344, 2025-жылдын 14-августундагы № 497, 2025-жылдын 20-августундагы № 509, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүүгө квалификациялык сынактарды өткөрүү жана тапшыруу тартибин белгилейт, ошондой эле сынактарды өткөрүү үчүн арналган контролдоочу техникалык каражаттардын курамын, көрсөтүлгөн техникалык каражаттарга коюлуучу талаптарды, аларды колдонуу шарттарын аныктайт, улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тиешелүү талаптарына ылайык келген улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр берилет.
3. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу жана чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүн алмашуу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери алмаштырып бергендиги үчүн консулдук кызмат көрсөтүүгө каражат алуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттар алынат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү квалификациялык сынактарды тапшыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу же алмаштыруу үчүн документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документке барабар.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августу № 125, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "А", "А1", "В", "В1", "С", "С1", "D", "D1", "ВЕ", "СЕ", "DE" "С1Е" жана "D1E" графаларында уруксат берүүчү белгилери бар айдоочулук күбөлүктөр тиешелүү категориядагы жана (категориячадагы) транспорт каражаттарын жана транспорт каражаттарынын курамын башкарууга укугу бар экенин тастыктап турат:
1) "А" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашык жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашык мотоциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
2) "А1" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашпаган, жана максималдуу кубаттуулугу 11 квт. ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) - он алты жашка толгон адамдарга;
3) "В" - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автоунаалар ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он жети жашка толгон адамдарга;
4) "В1" - моторлоштурулган трициклдер, квадрациклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
5) "С" - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан автоунаалар ("D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
6) "С1" - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашык, бирок 7500 кг ашпаган автоунаалар ("D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
7) "D" - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
8) "D1" - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары тогуздан он алтыга чейин отуруучу орундары бар автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
9) "ВЕ" - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автоунаалар; уруксат берилген салмагы 750 кг ашык чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган "В" категориясындагы автоунаалар - эки жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка толгон адамдарга;
10) "СЕ" - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген "С" категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
11) "С1Е" - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган "С1" категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
12) "DE" - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык болгон чиркегич чиркелген "D" категориясындагы автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн - 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
13) "D1E" - жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган "D1" (категориячасындагы) автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн - 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
14) “Т” – троллейбустар – жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Тиешелүү категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиясы бар окуу уюмдарынын бирдиктүү окуу пландарына жана программаларына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Айдоочулардын даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөнүн тастыктаган документ болуп окуткан окутуучу уюм тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү авомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүк эсептелет.
Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты ай. Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга келүүгө милдеттүү. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аталган адамдар кайра окутуу курсунан өтүүгө жана окутулганы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Автоунаа-трактор адистиги боюнча жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүргөн адамдарга дипломду жана ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берген, квалификациялык сынактарды тапшырган учурда "А", "А1", "В" жана "В1" категориялары (жана категориячалары) боюнча айдоочулук күбөлүк берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 509 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Жашы белгиленген куракка жете элек адамдар сынактардан оң жыйынтык алган учурда мыйзамдарда белгиленген жашы эрезеге жетиши керектиги каралган категориялардагы транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрү каттоо-сынак бөлүмдөрүндө сакталат жана белгиленген жашка толгондо берилет.
10. "В" жана "С" категорияларындагы автомототранспорт каражаттарынын айдоочулугуна окууну бүтүргөн окутуучу уюмдардын бүтүрүүчүлөрү квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган учурда он жети жашка толгондо "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүк берүүгө жол берилет. Бул учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окуганы жөнүндө күбөлүккө 18 жашка толгондо "С" категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга укук берген зарыл жазуулар киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жарандардын каалоосу боюнча тиешелүү жаш куракка толсо жана зарыл болгон үзгүлтүксүз стажы болсо, практикалык сынак тапшырылгандан кийин айдоочулук күбөлүккө уруксат берүүчү белгилерди коюуга жол берилет, тактап айтканда:
1) "А" категориясына - "А1" жана "В1" категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
2) "В" категориясына - "А", "А1 " жана "В1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;
3) "С" категориясына - "А", "А1", "В", "В1" жана "С1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;
4) "С1" категориячасына - "А", "А1", "В" жана "В1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;
5) "D" категориясына - "С", "С1" жана "D1" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
6) "D1" категориячасына - "C", "С1" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
7) "СЕ" категориясына - "С1Е" жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
8) "DЕ" категориясына - "СЕ", "С1Е" жана "D1Е" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык сынак өткөрүү жана тапшыруу тартиби
12. Квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ;
- айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- айдоочулук күбөлүк же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
"С", "С1", "D", "D1", "СЕ", "С1Е", "DЕ" жана "D1Е" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет.
Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматчысы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускаларын мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерлейт (арыз, мурунку айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ, окугандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн ырастаган документ, практикалык сынактарды тапшыруунун этаптык карточкалары).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Документтерди жана квалификациялык сынактарды кабыл алуу адамдардын жашаган (барган) ордунан көз карандысыз ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
14. Квалификациялык сынактар төмөнкү ырааттуулук менен кабыл алынат:
1) теориялык сынак;
2) практикалык сынак.
15. Теориялык сынак автоматташтырылган маалыматтык тутумду пайдалануу менен онлайн режиминде сынак тапшырмаларынын негизинде жүргүзүлөт.
Мында талапкер транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт.
Угуу жөндөмү бузулган талапкердин каалоосу боюнча теориялык сынакты сурдокотормону колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Теориялык сынакты өткөрүүдө айдоочулукка, анын ичинен троллейбусту айдоого талапкердин (мындан ары - талапкер) төмөнкүлөрдү билүүсү текшерилет:
1) Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын эрежелери;
2) автомототранспорт каражаттарын жол кыймылына пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор;
3) автомототранспорт каражатын коопсуз башкаруунун техникалык аспекттери;
4) жол-транспорт кырсыктарынын пайда болушуна шарт түзгөн факторлор;
5) жол кыймылынын коопсуздугуна таасир бере турган автомототранспорт каражатынын конструкциясынын элементтеринин абалы;
6) жол-транспорт кырсыгында жабыркаган адамдарга дарыгер келгенге чейин медициналык жардам берүүнүн методдору.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Теориялык сынак тапшыруу үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы сынактык тапшырмалар аралаш 20 суроодон турат. Теориялык сынак тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөт.
Теориялык суроолор транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан түзүлөт.
Жумушчу топтун курамына транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо, жол коопсуздугун камсыз кылуу, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү кирет.
Теориялык суроолордун тизмеги архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Сынактык тапшырмалардын 18 жана андан ашык суроосуна жооп берген талапкер теориялык сынакты тапшырган болуп эсептелет.
Теориялык сынакта алынган баа алты айга чейин жарактуу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Теориялык сынактын жыйынтыгы боюнча сынак алган адамдын кол тамгасы коюлган сынак карточкасы берилет.
20. Теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
Сынактарды өткөрүү класстарынан тышкары жерлерде теориялык сынактарды өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 , 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
21. Практикалык сынак реалдуу жол кыймылынын шарттарында алынат.
Практикалык сынактар башкаруу укугун алууга сынак тапшырылып жаткан автомототранспорт каражаттары менен тапшырылат.
"А", "А1" жана "В1" категориясындагы автомототранспорт каражатын башкаруу укугун алууга практикалык экзамен жабык аянтта же автодромдо гана жүргүзүлөт.
Практикалык сынак талапкерди даярдоону жүргүзгөн билим берүүчү мекеме тарабынан берилген автомототранспорт каражатында кабыл алынат. Зарыл жабдуулары бар болгон шартта ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн автомототранспорту менен практикалык сынактарды алууга жол берилет.
“Т” категориясында айдоо боюнча практикалык сынакты троллейбустардын айдоочуларын даярдаган окуу уюмдары троллейбустук башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын өкүлү менен бирдикте кабыл алат.”;
22. Практикалык сынак өткөрүүдө реалдуу жол кыймылынын шарттарында транспорт каражатын башкаруу учурунда талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышы, жол жагдайын баалоо жөндөмдүүлүгү, ага өз убагында жана туура реакция жасоо, ошондой эле белгилүү маневрлорду жана иш-аракеттерди аткаруу жөндөмү текшерилет.
23. Айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынак этап карточкасы боюнча тапшырылат:
Этап карточкасында практикалык сынакты баалоонун критерийлери камтылган.
Практикалык сынак төмөнкү этаптардан турат:
1) автомототранспорт каражатын жүргүзүүгө даярдануу;
2) автомототранспорт каражатын ордунан жылдырып баштоо;
3) кесилиштерден (жөнгө салынган, жөнгө салынбаган) өтүү;
4) автомототранспорт каражатын артка кайруу;
5) автомототранспорт каражатын артка карай жүргүзүү жана маневр жасоо;
6) автомототранспорт каражатын тормоздоо жана токтотуу (парковка).
7) фишкалар менен белгиленген участоктон өтүү (жылан);
8) эстакадага чыгаруу жана түшүрүү.
Башкаруу көндүмү боюнча практикалык сынак тапшыруу убактысы чектелген эмес. Талапкер автомототранспорт каражатын башкаруу боюнча эки же андан көп этапты тапшырбаган учурда башкаруу көндүмү боюнча практикалык сынак тапшырылган жок болуп эсептелет.
24. Теориялык жана практикалык сынактардын жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага сынак комиссиясынын сынак алууга катышкан мүчөлөрүнүн баары кол коюшу керек.
Комиссия теориялык сынакты кабыл алуу тартиби бузулгандыгын аныктаган учурда теориялык сынактын натыйжалары жокко чыгарылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Арыз, сынак карточкасы жана квалификациялык сынактардын жыйынтыктары бар этап карточкасы айдоочунун күбөлүгүн берүү үчүн негиз болот жана 10 жыл бою сакталат же автоматташтырылган маалыматтык системасында мөөнөтсүз сактоо үчүн сканерленет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Угуу функциясы бузулган талапкердин каалоосу боюнча практикалык сынак өткөрүүгө сурдо-котормочунун катышуусуна жол берилет.
Транспорт каражаттарын айдоочулукка талапкерлерде транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөр же медициналык чектөөлөр бар (жок) экендиги жөнүндө тиешелүү медициналык корутунду (мындан ары - медициналык корутунду) менен тастыкталган транспорт каражаттарын башкарууга медициналык чектөөлөр жана (же) медициналык көрсөтмөлөр талапкерде бар болгон учурда практикалык экзамендер атайын шаймандары бар же тиешелүү медициналык корутундуга ылайык белгилүү конструкциялык мүнөздөмөлөрү бар транспорт каражаттары менен өткөрүлөт.
27. Сынак комиссияларынын протоколдорунун, арыздардын, этап карточкаларынын формалары транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакциясына ылайык)
28. Сынактар техникалык контролдоочу каражаттарды (аудио жана видео жаздыруу) пайдалануу менен алынат. Теориялык сынактарды өткөрүү процессин аудио-видео каттоочу каражаттар сынак өткөрүүчү жайларда, ал эми практикалык сынактарды өткөрүү пайдаланылган автомототранспорт каражаттарына орнотулат.
Практикалык сынактарды өткөрүү процессин аудио-видео каттоочу каражаттар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
1) алдыдагы жол жагдайын видеого жаздыруу;
2) сынак алуучунун командаларын жана тапшырмаларын аудиого жаздыруу жана видеого жаздыруу;
Квалификациялык сынак өткөрүүдө аудио- жана видео маалыматтар сынакты кабыл алуу жаздырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде маалыматтын бүтүндүгүн камсыздаган электрондук алып жүрүүчүгө сакталат. Аудио жана видео маалыматтардын болушу жана сакталашы үчүн жоопкерчилик сынак комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.
29. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө экзамендик комиссиялар түзүлөт.
Квалификациялык сынактарды кабыл алуу үчүн сынак комиссиясы 3төн аз эмес адамдан турушу керек. Комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчиси бекитет.
Комиссияга төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн экиден аз эмес кызматкери, алардын бири комиссиянын төрагасы болот;
2) Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакциясына ылайык)
30. Квалификациялык сынактарды кабыл алууну кызматтык нускамасы менен квалификациялык сынак өткөрүү боюнча кызматтык милдеттер жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары (мындан ары - сынак алуучулар) жүргүзүшөт.
31. Сынак алуучулар төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- жогорку юридикалык билими же жер үстүндөгү транспорт каражаттары чөйрөсүндөгү жогорку техникалык билими болушу керек;
- практикалык сынактар өткөрүлүп жаткан категориялардагы жана подкатегориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугу болушу керек;
- 3 жылдан аз эмес транспорт каражаттарын башкаруу тажрыйбасы болушу керек.
32. Квалификациялык сынактарды тапшыра албаган, сынак алуучуларга же сынак кабыл алуунун жол-жоболоруна дооматтары болгон талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу түрүндө сынак алуучулардын иш-аракеттерине же сынактарды кабыл алуунун жол-жоболоруна даттанууга укуктуу.
3. Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
33. Ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер берилген жана квалификациялык сынактардан оң натыйжа алган шартта талапкер төрт иш күндүн ичинде улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга укуктуу.
Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык )
34. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, автомототранспорт каражаттарын башкарууга медициналык көрсөтмөлөрү бар адамдарга улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн тиешелүү графаларына мындай адамдарга автомототранспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү үчүн сактала турган шарттар жөнүндө белгилер коюлат.
Улуттук айдоочулук күбөлүктөр аларда көрсөтүлгөн чектөөлөр сакталган шартта жарактуу болуп таанылат.
35. Улуттук айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөткө берилет.
4. Эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
36. 1968-жылдын 8-ноябрында Вена шаарында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын № 41 Мыйзамы менен кошулган Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга (мындан ары - Вена конвенциясы) ылайык, Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо шартта гана квалификациялык сынактар тапшырылбастан, Конвенцияда каралган минималдык талаптарды эске алуу менен берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо жарактуу болот.
37.Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө төмөнкү документтерин берет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
2) транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
3) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
4) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
5) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн;
6) жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасын).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болсо, берүүгө жол берилет:
1) нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
2) өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ же болбосо "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөтүү;
3) ишеним берүүчүнүн колдонуудагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
4) ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт) көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт);
5) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
6) жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Берилген документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакциясына ылайык)
39. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү 3 жылдык мөөнөткө берилет.
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү 3 жылдан аз мөөнөткө жарактуу болгон учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот.
40. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, транспорт каражаттарын башкарууга медициналык көрсөтмөлөрү бар адамдарга улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн тиешелүү графаларына мындай адамдарга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү үчүн сактала турган шарттар жөнүндө белгилер коюлат.
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү аларда көрсөтүлгөн чектөөлөр сакталган шартта жарактуу болуп таанылат.
5. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана жоголгондордун ордуна берүү тартиби
41. Мурда берилген айдоочулук күбөлүктүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү төмөнкү учурларда сынак тапшырбастан жүргүзүлөт:
1) айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
3) эгер айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
4) айдоочулук күбөлүк жоголгондо.
42. Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу адамдардын жашаган (барган) ордунан көз карандысыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүндө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтомунун редакциясына ылайык)
421. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102 токтомунун редакциясына ылайык)
422. Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисине кирүү мүмкүндүгүн алышат жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында идентификациялоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктүн ордуна Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы/”Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн онлайн-форматта берүү төмөнкү учурларда мүмкүн болот:
– айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү аяктаса;
– ээсинин айдоочулук күбөлүктө камтылган жеке маалыматтары өзгөрсө;
– эгерде айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун же башка себептердин натыйжасында андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу түрдө аныктоого мүмкүн болбосо;
– айдоочулук күбөлүк жоголсо.
Кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөндүгүн ырастаган электрондук документ болгондо берилет, анын берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш.
Улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисинде улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн арыз ээсине төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:
– фотоидентификациялоодон өтүү;
– онлайн-арыз берүү;
– арыз берүүдө “Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу” же “Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда аны калыбына келтирүү” кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
– айдоочулук күбөлүктү почта байланышы аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарылдыгына жараша);
– айдоочулук күбөлүк үчүн түзүлүштүн камерасынын жардамы менен арыз ээсин сүрөткө тартуу каралган фотоидентификациялоо жол-жобосунан өтүү;
– айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төлөө. Төлөм QR-коду боюнча электрондук формада жүргүзүлөт.
Арыз “Айдоочулук курамдын регистри” АМСке жиберилгенден кийин айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервиси автоматтык режимде арыздын кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
Эгерде айдоочулук күбөлүк системада жок болсо же санариптештирилбесе, арыз ээси төмөнкү маалыматтарды киргизүү менен онлайн-санариптештирүүдөн өтүшү керек:
– электрондук почта дареги – автоматтык түрдө толтурулат;
– жарактуу айдоочулук күбөлүктүн сүрөтүн жүктөө (алдынкы жана арткы бети);
– айдоочулук күбөлүктү санариптештирүү үчүн арыз жиберилүүчү бөлүмдү тандоо.
Сүрөттөр туура эмес жүктөлгөн учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери себептерин көрсөтүү менен өтүнмөнү четке кагууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтомунун редакциясына ылайык)
423. Улуттук айдоочулук күбөлүктү даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып бир жумуш күндөн эки жумуш күнгө чейин болот. Арыз ээси арыздын кароо статусун “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Арыз ээси көрсөтүлгөн дарекке почта аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн биринен улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктү алат.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда мурда берилген айдоочулук күбөлүк милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органга кайтарылууга тийиш.
Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жеткирүү, тапшыруу жана мурда берилген айдоочулук күбөлүктөрдү кайтаруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020, 2023-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасында жайгашкан же андан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны үчүн;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Берилген документтердин түп нускалары сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет жана айдоочулук күбөлүк алмаштырылганда бардык реквизиттер толтурулгандан кийин ээсине кайтарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
431 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган документтердин түп нускасын сканерлейт жана корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Автоматташтырылган маалымат системасынын ишинде техникалык жактан иштен чыгып калуулар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери көрсөтүлгөн материалдарды компакт-дискке жаздырат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу дипломатиялык почта менен ыйгарым укуктуу органдын дарегине жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштырган улуттук айдоочулук күбөлүктү берүүдө мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктө камтылган тиешелүү белгилер жана жазуулар жаңы айдоочулук күбөлүккө көчүрүлөт.
45. Айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинен мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун республикаларында 1992-жылдын 1-январына чейин берилген "SU" (СССР) айырмалап туруучу белгилери бар айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгондо квалификациялык сынактар тапшырылбастан жүргүзүлөт.
46. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июлундагы № 378 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
47. Мурда улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алган учурда айдоочулук күбөлүк ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде калыбына келтирилет.
Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерден алган айдоочулук күбөлүгү жоголгон учурда чет мамлекеттин айдоочуларды даярдаган окутуучу уюмун бүтүргөнү тууралуу документи болсо айдоочулук күбөлүк ушул Эрежелерде каралган жалпы негизде калыбына келтирилет.
48. Башка мамлекеттерден берилген чет өлкөлүк жарандардын жоголгон (уурдалган) чет өлкөлүк улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгү берилбейт.
481. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.";
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жараксыз деп таануу
49. Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз деп таанылат:
1) айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
3) эгер айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбосо;
4) эгер айдоочулук күбөлүк белгиленген тартипте жалган (жасалма) деп таанылган документтердин негизинде берилсе же ушул Эрежелерде белгиленген тартипти бузуу менен берилсе;
5) эгер жаңы айдоочулук күбөлүк берилсе;
6) эгер автомототранспорт каражатынын айдоочусунда транспорт каражаттарын башкарууга каршы көрсөтмөлөр же мурда аныкталбаган медициналык чектөөлөр табылса.
50. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын электрондук маалыматтык базасында берилген Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин, ошондой эле жарактуу жана жараксыз Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.
51. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү жараксыз деп таанылган учурда анын негизинде берилген Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү жараксыз деп эсептелет.
52. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн таап алган адамдар аны ыйгарым укуктуу органга тапшырышы керек.
7. Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекетте берилген жана жогоруда аталган Конвенциянын талаптарына шайкеш келген улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Чет өлкөлүк адамдын улуттук айдоочулук күбөлүгү жогоруда аталган Конвенциянын талаптарына шайкеш келбеген учурда, ал улуттук айдоочулук күбөлүгүнө кошумча түрдө эл аралык айдоочулук күбөлүктү ала жүрүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
2) транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документ, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
5) чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү жана чет мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосу;
6) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Колдонуудагы чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын алкагында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат.
Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
57. Чет өлкөлүк жарандан квалификациялык сынак кабыл алуу ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жок адамдарга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн берүү ушул Эрежелерде каралган жалпы негизде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкалар каралбаса, ушул Эрежелерде каралган практикалык сынакты өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 , 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60. Вена конвенциясынын катышуучусу болбогон өлкөлөрдүн жарандары квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жана ушул Эрежелердин 56-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенден кийин өздөрүнүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүндө камтылган тиешелүү белгилер жана жазуулар Кыргыз Республикасынын, айдоочулук күбөлүк берилген датадан жана аяктаган датадан тышкары, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө көчүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Айдоочулук күбөлүктөрдү кайтарып берүү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
62. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
63. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу жөнүндө токтом адамга транспорт каражаттарын башкарууга укук берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан айдоочулук күбөлүктү алып коюу жана аны ушул укуктан ажыраткан мөөнөткө сактоо жолу менен аткарылат.
Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган айдоочу тийиштүү күбөлүктү өткөрүп берүүдөн баш тартса, ички иштер органдары тарабынан күбөлүк мажбурлоо тартибинде алып коюлат.
Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган адамга айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берүү же берүү ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин жана квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
64. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган адамдар ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн төмөнкүлөрдү беришет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- айдоочулук курамды даярдоочу окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарда окугандыгы тууралуу күбөлүктү.
Электрондук маалымат базасында маалыматтары бар болсо, күбөлүк берилбейт.
Окугандыгы жөнүндө күбөлүгү жана электрондук маалымат системасында маалыматтары жок болсо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдын айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет;
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы N 344 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы N 344 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы N 344 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасы).
Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынын кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системада электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү төмөнкү учурларда жок кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийинки эки жылдын ичинде талап кылынбаган;
2) даярдалгандан кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;
4) мамлекеттик органдардан жана жарандардан келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган, жоголгон жана ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жеткирилип берилген.
Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартибин транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
651. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери квартал сайын айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын (эки нускада) түзүп, кол коёт жана алмаштыруу үчүн тапшырылган улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү андан ары жок кылуу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын консулдук кызматынын дарегине айдоочулук күбөлүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине андан ары жиберүү үчүн кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Берилген Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна чет өлкөлүк жарандар тапшырган башка мамлекеттердин эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталат жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан ээлерине алардын талабы боюнча кайтарып берилет.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү алынат жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө негиз болгон документтерге көктөлүп, белгиленген тартипте жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон документтерди сактоо тартиби жана мөөнөтү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болуучу документтер (арыздар, эски айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жөнүндө документтер, окугандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция) мөөнөтү чектелбестен сактоо үчүн электрондук маалымат базасында сканерленет.
Сынак комиссиясынын протоколдору 10 жыл сакталат.
Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү реестри 60 жыл сакталат.
Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсү жокко чыгарылган орундарда сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
68. Окугандыгы тууралуу күбөлүктөр, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү ырастаган документ сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет жана бардык реквизиттер толтурулгандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө ээсине кайтарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга берилген чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууда Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтер менен бирге сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталып турган башка мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү он жыл өткөндөн кийин ээлери талап кылбаган учурда ошол мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына же алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Ыйгарым укуктуу орган, жол кыймылынын эрежелерин билүүгө квалификациялык сынактарды кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу боюнча чара көрүү үчүн материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Ыйгарым укуктуу орган тийиштүү жолдомону алгандан кийин үч ай өткөндө, укук бузууну жасаган адам квалификациялык сынакты кайрадан тапшырууга келбей калган учурда транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу жөнүндө маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системага киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Укук бузуучу ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда, ушул Эрежелердин 71-пунктунда каралган тартипте квалификациялык сынактарды кайрадан тапшырууга каттоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Теориялык сынакты ийгиликтүү тапшырганда, укук бузууну жасаган айдоочу, укук бузуу акыркы жолу жасалган транспорт каражатынын ошол эле категориясы боюнча практикалык сынакты тапшырууга катталууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Укук бузууну жасаган адамдар тарабынан квалификациялык сынактарды кайрадан тапшыруу ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун убактылуу токтотуу квалификациялык сынактарды кайрадан тапшыруу ийгиликтүү өткөндө гана жокко чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)