Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-июлу № 344
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 52-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52) төмөнкү кызматтарды көрсөтүү:
- аскердик санаторийде санатордук-курорттук дарылоо;
- авиациялык атайын иштерди аткаруу боюнча;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |