Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлу № 396 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 23-марты № 106

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 03/1674 корутундусун, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 69 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагынын № 612 (2,40 га), № 613 (5,0 га), № 539 (2,40 га), № 540 (3,60 га), № 573 (9,0 га) контурларында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 22,40 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов