Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-марты № 113
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги № 155 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө ишке ашыруу тартибин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги № 155 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "жана салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотууну караган" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча салыктык жана бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу бөлүгүндө эл аралык уюмдардын ишин жүзөгө ашыруу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту:
"уюмдарга" деген сөзгө чейин "долбоордун алкагында товарларды жеткирүүчү/импорттоочу, иштерди аткаруучу же кызматтарды көрсөтүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
"долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнө" деген сөздөргө чейин "иш жүргүзгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген киреше салыгына, пайдадан алынуучу салыкка жана резидент эместердин киреше салыгына, камсыздандыруу чегерүүлөрүнө колдонулбайт.";
- 5-пунктунда:
2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) гранттык каражаттардын эсебинен импорттолуучу товарлар уюмдун, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, башкы подрядчиктин атынан тышкы экономикалык бүтүм болгон учурда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн КНСти, акциздик салыкты, бажы алымдарын, бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулат;";
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) кредиттик каражаттардын эсебинен импорттолуучу товарлар, уюмдун, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, башкы подрядчиктин атынан тышкы экономикалык бүтүм болгон учурда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн КНСти, акциздик салыкты, бажы жыйымдарын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленген учурларда бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:
"5-1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларды, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди эске алуу менен берилет.";
- 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салыктардын, алымдардын жана башка төлөмдөрдүн суммасы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралат жана бюджеттин каражаттарынан төлөнөт, анын ичинен финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду кошо каржылоо мүмкүндүгүн ырастаганда, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү узартылган учурда;
2) каражат бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралбаган учурда, салык салуу ушул Жобонун 5-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык жүргүзүлөт.";
- 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жыл сайын 20-декабрга чейин салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) долбоорлорду ишке ашырууга катышкан юридикалык жактардын тизмесин (тендерди утуп алган башкы подрядчиктер, субподрядчиктер, анын ичинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн билдирилген көлөмдөрү), ошондой эле долбоордун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты, алар андан ары салык жана бажы органдарына жиберилүүгө тийиш;
2) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын көчүрмөлөрүн;
3) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушун ырастаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн;
4) коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүн (долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган менен долбоорду ишке ашырууга катышкан же аларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн контракттар, мындай контракттарга толуктоолор жана тиркемелер).
Долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар он жумуш күндүн ичинде салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун аякташы жөнүндө маалымдашат.
10. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген маалыматтын негизинде:
1) эл аралык финансы уюмдары каржылоочу долбоорлордун тизмесин түзөт;
2) салык жана бажы органдарына долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мөөнөтүнө салык салуу тартиби боюнча каттарды жиберет.
Ыйгарым укуктуу салык органы, ыйгарым укуктуу бажы органы долбоорду ишке ашыруунун алкагында андан ары салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү башкарууда салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катын жетекчиликке алат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги N 29-30 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |