Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча салыктык жана бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу бөлүгүндө эл аралык уюмдардын ишин жүзөгө ашыруу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды (мындан ары - эл аралык келишимдер жана башка макулдашуулар) ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эл аралык келишимдер жана башка макулдашуулар менен жөнгө салынуучу салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу республиканын салык органдарында каттоодо эл аралык уюмдарга, башкы подрядчиктерге, ошондой эле эл аралык келишимдерди жана башка макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдер боюнча иш жүргүзгөн долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнө колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген киреше салыгына, пайдадан алынуучу салыкка жана резидент эместердин киреше салыгына, камсыздандыруу чегерүүлөрүнө колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Жобо байланыш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө (электр энергиясын, газды, ысык жана муздак суу, жылуулук берүү, радио, телеантенна ж.б.) колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Эл аралык келишимдерде жана башка макулдашууларда салыктардан, алымдардан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу каралса, же эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын алкагында берилүүчү каражаттар салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн пайдаланбоого тийиш деп көрсөтүлсө, салык алуу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) жеткирүү үчүн тиешелүү келишимдер жана контракттар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында субподряд уюмдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык уюмдарга, башкы подрядчиктерге, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнө, эл аралык консультанттарга жеткирүүсү кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) жана сатуудан салыкты төлөөдөн бошотулат;
2) гранттык каражаттардын эсебинен импорттолуучу товарлар эл аралык уюмдун, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, башкы подрядчиктин атынан тышкы экономикалык бүтүм болгон учурда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн КНСти, акциздик салыкты, бажы алымдарын, бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулат;
3) кредиттик каражаттардын эсебинен импорттолуучу товарлар эл аралык, уюмдун, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, башкы подрядчиктин атынан тышкы экономикалык бүтүм болгон учурда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн КНСти, акциздик салыкты, бажы жыйымдарын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленген учурларда бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларды, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди эске алуу менен берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эл аралык келишимдерде жана башка макулдашууларда долбоорду каржылоого тиешелүү болгон салыктар, алымдар жана башка төлөмдөр займ алуучунун жоопкерчилиги болот, же салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт деп белгиленсе, салык алуу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) салыктардын, алымдардын жана башка төлөмдөрдүн суммасы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралат жана бюджеттин каражаттарынан төлөнөт, анын ичинен финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду кошо каржылоо мүмкүндүгүн ырастаганда, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү узартылган учурда;
2) каражат бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралбаган учурда, салык салуу ушул Жобонун 5-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Субподряд уюмдары материалдык ресурстарды сатып алып, аларды эл аралык уюмдарга, башкы подрядчиктерге жеткиргенде төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон КНС эсепке алынбайт, эсеп-фактураларда өзүнчө сап менен бөлүнүп көрсөтүлбөйт жана жеткирүүнүн наркына кошуп эсептелет, ал эми ушул жеткирүүнү жүргүзүү максатында колдонулуучу материалдык ресурстардын сатып алынгандыгы үчүн сатуудан салыктар жеткирүүнүн наркына кошулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Төлөмдөрдөн бошотулган жеткирүүлөрдү эл аралык уюмдарга жүргүзгөндө так отчет берүү бланктарын, КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө милдеттүү болуп эсептелбейт.
9. Долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жыл сайын 20-декабрга чейин салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) долбоорлорду ишке ашырууга катышкан юридикалык жактардын тизмесин (тендерди утуп алган башкы подрядчиктер, субподрядчиктер, анын ичинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн билдирилген көлөмдөрү), ошондой эле долбоордун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты;
2) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын көчүрмөлөрүн;
3) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушун ырастаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн;
4) коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүн (долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган менен долбоорду ишке ашырууга катышкан же аларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн контракттар, мындай контракттарга толуктоолор жана тиркемелер).
Долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар он жумуш күндүн ичинде салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун аякташы жөнүндө маалымдашат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген маалыматтын негизинде:
1) эл аралык уюмдар каржылоочу долбоорлордун тизмесин түзөт;
2) салык жана бажы органдарына долбоорго салык салуу тартиби боюнча каттарды жиберет.
Ыйгарым укуктуу салык органы, ыйгарым укуктуу бажы органы долбоорду ишке ашыруунун алкагында андан ары салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү башкарууда салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катын жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № 113, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 611 токтомдорунун редакцияларына ылайык)