Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 130
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобо;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жогоруда аталган департаменттерди жана агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- ушул токтомго ылайык келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 токтомунун 2-пункту, 3-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары жана 4-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгын кайра түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|