Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 25-марты № 116
"2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары жана Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу), Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин бардык кызыктар министрликтер, ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2020-ж. 22.09. № 6-3219и/20 каты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2020-ж. 22.09. № 6-3218и/20 каты, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-ж. 29.09. № 6-3265и/20 каты) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 355-б буйругу менен жактырылган.
Техникалык жардамдын алкагында кошумча нарк салыгын (КНС) контролдоо боюнча заманбап технологияларды колдонуу, жүргүзүлгөн транзакциялар жөнүндө маалыматты салык органдарына берүүчү адистештирилген контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдалануу менен чекене сатуу түйүнүндө товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоонун заманбап технологияларын колдонуу; аналитикалык платформаны түзүүнүн алкагында эсептөө кубаттуулуктарын камсыздоо; салыктык башкаруунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү; иштеп жаткан системалардын компоненттерин модернизациялоо, аналитикалык платформаларды жана аналитикалык шаймандарды, анын ичинде КНС боюнча салыктык башкарууну өркүндөтүү жана ККМди пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо үчүн фискалдык маалыматтарды жана эсеп-фактураларды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын салык органдарынын системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды алуу пландалууда.
Аталган максаттарга жетүү үчүн россиялык тараптан Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруунун бизнес-процесстерин долбоорлоо жана моделдөө методикасын иштеп чыгуу; "колдонулуп жаткан" салыктык башкаруунун бизнес-процесстерин бирдиктүү методика боюнча талдоону жана сүрөттөөнү төмөнкүлөр боюнча ишке ашыруу пландалууда:
- КНСти салыктык башкаруу;
- ККМди пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо;
- салыктык башкаруунун бизнес-процесстерин автоматташтыруунун колдонулган каражаттарына техникалык аудит жүргүзүү; КНСти жана ККМди Россия Федерациясында колдонулуучу алдыңкы технологияларды жана ыкмаларды эске алуу менен "кандай болушу керек" салыктык башкаруунун бизнес-процесстерин долбоорлоо жана моделдөө; Кыргыз Республикасынын салык органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо концепциясын иштеп чыгуу; Кыргыз Республикасынын салык органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоого техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу; аналитикалык платформаны түзүүнүн алкагында эсептөө кубаттуулуктарын камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү; салыктык башкаруунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү сунуштарын иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү; иштеп жаткан системалардын компоненттерин модернизациялоо, аналитикалык платформаларды жана аналитикалык шаймандарды түзүү.
Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Белгилей кетүүчү жагдай, ратификацияланган учурда ушул Макулдашуу кандайдыр бир финансылык чыгымдарга, ошондой эле башка терс финансылык-экономикалык кесепеттерге алып келбейт.