Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 25-марты № 117
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өзгөчө кырдаалдарга өз убагында жана ыкчам чара көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жободо:
- 6-пунктундагы "Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 2/1" деген сөздөр "Ош шаары, Нариман көч. н-ж" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республикалык бюджеттен 2021-жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |