Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 676, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Коргоо министрлиги) аткаруу бийлигинин коргоо маселелерин тескеген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча мамлекеттик саясатты жана чараларды иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Коргоо министрлиги өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, коргоо министринин буйруктарын, директиваларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Коргоо министрлиги юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана иши үчүн зарыл болгон башка атрибуттары бар.
Коргоо министрлиги жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан катыша алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Аталышы:
а) кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги";
б) орус тилинде - "Министерство обороны Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, № 26.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Коргоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат. Коргоо министрлигинин Казыналык системада республикалык жана атайын эсептери бар.
Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер (күчтөр) командачылыктары, кошуундары, аскер бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коргоо министрлигинин милдеттери
5. Коргоо министрлигине "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттерден тышкары, төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
1) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
2) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда көмөктөшүү;
3) Куралдуу Күчтөрдү, аскердик түзүмдөрдү, Кыргыз Республикасын коргоого тартылуучу мамлекеттик органдарын, алардын арналышын эске алуу менен даярдоону жана колдонууну уюштуруу жана жетектөө;
4) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мобилизациялык даярдоону, аскердик-окутулган резервди даярдоону жетектөө;
5) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жогорку күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын уюштуруу жана колдоо, аларды мобилизациялык, ыкчам жайылтууга жана коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга даярдыгын камсыздоо;
6) Куралдуу Күчтөрдү курууну, даярдоону жана колдонууну пландоо жана уюштуруу;
7) Кыргыз Республикасынын аймактык коргоонусун уюштуруу;
8) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоону уюштуруу жана камсыздоо;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Коргоо министрлигинин функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Коргоо министрлиги төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) аскердик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) куралданууну, аскердик жана атайын техникаларды өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөт;
3) коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
4) Куралдуу Күчтөрдү ар тараптан (ооруктук жана техникалык) камсыз кылууну жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн тынчтык жана согуш убагындагы аскердик жана ыкчам запастарга жана мамлекеттик материалдык резервдерге болгон муктаждыктарын аныктайт;
5) аскер мыйзамдарын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
6) аскер комиссариаттарынын ишин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;
7) чет мамлекеттерде аскер атташелеринин жана байланыш офицерлеринин ишин уюштуруунун эрежелерин жана кызмат өтөөнүн шарттарын бекитет;
8) аскер кызматын өтөө, аскер кадрларын даярдоо жана аскердик илимди өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт, мындай сунуштарды жүзөгө ашырууга катышат;
9) чет мамлекеттер менен эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга катышат;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыздоого катышат;
11) Куралдуу Күчтөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
12) экономиканын мобилизациялык даярдыгын уюштурууга катышат, Кыргыз Республикасынын аймагын куралдуу коргоо менен ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
13) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен жумушту уюштурат;
14) адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого катышат;
15) Куралдуу Күчтөрдө санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
16) аймактык коргонууну камсыздоону уюштуруу, мамлекеттик чек араны коргоо, кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдоону жетектейт, анын абалын контролдойт; окуу-материалдык базаны өркүндөтөт, аскерлерди күжүрмөн даярдыктын материалдык каражаттары, окуу жана көрсөтмө куралдары менен камсыз кылууну уюштурат, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдө күжүрмөн лаярдоону уюштуруудагы бирдиктүү көз караштарды иштеп чыгат;
18) Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
19) Куралдуу Күчтөр үчүн аскердик форма кийимдеринин үлгүлөрүн жана аларды кийүү эрежелерин иштеп чыгат;
20) Куралдуу Күчтөрдө спорттук ишти уюштурууга жана спортту өнүктүрүүгө катышат, Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык, дарылоочу, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
21) куралдарды, аскердик жана атайын техниканы иштеп чыгуу, сатып алуу, сервистик тейлөө, модернизациялоо жана оңдоо боюнча заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
22) Коргоо министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын ишин башкарат; аларды түзүү, багытын өзгөртүү жана жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгат, ошондой эле аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканалардын багытын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
23) төмөнкүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо операцияларын контролдоону ишке ашырат:
- аскердик багыттагы продукцияларды, анын ичинде куралдарды, аскердик жана атайын техниканы, ок-дарыларды, аскердик-техникалык жана ооруктук мүлктү, стратегиялык материалдарды, коргоо жаатындагы алдыңкы технологияларды;
- Кыргыз Республикасынын контролдонучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген кош багыттагы продукцияларды;
231) аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
24) аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруучу Кыргыз Республикасынын ишканаларындагы аскердик өкүлчүлүктөрдүн ишин контролдоону уюштурат жана ишке ашырат;
241) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү жана аны сатууну камсыз кылуу бөлүгүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
25) Куралдуу Күчтөрдө ички аудитти уюштурат;
26) Куралдуу Күчтөрдө тарбия иштерин, моралдык-психологиялык камсыздоо, аскердик тартипти жана укуктук тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды пландаштырат жана уюштурат;
27) аскер кызматын өтөө тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдө кадрдык ишти ишке ашырат;
28) компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ишке ашырат;
29) коргоо кызыкчылыгында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өткөрүүгө заказдарды түзөт;
30) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча ишин ишке ашыруу укугун лицензиялайт;
31) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн соода-тиричилигин камсыздоону уюштурат;
32) Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чарбалык жана башка ишти уюштурат жана жүргүзөт;
33) Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген мүлктү, анын ичинде республикалык бюджетте каралбаган чыгымдарды жабуу максатында аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин ишин ар тараптуу камсыздоо үчүн пайдаланууга зарыл болгон мүлктү башкарат;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткарат;
35) транспорттун болгон түрлөрү менен аскердик ташууларды, Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарына, аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине материалдык каражаттардын бардык түрлөрүн жеткирүүнү уюштурат, чакыруу кампаниялары (жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу) өткөрүлгөн мезгилде ташууларды камсыздайт;
36) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарын, кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат;
37) ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын запастарын утилдештирүү боюнча ишти уюштурат жана жүргүзөт;
38) аскердик багыттагы продукцияларга карата стандартташтыруу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга катышат;
39) Коргоо министрлигинин медициналык, санитардык-курорттук жана ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин ишин уюштурат;
40) Куралдуу Күчтөрдө өрткө каршы коопсуздукту уюштурат;
41) Куралдуу Күчтөрдү батирге жайгаштырууну жана абаттоону жүзөгө ашырат, Коргоо министрлигине бекитилип берилген турак жай фондун анын багытына ылайык башкарат; Куралдуу Күчтөрдүн аскердик объекттерин жана социалдык инфраструктурасын курууну (капиталдык курууну), оңдоону жана эксплуатациялоону уюштурат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоону уюштурат;
42) Куралдуу Күчтөрдү маалыматтык камсыздоону, коомдо аскер кызматынын кадыр-баркын жана беделин көтөрүүнү, патриоттук салттарды сактоону жана жайылтууну, басма (типографиялык) ишин уюштурат;
43) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну, ошондой эле ведомстволук мамлекеттик ишканалар тарабынан товарларды жеткирүүнү, жумуштарды аткарууну жана кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат;
44) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Куралдуу Күчтөрдүн эсебинен чыгарылган куралдарды жана аскердик техниканы, запастык бөлүктөрдү жана аларга комплекттөөчү буюмдарды, ошондой эле ок-дарыларды жана башка мүлктү сатат;
45) Куралдуу Күчтөрдүн илимий, окуу жана материалдык-техникалык базасын түзүүнү жана өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
46) коргоо жана коопсуздук муктаждыктары үчүн картографиялык иштерди уюштурат;
47) төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- аскердик санаторийде санаториялык-курорттук дарылоо;
- авиациялык атайын иштерди аткаруу боюнча;
- аскердик, формалык жана атайын кийим-кечелерди жана кийимдерди тигүү боюнча;
- аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандык адамдарды медициналык күбөлөндүрүү боюнча;
- аскерге милдеттүүлөргө жана аскер кызматчыларына аскердик-эсепке алуу документтерин (аскердик-эсепке алуу документтеринин дубликаттарын) берүү боюнча;
48) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик-патриоттук тарбиялоого катышат;
49) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү мамлекетти куралдуу коргоого стратегиялык пландоо, даярдоо жана колдонуу документтерин, Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы боюнча документтерди иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
50) оперативдик (күжүрмөн) багытына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) уюштуруу-штаттык түзүмүн иштеп чыгат;
51) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жарандарды аскердик кызматка (аскердик жыйындарга) жана альтернативдик кызматка даярдоону медициналык камсыздоону уюштурууну контролдойт;
52) тынчтык жана согуш убагында, согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде же кризистик кырдаалдар келип чыкканда Куралдуу Күчтөрдү туруктуу башкарууну камсыздайт;
53) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугуна мүмкүн болгон чакырыктарды жана коркунучтарды болжолдойт, талдайт жана баалайт;
54) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарында жана аскерлеринде аскерлер кызматын жана аскердик кызматтын коопсуздугун, күжүрмөн нөөмөттү жана күжүрмөн кызматты уюштурат;
55) Куралдуу Күчтөрдө штаттарды жана штаттарга табелдерди иштеп чыгууну, бекитүүнү жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
56) мамлекетти тынчтык мезгилинен согуштук абалга которуу шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башкаруу органдарын жөнгө салынган жана макулдашылган иш-аракеттерге даярдоону координациялайт;
57) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарын жана аскерлерин коюлган милдеттерди аткарууга күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоону ишке ашырат;
58) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөөнү уюштурат жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана сандык курамын эсепке алууну жүргүзөт;
59) аймактык коргоо тапшырмаларын даярдоодо жана аткарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик бийлик органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын биргелешкен иш-аракеттерин пландоону, уюштурууну жана жетектөөнү жүзөгө ашырат;
60) мамлекеттик сырларды, жашырындуулук режимин, маалыматтык жана киберкоопсуздукту коргоону, чет элдик чалгындоолордун техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыздоону, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну жүзөгө ашырат;
61) аскерлерди жашыруун башкарууну пландайт жана уюштурат, шифрленген жана коддолгон байланышты камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт, Куралдуу Күчтөрдүн шифрлөөчү кызматын жана маалыматты коргоо системасын анын коопсуздук талаптарына ылайык жетектейт;
62) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн байланыш системасын пландоону, камсыздоону, уюштурууну жана өркүндөтүүнү ишке ашырат, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында радиожыштыктарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
63) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, кошуундарынын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелеринин анык жана шарттуу аталыштарын колдонуунун жана каттоо жүргүзүүнүн тартибин аныктайт;
64) башка мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын аба кыймылын башкаруунун ведомстволук органдарынын аба кыймылын тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
65) мамлекеттик авиациянын аба кемелеринин учууларын уюштурууну жана коопсуздугун контролдоону жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө мамлекеттик авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды жана авиациялык инциденттерди изилдөөгө катышат;
66) аскердик номердик белгилерди, техникалык талондорду эсепке алууну жана берүүнү, транспорттук каражаттарды каттоону, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын транспорттук каражаттарын техникалык кароону уюштурууну жана жүргүзүүнү ишке ашырат;
67) гарнизондордо жана аскердик башкаруу органдарынын, кошуундардын, аскер бөлүктөрдүн жана мекемелердин транспорт каражаттары иштеген башка жерлерде транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин жана техникалык абалын текшерүүнү уюштурат;
68) Куралдуу Күчтөрдө жол-транспорттук окуяларды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат, автомобилдик колонналарды уюштурууну жана коштоону ишке ашырат;
69) Куралдуу Күчтөрдө радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо иш-чараларын аткарууну уюштурат;
70) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
71) согуш жана өзгөчө абал режимдерин пландоого жана колдоого катышат, өзгөчө (кризистик) кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлердин (күчтөрдүн) иш-аракеттерин пландайт жана уюштурат;
72) терроризмге жана экстремисттик ишке каршы күрөшүүгө катышат, аскер кызматчыларынын арасында терроризмдин жана экстремизмдин алдын алууну ишке ашырат, аскердик объекттерди террористтик коргоону камсыз кылат;
73) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруучу ыйгарым укуктуу орган менен оз ара аракеттенүүдө мамлекеттик чек араны кайтарууну (коргоону) пландоого жана уюштурууга катышат;
74) чалгындоо жана компетенциясынын алкагында контрчалгындоо ишин, коргоо кызыкчылыгында аскердик-саясий жагдайды талдоону жана баалоону жүзөгө ашырат;
75) Куралдуу Күчтөрдө радиоэлектрондук күрөштү уюштурат;
76) Кыргыз Республикасынын асман чабуулунан коргоо системасын өркүндөтөт;
77) тизмеги жана кайтаруу эрежеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтарууну ишке ашырат;
78) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
79) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка функцияларды чечет.
80) күч түзүмдөрүнүн өз ара алмашуучулук принциптерин эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга катышат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Коргоо министрлигинин ишин уюштуруу
7. Коргоо министрлигин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын коргоо министри (мындан ары - коргоо министри) жетектейт.
8. Коргоо министри Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аркылуу Куралдуу Күчтөрдү жалпы башкарат.
Коргоо министри Куралдуу Күчтөрдүн бардык өздүк курамынын түз башчысы болуп эсептелет, Коргоо министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жеке башкаруу негизинде жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Коргоо министри төмөнкүлөрдү кароого жана бекитүүгө берет:
1) Президентке - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына:
- Куралдуу Күчтөрдү куруу (өнүктүрүү), колдонуу пландарын, мобилизациялык жайылтуу схемасын, коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын оперативдик жабдуу, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу, Кыргыз Республикасын аймактык коргоо, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо пландарын;
- жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөгө тийиш болгон аскердик кызмат орундарынын саны боюнча сунуштарды;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык аскердик контингенттерди жана аскер кызматчыларын аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты орнотуучу күчтөрдүн курамына бөлүү жөнүндө сунуштарды;
- (5 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кийинчерээк киргизүү үчүн тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө сунушту;
- мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунушту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине - сунуштар:
- Кыргыз Республикасынын коргоо муктаждыктарына жана аскердик программаларды каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө;
- куралданууга (жабдууга, эксплуатациялоого) куралдын, аскердик техниканын жаңы, модернизацияланган үлгүлөрүн кабыл алуу, ошондой эле куралдануудан (жабдуудан, эксплуатациялоодон) эскирген үлгүлөрүн алып салуу жөнүндө;
- аймактык командачылыктарды (Күчтөрдү), кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын алдында аскердик кафедраларды түзүү, кайра профилдөө жана жоюу жөнүндө, жарандарды аскердик-каттоо адистиктери боюнча жана офицердик кадрларды даярдоонун тартиби жөнүндө;
- куралдардын, аскердик жана атайын техниканын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мобилизациялык резервинде жана мамлекеттик төмөндөбөс запасында тургандардын белгиленген запастарын түзүү, топтоо жана чыгымдоо ченемдери, буюм мүлкүнүн предметтери менен камсыз кылуунун ченемдери жана кийүү мөөнөттөрү жөнүндө;
- Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын штаттык санынын чегин белгилөө жана башкаруу схемасы жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коргоо жаатындагы компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди жана мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү (ратификациялоо, бекитүү, жараксыз деп табуу, токтото туруу же токтотуу) жөнүндө;
- жарандарды аскердик кызматка даярдоону уюштуруу жөнүндө;
- Куралдуу Күчтөрдү ар тараптуу камсыздоо жөнүндө.
- Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басары, коргоо министринин биринчи орун басары жана коргоо министринин орун басарлары кызмат орундарына дайындоого талапкерлер жөнүндө, ошондой эле аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотууга сунуштамаларды берет;
- жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарында турган Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына офицердик курамдын жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга талапкерлер жөнүндө;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Коргоо министринин ыйгарым укуктары:
1) Куралдуу Күчтөрдүн курулуш, өнүктүрүү пландарын (программаларын) иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде алардын ишке ашырылышын контролдойт;
2) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу заказдарын түзүүдө коргоого жумшалуучу чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
3) Коргоо министрлигине бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт;
4) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн жерден куралдуу кол салынган (аскердик агрессия) учурда - өз алдынча, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине токтоосуз баяндама берүү менен) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын ар түрдүү деңгээлиндеги даярдыкка келтирет жана аскердик коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын ар кандай деңгээлине келтирүүгө жана аскердик коопсуздукту камсыздоону стратегиялык пландоо пландарынын колдонууга кирүүсүн жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин колдонууга буйрук берет;
6) Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотуу жөнүндө, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө буйрук чыгарат;
8) коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат;
9) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн аскер кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, аларды даярдоону камсыз кылат;
10) Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы ишин жетектейт;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) аскер кызматчыларына аскердик наамдарды ыйгарат;
12) аскердик башкаруу органдарынын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана жүзөгө ашырат;
13) Куралдуу Күчтөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү пландарын иштеп чыгат;
14) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилинин (өзгөчө мезгилдин) шарттарында жумуш иштөөгө которуу планын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
15) коргоо өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат; Коргоо министрлигинин кызыкчылыгында министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан аткарылуучу куралдардын, аскердик жана атайын техниканын үлгүлөрүн өндүрүү жана өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин программаларын бекитет;
16) Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
17) коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын контролдойт;
18) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерди аткарууну берилген ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат;
19) аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо боюнча иштерди уюштурат;
20) куралдарды жана аскердик техниканы, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага берүү, сатуу, жоюу жана эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
21) ички аудит боюнча ишти уюштурат;
22) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде куралдарды жана аскердик техниканы, стратегиялык материалдарды, коргоо чөйрөсүндөгү алдынкы технологияларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого жана импорттоого контролду уюштурат;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
24) аскердик наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
25) Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүлүштөр үчүн аскердик кийим формасынын бирдиктүү стандарттарын белгилөө жана башка мамлекеттик органдар үчүн аны кийүү эрежелери, айырмалоо белгилери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
26) Президентке - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына коргоо маселелери боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын даярдайт жана берет;
27) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү уюштурат;
28) төмөнкүлөрдү бекитет:
- тынчтык жана согуш убагына Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) уюштуруу-штаттык түзүмүн;
- Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана өзүнчө бөлүмдөрү, аймактык командачылыктар, аскерлер (күчтөр) жөнүндө жоболорду;
- Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүгү жана мекемеси жөнүндө типтүү жобону;
- жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү уюмдарынын жана Куралдуу Күчтөрдүн башка билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) уставдарын;
- куралдардын, аскердик жана атайын техниканын негизги түрлөрүнүн заказдарынын көлөмдөрүн, капиталдык салымдарды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды бөлүштүрүүнү;
- Коргоо министрлигинин казармалык-турак жай фондунун объекттерин капиталдык курууга, капиталдык жана күндөлүк оңдоого жылдык титулдук тизмелерди;
- запастагы офицерлерди даярдоо программалары боюнча мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын аскердик жыйындарды өтүү жана белгиленген экзамендерди тапшыруу тартибин;
- Куралдуу Күчтөрдүн контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларын бошотууга документтерди даярдоо тартибин;
- ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын утилдештирүү боюнча нускаманы;
- Куралдуу Күчтөрдүн контракттык кызматынын аскер кызматчысынын жеке номери (жетону) жөнүндө жобону;
- Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин (күчтөрүнүн), кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин айырмаланган кол башчылыктарынын өтмө вымпели жөнүндө жобону;
29) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын, коргоо министринин биринчи орун басарынын, коргоо министринин орун басарларынын жана Коргоо министрлигинин башка кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
30) Куралдуу Күчтөрдө кадр саясатын аныктайт, жүргүзөт жана кадрдык ишти жетектейт;
31) контракттык жана мөөнөттүү аскердик кызматтардын офицерлеринин, прапорщиктеринин, сержанттарынын жана солдаттарынын аскердик-каттоо адистиктеринин тизмектерин, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн офицердик курамынын кызмат орундары үчүн штаттык аскердик наамдардын (полковникке чейин аны кошуу менен) тизмегин аныктайт;
32) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин штаттарын жана штаттарга табелдерин иштеп чыгуу тартибин аныктайт;
33) Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине анык жана шарттуу аталыштарды берүү тартибин аныктайт;
34) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин түзүүдө, кайра түзүүдө жана атын өзгөртүүдө аларга анык жана шарттуу аталыштарды берет;
35) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин мөөрлөрүнүн жана штамптарынын үлгүлөрүн даярдоо, ошондой эле аларды пайдалануу, сактоо, эсепке алуу жана жок кылуу тартибин аныктайт;
36) ага баш ийген аскер кызматчыларга карата Куралдуу Күчтөрдүн уставдары менен берилген ыйгарым укуктарды толук көлөмдө колдонот;
37) тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналынын иш тартибин аныктайт;
38) Куралдуу Күчтөрдүн түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүн, аскер кызматчыларын, ошондой эле коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн жарандарды жана Куралдуу Күчтөрдүн адистерин сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди жана аскердик белгилерди (вымпелдерди) уюштурат; мындай ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана сыйлоо белгилери жөнүндө жоболорду, алардын сүрөттөлүшүн бекитет;
39) ведомстволук (жогорку) аттестациялык комиссияны түзөт жана иш тартибин аныктайт;
40) эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерине ылайык Улуттук маалымдама бюросун түзөт;
41) Куралдуу Күчтөрдүн пайдалануусуна берилген жерлердин чегинде Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарын, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн (мекемелерин) кайра жайгаштырат;
42) мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыгуучу чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет;
43) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) кызматтык ишинин маселелери боюнча ведомстволук актыларды чыгарат, ошондой эле коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
Коргоо министринин кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орун болуп саналат, аны жарандык адам ээлей алат.
Коргоо министринин эки биринчи орун басары болот, алардын бири Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп саналат, ошондой эле орун басарлары болот.
Коргоо министри жок болгон учурда анын милдеттерин белгиленген тартипте коргоо министринин орун басарларынын бири аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Коргоо министринин орун басарлары коргоо министрине баш иет. Министрдин орун басарлары тапшырылган иш чөйрөсүндөгү жана аларга баш ийген аскердик башкаруу органдарындагы, кошуундардагы, бөлүктөрдөгү жана мекемелердеги милдеттерди чечүү, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
Коргоо министринин орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Коргоо министрлигинде Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- министр (коллегиянын төрагасы);
- Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басары;
- министрдин орун басарлары;
Коргоо министрлигинин, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башка кызмат адамдары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү.
Кызмат орду боюнча коллегиянын курамына кирүүчү министрден, анын орун басарларынан, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынан тышкары коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча коргоо министри тарабынан бекитилет.
Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы өзүнүн жыйындарында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарында, кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде жалпы кызматтык жана күжүрмөн ишти жакшыртуу, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын абалын объективдүү баалоо, күжүрмөн даярдык, аскер кызматтары жана аскердик тартип, контролдоо, аткаруу маселелерин карайт, кызмат адамдарынын отчетторун угат жана башка маселелерди карайт.
Коллегиянын иштөө тартиби коргоо министри тарабынан бекитилүүчү Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
(Тогузунчу абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, мамлекеттик тилинде бешинчи абзацта 11-пункту текстке дал келбейт, тең байланыштыргыч союз “жана” жок.
5. Коргоо министрлигинин мүлкү
13. Коргоо министрлигине мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары ага бекитип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
14. Коргоо министрлигин материалдык-техникалык камсыздоо тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.