Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-апрели № 141
"Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.К.Алимбеков, А.У.Жапаров ж.б. демилгелеген "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр |
| У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 141 токтому менен жактырылган |
"Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.К.Алимбеков, А.У.Жапаров жана башка депутаттар демилгелеген "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
I. "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча
1. Мыйзамдын долбоорунда Жол фондусунун бюджети тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык бекитиле тургандыгы каралган. Жол фондусун түзүүнүн болжолдонгон булактары учурда республикалык бюджетке түшүп жаткандыгын эске алып, аны түзүүнүн деталдуу механизмин "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда караштыруу зарыл деп эсептейбиз.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Мыйзамдын долбоорунан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп чыгуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катын толуктоону сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоору ишкердик ишин жөнгө салууга багытталгандыгын эске алуу менен ал акциздик салыктын ставкасын жогорулатууну болжолдогондуктан, Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо зарыл деп эсептейбиз.
4. Ошондой эле бюджет, салыктар жана башка милдеттүү жыйымдар жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесинде каралган парламенттик угууларды өткөрүүнүн милдеттүүлүгү жана Мыйзамдын долбоорун коомдук талкуулоонун жол-жобосун өткөрүү максатында сайтка жайгаштыруу күнүн көрсөтүү жөнүндө маалымат катары билдиребиз.
II. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча
1. Жол фондусунун каражаттарын түзүүнүн болжолдонгон булактары Мыйзамдын долбоорунда айтылгандай республикалык бюджетке түшө тургандыгын эске алып, аны түзүүнүн жана консолидациялоонун деталдуу механизмин караштырууну сунуштайбыз.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук актынын юридикалык күчкө ээ эмес экендигин эске алып, Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө тапшырма берилгендигин эске алып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында тиешелүү маалыматты көрсөтүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына аны жайгаштыруу күнүн көрсөтүү зарылдыгына көңүл буруу зарыл.
5. Жалпысынан мыйзам долбоорлорунун тексттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
6. 2021-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгын эске алып, мыйзам долбоорлорунун күчүнө кирүү күнүн 2022-жылдын 1-январынан тартып аныктоону сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун кабыл алууга болот деп эсептейт.