Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-марты № 114
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 314-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "Иши улуттук, этностук, расалык," деген сөздөрдөн кийин "саясий," деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "жарандарды анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгыруу же" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 43-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 315-1-берене менен толукталсын:
"315-1-берене. Экстремисттик ишти каржылоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо ниетинде же каражаттардын ушул максаттарга толук же жарым жартылай колдонула тургандыгын түшүнүү менен каалагандай методдор же ыкмалар менен, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды чогултуу, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү.
1. Ушул беренеде каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
2. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасашкан адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу же сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
153-беренесинин 9-бөлүгү "313, 315" деген цифралардан кийин ", 315-1" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|