Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-апрели № 127
Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мейкиндиктик байланышын камсыз кылуу үчүн алардын тармагын өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, жаныбарлардын табигый миграция жолдорун жана өсүмдүктөрдүн таралышын коргоо максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-апрелиндеги N 33 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |