Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 127 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби (мындан ары - Тартип) "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана экологиялык коридорлорду түзүүнү, аларды коргоо режимдерин белгилөөнү жана аларга кирген жерлерди пайдаланууну жөнгө салат.
2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр:
1) биологиялык түрдүүлүк (биотүрдүүлүк) - бардык булактардагы, анын ичинде кургактагы, деңиз жана башка суу экосистемаларындагы жана алар курамына кирген экологиялык компоненттердеги тирүү организмдердин түрдүүчө болушу, ошондой эле бир түрдүн ичиндеги түрлөрдүн жана экосистеманын түрдүүлүгүн камтыйт;
2) жаныбарлардын миграциясы - жаныбарлардын башка жерлерге барып байырлап калышы, анын ичинде жашоо шарттарынын өзгөрүшүнөн улам же өнүгүү циклине байланыштуу алыс аралыктарга баруусу;
3) байырлаган жери - организм же популяция табигый түрдө жолуккан жер же участоктун түрү;
4) экологиялык коридор - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин табигый миграциясын (таралышын) камсыз кылуу жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын бири-бири менен байланыштырган, жер жана суу объектилеринин корголуучу участоктору тарабынан көрсөтүлгөн экологиялык тармактын бөлүгү;
5) экологиялык тоскоолдуктар - жаныбарлардын кыймылына жана өсүмдүктөрдүн таралышына, биогеохимиялык жана биогеоценотикалык жөнгө салынышына тоскоол болгон табигый, табигый-техногендик жана техногендик элементтер/объектилер (бийик тоо системалары, ландшафттар, каналдар, транспорттук жолдор).
3. Экологиялык коридорлор табигый жана жасалма (адам жасаган) болушу мүмкүн.
4. Экологиялык коридорлорду долбоорлоо жана түзүү, аларды коргоо жана иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) учурдагы жылга каралган каражаттарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алар башкарган жана контролдогон аймактарга ылайык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, берилген ыйгарым укуктардын чегинде, ошондой эле аталган органдардын алдында иштеген фонддордун атайын каражаттарынын, эл аралык донордук уюмдардын гранттык каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Экологиялык коридорлордун негизги максаттары жана милдеттери
5. Экологиялык коридорлор популяциялардын мейкиндик-генетикалык биримдигин жана бүтүндүгүн камсыздоо, жаратылыш комплекстерин, алардын биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүгүн сактоо, чарбалык баалуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, жаныбарлардын табигый миграция жолдорун, өсүмдүктөрдүн таралышын камсыз кылуу максатында түзүлөт.
6. Экологиялык коридорду түзүү төмөнкү негизги милдеттерди аткарууга багытталган:
1) биологиялык түрдүүлүктүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген айрым түрлөрү үчүн ыңгайлуу болгон, алардын азыктануусун, көбөйүшүн жана миграциясын/таралышын камсыз кылган негизги ландшафтты коргоо, тоюттук жана башка шарттарды сактоо;
2) экосистемалардын мейкиндик-генетикалык биримдигин жана байланышын сактоо, алардын бөлүнүп-жарылышына жол бербөө;
3) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрдүк курамын сактоого, алардын санын сактоого жана көбөйтүүгө, алардын жашоо шарттарынын/өсүшүнүн, миграциясынын/таралышынын шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү.
7. Экологиялык коридорлорду түзүү максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу каралган:
1) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин байырлоо/өсүү шарттарына жана абалына мониторинг жүргүзүү;
2) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, алардын байырлоо/өсүү чөйрөсүн, экологиялык коридорлорду коргоонун жана аларга кирген жерлерди пайдалануунун белгиленген режимдеринин аларга тийгизген таасирин изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү; тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо жана изилдөө;
3) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн корголуучу объектилеринин байырлашы жана көбөйүшү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча биотехникалык, коргоочу жана эсепке алуу иштерин жүргүзүү;
4) жергиликтүү калктын, окуучулардын жана туристтердин арасында жаратылышты коргоо жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу; экологиялык тарбия жана экологиялык билим берүү.
3-глава. Экологиялык коридорлорду түзүү тартиби
8. Экологиялык коридорлорду түзүү төмөнкү принциптерге негизделет:
- ландшафттык ыкма;
- биологиялык түрдүүлүктүн окшоштугу;
- жөнгө салынуучу жаратылышты пайдалануу.
9. Экологиялык коридорлорду түзүү жөнүндө сунуштарды төмөнкүлөр киргизет:
- ыйгарым укуктуу орган;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) жана/же анын адистештирилген илимий органдары (институттары);
- экологиялык коммерциялык эмес уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО).
10. Экологиялык коридорду түзүү жөнүндө негизделген сунуштар ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт, ал аны түзүү жана иштешин координациялоо боюнча андан ары иштерди жүзөгө ашырат.
11. Экологиялык коридорду түзүү боюнча керектүү иштерди жүргүзүү жана долбоордук материалдарды даярдоо үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнүн чечими менен экологиялык коридорду түзүү боюнча жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) түзөт.
Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын, УИАнын, илимий мекемелердин, экологиялык коммерциялык эмес уюмдардын адистери жана эксперттери, ошондой эле аймагында экологиялык коридор түзүү пландаштырылып жаткан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет.
12. Жумушчу топ ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген экологиялык коридорду түзүү боюнча негизги иштин планын иштеп чыгат.
13. Жумушчу топ түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде адистештирилген кесиптик органдарды жана уюмдарды, ошондой эле айрым адистерди тартуу менен экологиялык коридорду түзүүгө пландаштырылган жерде төмөнкү иштердин аткарылышын камсыз кылат:
1) экологиялык коридорду түзүү пландаштырылган аймактардын (акваториялардын) жаратылышты коргоо баалуулугун жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн баалоо (талдоо);
2) аймактын ландшафттык-географиялык жайгашуу абалын, уникалдуу жаратылыш комплекстеринин жана биологиялык түрдүүлүгүнүн, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар экендигин аныктоо, экосистемалардын абалын изилдөө;
3) экологиялык коридорду түзүүгө пландаштырылган аймакта калктуу конуштардын, жайыттардын, башка багыттагы жерлердин, жалпы пайдалануудагы жолдордун, башка объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
4) изилденип жаткан аймакта иштин чарбалык жана башка түрлөрүнүн болушун баалоо жана түзүлгөн экологиялык коридордун жана анын аймагында жүргүзүлүп жаткан чарбалык иштин белгилүү бир режимин киргизүү зарылдыгын белгилөө;
5) экологиялык коридор түзүлүүчү аймакта жашаган калк арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүү;
6) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу;
7) экологиялык коридор түзүү үчүн пландаштырылган аймактардын жерлеринин чек араларын жана экспликацияларын баяндоо боюнча долбоорлоо материалдарын иштеп чыгуу, зарыл картографиялык жана жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо;
8) долбоорлонгон экологиялык коридордун илимий, экологиялык жана экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
9) экологиялык коридорду долбоорлоого жана түзүүгө тиешелүү башка иштер.
14. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардан, илимий уюмдардан жана мекемелерден, чарбакер субъекттерден жумушчу топ тарабынан долбоорлонуучу экологиялык коридордун илимий, ошондой эле экологиялык жана экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн керектүү материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
15. Пландалган экологиялык коридордун жана ага кирген аймактардын (акваториялардын) тилкелеринин чектерин аныктоо белгилүү аймактардын таандыктыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
16. Тарыхый-маданий мурас объекттерин камтыган аймактарда экологиялык коридорду долбоорлоо үчүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашуу талап кылынат.
17. Долбоорлонуучу экологиялык коридор боюнча даярдалган материалдар, аны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө чечим менен бирге жумушчу топ тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизилет.
Жумушчу топтун жетекчиси жана мүчөлөрү экологиялык коридорду түзүү боюнча берилген материалдардын жана маалыматтардын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
Жумушчу топ экологиялык коридорду түзүүнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ал тууралуу ыйгарым укуктуу орган аны түзүү жөнүндө сунуш киргизген уюмга билдирет.
18. Ыйгарым укуктуу орган жумушчу топ тарабынан даярдалган материалдардын негизинде экологиялык коридор түзүү жөнүндө сунушту долбоорлонуучу экологиялык коридордун тийиштүү аймагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына киргизет.
19. Экологиялык коридорду түзүү жеке жана юридикалык жактарды тиешелүү жер участокторуна (суу объектилерине) ээлик кылуу жана пайдалануу укугунан ажыратууга, ошондой эле жерлерди өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) жерлеринин категориясына которууга (трансформациялоо) алып келбейт.
Экологиялык коридорду түзүүнүн максаттарына ылайык анын иштөө режимин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана жарандык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу, ошондой эле жер участокторун которуу (трансформациялоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген жер ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын чарбалык ишин жүргүзүүгө белгилүү талаптар белгиленет.
20. Экологиялык коридорлордун чек аралары табигый географиялык чектер боюнча аныкталат жана анын периметри боюнча атайын эскертүү жана маалымат белгилери менен белгиленет.
21. Экологиялык коридорду түзүү, анын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү же аны жоюу, ал жөнүндө жобону бекитүү экологиялык коридор жайгашкан тиешелүү аймакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чечимдери менен ишке ашырылат.
Сакталган жаратылыш объекттеринин жоктугуна байланыштуу экологиялык тармактын элементтеринин ортосунда экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүн болбогон учурларда жасалма экологиялык коридорлор түзүлүшү мүмкүн.
22. Ар бир экологиялык коридор үчүн ал жөнүндө негизги маалыматтарды камтыган экологиялык паспорт жүргүзүлөт:
- экологиялык коридордун аймагы жайгашкан жер жана анын аянты жөнүндө маалымат;
- алардын мүнөздүү чекиттеринин географиялык координаттарынын тизмеси жана ал ээлеген аймактын схемалык картасын тиркөө менен чек аралардын сүрөттөлүшү;
- жеке же юридикалык жактардын жеке менчигине же пайдалануусунда болгон жер участокторунун тизмеси, алардын жайгашкан жерин, чек араларын жана пайдалануунун укуктук формасын көрсөтүү менен;
- экологиялык коридордун иштөө режими, ага кирген жерлерди пайдалануу, анын аймагында чарбалык иштерди жүргүзүү жөнүндө маалымат;
- экологиялык коридордун абалына жана иштешине тиешелүү башка маалыматтар.
23. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерге жайгаштыруу, жерди пайдалануу жана суу пайдаланууну өнүктүрүү, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктура объектилерин жайгаштыруу пландарын жана схемаларын иштеп чыгууда, жер участокторуна жана акваторийлерге укуктарды мамлекеттик каттоодо экологиялык коридорлордун жайгашуусун жана иштөө режимин, алардын аймактарында чарбалык иштердин жүргүзүлүшүн эске алып, ал жөнүндө тийиштүү жер ээлерине билдирүүлөрү керек.
4-глава. Экологиялык коридорлордун иштөө режими жана аларга кирген жерлерди пайдалануу
24. Экологиялык коридорду түзүү максаттарына жетүү үчүн белгиленген анын иштөө жана анын аймагында чарбалык иш жүргүзүү режимдери тиешелүү экологиялык коридор жөнүндө жободо чагылдырылат. Бул маалымат жер ээлерине жана жерди пайдалануучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары (басма сөз, радио, телекөрсөтүү ж.б.) аркылуу, жыйналыштарды, жолугушууларды жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү менен жеткирилет.
Экологиялык коридордун аймагында чарбалык иштерди жүргүзүү режими тиешелүү экологиялык коридор менен байланышкан ар кандай ӨКЖАнын чарбалык ишинин конкреттүү түрлөрүнө карата коюлган талаптардан катуу болушу мүмкүн эмес.
25. Экологиялык коридордун аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен иштөөдө Коопсуздук эрежелерине ылайык жөнгө салынгандардан тышкары уулуу химикаттарды, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык заттарды, өстүрүүчү стимуляторлорду жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери жана алардын жашоо чөйрөсү/өсүшү үчүн кооптуу болгон башка дары-дармектерди сактоого жана пайдаланууга;
- радиоактивдүү материалдарды жана таштандыларды көмүүгө;
- жерди мелиорациялоого, саздарды кургатууга жана гидрологиялык режимдин түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө алып келген башка иш-чараларга;
- эгерде бул табигый комплекстеги антропогендик жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн болсо, жер участогунун же анын бөлүгүнүн функциялык багытын өзгөртүүгө;
- жаныбарлардын ийиндерин, уяларын, көңдөйлөрдү жана башка жайларын бузууга, жумурткаларын жана тыбыттарын чогултууга, ошондой эле жапайы жаныбарларга жана алар байырлаган чөйрөгө тикелей же кыйыр зыян келтирүүгө жөндөмдүү башка аракеттерди жасоого;
- токой, саз жана шалбаа өсүмдүктөрүн өрттөөгө;
- тиешелүү экологиялык коридордун режимин эсепке албастан капиталдык курулуш курууга, анын ичинде линиялык объекттерди курууга;
- дарыялардын жана өзөндөрдүн нугун бурууга.
26. Экологиялык коридорлордун аймактарында жаныбарлардын байырлоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чараларды камтыган аракеттерге, анын ичинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- курчап турган чөйрөнүн компоненттерин, биологиялык түрдүүлүктү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте токойду пайдаланууга;
- токой өсүмдүктөрүн отургузууга;
- карышкырлардын жана чөөлөрдүн, ошондой эле каргалардын, сагызгандардын, таандын, чыйырчыктын жана майнанын санын тескөөгө;
- жаныбарлардын байырлоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын жакшыртууга багытталган биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө;
- рекреациялык иштерге, экологиялык экскурсиялык маршруттарды, туристтик жөө жүрүү жолдорун уюштурууга.
27. Ошондой эле экологиялык коридордун аймагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер тилкелерин которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды так сактоо менен, төмөнкүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн:
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин чектелген (жөнгө салынуучу) өлчөмдө пайдалануу, токойдун жыгачтан тышкары запастарын жыйноо жана дары-дармек өсүмдүктөрүн чогултуу, айыл чарба иштерин жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча пайдалуу казылмалардын кендерин геологиялык изилдөө жана чалгындоо.
5-глава. Экологиялык коридор режиминин сакталышын контролдоо
28. Экологиялык коридорлорго кирген жер участокторунун жана суу объектилеринин ээлери жана пайдалануучулары, анын ичинде ушул аймактарда аңчылык ишин жүргүзүү укугун алган юридикалык жактар, конкреттүү экологиялык коридорлордун иштөө жана өз аймактарында чарбалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу режимдерин сактоого милдеттүү.
29. Экологиялык коридордун иштөө режимдеринин сакталышын башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана анын аймагында чарбалык иш жүргүзүүнү координациялоо тиешелүү аймактарга таандык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле компетенциясына ишке ашырылуучу иштин түрлөрү кирген башка мамлекеттик органдардын катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Иштери же иш-аракеттери экологиялык коопсуздуктун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын, жерди, жер казынасын, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартибин бузууга алып келген юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
Юридикалык жана жеке жактардын иштери же иш-аракеттери менен жаратылыш ресурстарына келтирилген зыяндын орду табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте толтурулууга тийиш.
31. Экологиялык коридордун иштөө режимин кайталап бузган иштер ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы, ошондой эле чөйрөсүнө жүзөгө ашырылуучу иштер кирген тармактардагы мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотула турушу мүмкүн.
32. Жергиликтүү жамааттар, коомдук бирикмелер жана башка коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле коомдук инспекторлор болгон адамдар экологиялык коридордун иштөө режиминин сакталышына жана анын аймагында чарбалык иштердин жүргүзүшүнө коомдук контролду жүзөгө ашырууга укуктуу.
33. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык белгиленген тартипте мыйзам бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жана башка мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана анын аймагында экологиялык коридордун иштөө режиминин сакталышына контролду жүзөгө ашыруучу жана чарбалык иш жүргүзгөн адамдар мыйзам бузуулар фактылары боюнча протоколдорду (актыларды) түзүп, аларды компетенттүү органга өткөрүп берүүгө укуктуу.