ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндегие № 151 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298»Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция19.04.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 19-апрели № 151

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мунай өнөр жайынын кызматкерлеринин социалдык кепилдигин камсыздоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик пенсиясы менен камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтар менен көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмесинде:

- "Химиялык өндүрүш" X бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүмчө менен толукталсын:

"2110А060 6.     Мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай

"Мунайды, газ конденсатын жана башка көмүр суутектерин, пиролиз күкүрт мунай азыктарын иштетүү; көмүр кычкылын жана күкүрт суутегин; парафин; мунай продуктуларына кошулмаларды; көмүртек кычкылын камтыган; күкүрттүү мунай өндүрүшү, электрди күчтөндүрүү жана суу кургатуу, турукташтыруу өндүрүшүндө жана ишинде толук жумуш күнү иштеген жумушчулар, жетекчилер жана адистер жана мунай өндүрүүчүлөр:

2110А06а а)     Жумушчулар

2110А06а-11442  Автомобиль айдоочу (ассенизатордо иштеген)

2110А06а-12531 Термоизоляциядагы изоляциялоочу

2110А06а-12759 Кампачы

2110А06а-13788 Автомобиль кранынын машинисти

2110А06а-16081 Технологиялык түзүлүштөрдүн оператору

2110А06а-16085 Товар оператору

2110А06а-18549 Металл конструкцияларын чогултуу боюнча слесарь

2110А06а-19149 Токарь

2110А06а-19258 Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочу

2110А06а-19756 Электр газ ширетүүчү

2110А06а-19861 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтёру

2110А06б б)      Жетекчилер жана адистер

2110А06б-20815   Башкы механик

2110А06б-21041  Башкы энергетик

2110А06б-21541 Өндүрүштүк бирикменин директору (башкаруучу)

2110А06б-22141  Кампа башчысы

2110А06б-22497  Инженер-лаборант

2110А06б-22659  Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер

2110А06б-24110  Механик

2110А06б-24680  Лабораториянын начальниги

2110А06б-24680  Саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн начальниги

2110А06б-24945  Смена начальниги

2110А06б-25080  Товардык-чийки зат участогунун начальниги, электр жабдуулары жана электр менен жабдуу участогунун начальниги.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

У.А. Марипов