Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-апрели № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту "республикалык бюджет" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын, ошондой эле турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлган талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
- кайрылмандарды, баш калка издеген адамдарды (качкындарды) жана адамдарды сатуудан жабыр тарткандарды кабыл алуу функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |