Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 112
Санариптик трансформация боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Статистика органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Штаттын санын кыскартуунун натыйжасында үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын республикалык бюджетке которулары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
1. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар борбору | ||
1 | Директор | 16600 |
2 | Директордун орун басары | 14800 |
3 | Бөлүм башчы | 13600 |
4 | Сектор башчы | 10200 |
5 | Юристконсульт | 9500 |
6 | Башкы инженер - программист | 14500 |
7 | Инженер-программист | 14000 |
8 | Башкы адис | 10000 |
9 | Жетектөөчү адис | 9000 |
10 | Китепканачы | 6500 |
11 | Устат (мастер) | 7200 |
12 | Басуучу (печатник) | 6800 |
13 | Чарба башчысы | 6800 |
14 | Брошюралоочу | 6500 |
15 | Кескич машинанын машинисти | 6500 |
16 | Архивариус | 6500 |
2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту | ||
17 | Директор | 16600 |
18 | Бөлүм башчы | 13600 |
19 | Эксперт | 14000 |
20 | Башкы адис | 10500 |
21 | Жетектөөчү адис | 9000 |
22 | Адис | 8500 |