| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 676, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Коргоо министрлиги) аткаруу бийлигинин коргоо маселелерин тескеген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча мамлекеттик саясатты жана чараларды иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Коргоо министрлиги өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, коргоо министринин буйруктарын, директиваларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Коргоо министрлиги юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана иши үчүн зарыл болгон башка атрибуттары бар.
Коргоо министрлиги жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан катыша алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Аталышы:
а) кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги";
б) орус тилинде - "Министерство обороны Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, № 26.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Коргоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат. Коргоо министрлигинин Казыналык системада республикалык жана атайын эсептери бар.
Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер (күчтөр) командачылыктары, кошуундары, аскер бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ.
2. Коргоо министрлигинин милдеттери
5. Коргоо министрлигине төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) аскердик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) куралдарды, аскердик жана атайын техниканы өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик техникалык саясатын жүргүзүү;
3) коргоо-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) уюштуруу, башкаруу жана ар тараптуу колдоо, тынчтык жана согуш мезгилинде аскердик жана ыкчам запастагы жана мамлекеттик материалдык резервдеги Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктарын аныктоо;
5) аскердик кызматты өтөөнү, аскердик кадрларды даярдоону жана аскер илимин өнүктүрүүнү уюштуруу;
6) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштуруу;
7) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону камсыздоо;
8) Куралдуу Күчтөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоо, аймагын ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды камсыздоо;
10) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттешүү;
11) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштарын аткаруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтүү.
3. Коргоо министрлигинин функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Коргоо министрлиги төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Улуттук коопсуздук концепциясынын, Аскердик доктринанын, Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарынын долбоорлорун, ошондой эле коргоону камсыздоо боюнча мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде аларды ишке ашырууга катышуу;
2) Куралдуу Күчтөрдө санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана аткарууга катышуу;
3) Куралдуу Күчтөрдүн коргоо өндүрүшүн, курулушун (өнүгүшүн) өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын (пландарын) иштеп чыгууга жана аткарууга катышуу;
4) аймактык коргонууну, мамлекеттик чек араны коргоону, кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) коргоо жана аскердик кызмат жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
6) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу заказын түзүүдө мамлекеттин коргоо чыгымдары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) аскердик кызматты өтөө тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдоону жетектөө, алардын абалын контролдоо; окутуу-материалдык базаны өркүндөтүү, аскерлерди күжүрмөн даярдыктын материалдык каражаттары, окуу жана көрсөтмө куралдары менен камсыз кылууну уюштуруу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдө күжүрмөн даярдоону уюштуруудагы бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу;
9) Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) Куралдуу Күчтөр үчүн аскердик форма кийиминин үлгүлөрүн жана аларды кийүү эрежелерин иштеп чыгуу;
11) аскердик маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү (ратификациялоо, бекитүү, жараксыз деп табуу, токтото туруу же токтотуу) жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
12) коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү;
13) Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун сактоого жана бекемдөөгө багытталган профилактикалык, дарылоочу, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) аскердик жана атайын техниканын куралдарын иштеп чыгуу, сатып алуу, сервистик тейлөө, модернизациялоо жана оңдоо боюнча заказдарды түзүү жана жайгаштыруу;
15) Коргоо министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын ишин башкаруу, аларды түзүү, багытын өзгөртүү жана жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле аскердик продукцияларды чыгаруучу мамлекеттик ишканалардын багытын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;
16) төмөнкүлөрдү экспорттоо (сатуу), импорттоо жана реэкспорттоо операцияларын контролдоо:
- куралдарды, аскердик жана атайын техниканы, ок-дарыларды, аскердик-техникалык жана ооруктук мүлктү, стратегиялык материалдарды, коргоо жаатындагы алдыңкы технологияларды кошуп алганда аскердик багыттагы продукцияларды;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген кош багыттагы продукцияларды;
17) аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруучу Кыргыз Республикасынын ишканаларындагы аскердик өкүлчүлүктөрдүн ишин контролдоону уюштуруу жана ишке ашыруу;
18) Куралдуу Күчтөрдө ички аудитти уюштуруу;
19) Куралдуу Күчтөрдө тарбия иштерин, маалыматтык, моралдык-психологиялык камсыздоо, аскердик тартипти жана укуктук тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды пландоо жана уюштуруу, аларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жетектөө жана контролдоо;
20) Куралдуу Күчтөрдүн ишин маалыматтык камсыздоо;
21) аскер кызматын өтөө тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдө кадрдык ишти жүргүзүү;
22) компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү;
23) аскер илимин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, коргоо кызыкчылыгы үчүн илимий изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өткөрүүгө заказдарды түзүү;
24) аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын укугун лицензиялоо;
25) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн соода-тиричилигин камсыздоону уюштуруу;
26) аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу;
27) Куралдуу Күчтөрдүн керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган чарба жана башка иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
28) Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген мүлктү, анын ичинде республикалык бюджетте каралбаган чыгымдарды жабуу максатында аскер бөлүктөрүн жана мекемелерди ар тараптуу камсыздоо үчүн пайдаланууга зарыл болгон мүлктү башкаруу;
29) чет өлкөлүк аскердик ведомстволор жана мамлекеттик уюмдар, чет мамлекеттердин өнөр жай жана аскер өнөр жай ишканалары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу;
30) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аткаруу;
31) чет өлкөлөрдө Куралдуу Күчтөрдүн аскер өкүлчүлүктөрүнүн ишин уюштуруу жана камсыздоо;
32) Куралдуу Күчтөрдү куралдар, аскердик жана атайын техника менен пландоону жана камсыздоону уюштуруу;
33) тейлеген тармагынын чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүү;
34) Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарына, аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине өздүк курамды, куралдарды, аскердик жана атайын техниканы, ок дарыларды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды бөлүштүрүү;
35) чакыруу кампаниялары (жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу) өткөрүлгөн мезгилде ташууну камсыздоо;
36) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарын, кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык камсыздоо;
37) ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын запастарын утилдештирүү боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
38) аскердик багыттагы продукцияларга карата стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү;
39) Куралдуу Күчтөрдү техникалык камсыздоону уюштуруу жана жүргүзүү;
40) Куралдуу Күчтөрдө ооруктук камсыздоону уюштуруу;
41) Коргоо министрлигинин медициналык, санитардык-курорттук жана ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин ишин уюштуруу;
42) Куралдуу Күчтөрдө өрткө каршы коопсуздукту уюштуруу;
43) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик объектилерин жана социалдык инфратүзүмдөрүн курууну (капиталдык курууну), оңдоону жана пайдаланууну уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо;
44) маалыматтык камсыздоону жана басып чыгаруу (типографиялык) ишин уюштуруу;
45) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн азык-түлүк, буюм жана башка мүлктү, материалдык жана башка ресурстарды сатып алуу, ошондой эле подряддык иштерди өткөрүү жана кызматтарды көрсөтүү;
46) Куралдуу Күчтөрдү турак жай менен камсыздоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашыруу, Коргоо министрлигине бекитилген турак жай фондун анын багытына ылайык башкаруу;
47) Куралдуу Күчтөрдүн иши жөнүндө маалымдоого, коомдо аскер кызматынын беделин жана даражасын көтөрүүгө, патриоттук салтты сактоого жана жайылтууга багытталган чараларды ишке ашыруу, бул максатта аскердик-тарыхый, маданий жана башка иштерди уюштуруу;
48) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Куралдуу Күчтөрдүн эсебинен чыгарылган куралдарды жана аскердик техниканы, запастык бөлүктөрдү жана комплекттөөчү буюмдарды, ошондой эле ок-дарыларды жана башка мүлктү сатуу;
49) Куралдуу Күчтөрдүн илимий, окуу жана материалдык-техникалык базасын түзүү жана өркүндөтүү;
50) Куралдуу Күчтөрдүн ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу;
51) коргоону жана коопсуздук муктаждыктары үчүн картографиялык иштерди уюштуруу;
52) төмөнкү кызматтарды көрсөтүү:
- аскердик санаторийде санатордук-курорттук дарылоо;
- авиациялык атайын иштерди аткаруу боюнча;
- аскердик, формалык жана атайын кийим-кечелерди жана кийимдерди тигүү боюнча;
53) мамлекетте куралдарды, аскердик техниканы жана материалдык каражаттардын башка запасын түзүүгө жана топтоого катышуу;
54) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик-патриоттук тарбиялоого катышуу;
55) Куралдуу Күчтөрдө спорттук ишти уюштурууга жана спортту өнүктүрүүгө катышуу;
56) транспорттун жеткиликтүү түрлөрү менен аскердик ташууну, Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарына, аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине материалдык каражаттардын бардык түрлөрүн жеткирүүнү уюштуруу;
561) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
57) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка функцияларды ишке ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 676, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Коргоо министрлигинин ишин уюштуруу
7. Коргоо министрлигин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын коргоо министри (мындан ары - коргоо министри) жетектейт.
8. Коргоо министри Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аркылуу Куралдуу Күчтөрдү жалпы башкарат.
Коргоо министри Куралдуу Күчтөрдүн бардык өздүк курамынын түз башчысы болуп эсептелет, Коргоо министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жеке башкаруу негизинде жүзөгө ашырат.
9. Коргоо министри төмөнкүлөрдү кароого жана бекитүүгө берет:
1) Президентке - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына:
- Куралдуу Күчтөрдү куруу (өнүктүрүү), колдонуу пландарын, мобилизациялык жайылтуу схемасын, коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын оперативдик жабдуу, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу, Кыргыз Республикасын аймактык коргоо, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо пландарын;
- жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөгө тийиш болгон аскердик кызмат орундарынын саны боюнча сунуштарды;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык аскердик контингенттерди жана аскер кызматчыларын аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты орнотуучу күчтөрдүн курамына бөлүү жөнүндө сунуштарды;
- Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын, коргоо министринин орун басарларынын, аскерлердин (күчтөрдүн) командачысынын кызмат орундарына дайындоого талапкерлерди, ошондой эле аларды ээлеген кызматтарынан бошотууга сунуштамаларды;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кийинчерээк киргизүү үчүн тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө сунушту;
- мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунушту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - сунуштар:
- Кыргыз Республикасынын коргоо муктаждыктарына жана аскердик программаларды каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө;
- куралданууга (жабдууга, эксплуатациялоого) куралдын, аскердик техниканын жаңы, модернизацияланган үлгүлөрүн кабыл алуу, ошондой эле куралдануудан (жабдуудан, эксплуатациялоодон) эскирген үлгүлөрүн алып салуу жөнүндө;
- аймактык командачылыктарды (Күчтөрдү), кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын алдында аскердик кафедраларды түзүү, кайра профилдөө жана жоюу жөнүндө, жарандарды аскердик-каттоо адистиктери боюнча жана офицердик кадрларды даярдоонун тартиби жөнүндө;
- куралдардын, аскердик жана атайын техниканын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мобилизациялык резервинде жана мамлекеттик төмөндөбөс запасында тургандардын белгиленген запастарын түзүү, топтоо жана чыгымдоо ченемдери, буюм мүлкүнүн предметтери менен камсыз кылуунун ченемдери жана кийүү мөөнөттөрү жөнүндө;
- Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын штаттык санынын чегин белгилөө жана башкаруу схемасы жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жаатындагы компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди жана мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү (ратификациялоо, бекитүү, жараксыз деп табуу, токтото туруу же токтотуу) жөнүндө;
- жарандарды аскердик кызматка даярдоону уюштуруу жөнүндө;
- Куралдуу Күчтөрдү ар тараптуу камсыздоо жөнүндө.
10. Коргоо министринин ыйгарым укуктары:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу түрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн жерден куралдуу кол салынган (аскердик агрессия) учурда - өз алдынча, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине токтоосуз баяндама берүү менен) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын ар түрдүү деңгээлиндеги даярдыкка келтирет жана аскердик коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотуу жөнүндө, жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө буйрук чыгарат;
3) Президентке - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына коргоо маселелери боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын даярдайт жана берет;
4) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү уюштурат;
5) аскердик башкаруу органдарынын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана жүзөгө ашырат;
6) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын ар кандай деңгээлине келтирүүгө жана аскердик коопсуздукту камсыздоону стратегиялык пландоо пландарынын колдонууга кирүүсүн жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин колдонууга буйрук берет;
7) төмөнкүлөрдү бекитет:
- Куралдуу Күчтөрдүн тынчтык жана согуш убагындагы уюштуруу түзүмүн;
- Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана өзүнчө бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду;
- Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүгү жана мекемеси жөнүндө типтүү жобону;
- жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү уюмдарынын жана башка билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) уставдарын;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан Коргоо министрлигинин кызыкчылыгында аткарылуучу куралдардын, аскердик жана атайын техниканын үлгүлөрүн өндүрүү жана өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштердин программаларын;
- куралдардын, аскердик жана атайын техниканын негизги түрлөрүнүн заказдарынын көлөмдөрүн, капиталдык салымдарды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды бөлүштүрүүнү;
- Коргоо министрлигинин казармалык-турак жай фондунун объекттерин капиталдык курууга, капиталдык жана күндөлүк оңдоого жылдык титулдук тизмелерди;
8) коргоо министринин орун басарларынын жана Коргоо министрлигинин башка кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
9) Куралдуу Күчтөрдө кадр саясатын аныктайт жана жүргүзөт, кадрдык иштерге жетекчилик кылат;
10) контракттык жана мөөнөттүү аскердик кызматтардын офицерлеринин, прапорщиктеринин, сержанттарынын жана солдаттарынын аскердик-каттоо адистиктеринин тизмектерин, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн офицердик курамынын кызмат орундары үчүн штаттык аскердик наамдардын (полковникке чейин жана аны кошуу менен) тизмегин аныктайт;
11) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин штаттарын жана штаттарга табелдерди иштеп чыгуу тартибин аныктайт;
12) Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине анык жана шарттуу аталыштарды берүү тартибин аныктайт;
13) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин түзүүдө кайра түзүүдө жана атын өзгөртүүдө аларга анык жана шарттуу аталыштарды берет;
14) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин мөөрлөрүнүн жана штамптарынын үлгүлөрүн даярдоо, ошондой эле аларды пайдалануу, сактоо, эсепке алуу жана жок кылуу тартибин аныктайт;
15) ага баш ийген аскер кызматчыларына карата Куралдуу Күчтөрдүн уставдары менен берилген ыйгарым укуктарды толук көлөмдө колдонот;
16) тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналынын иштөө тартибин аныктайт;
17) Коргоо министрлигине бөлүнгөн акча каражатынын пайдаланышын контролдойт;
18) жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү уюмдарын түзүү, багытын өзгөртүү жана жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
19) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн аскердик кадрларды даярдоонун принциптерин жана уюштуруу негиздерин аныктайт;
20) Күжүрмөн даярдыктагы мыкты жетишкендиктери жана үлгүлүү аскердик тартиби үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, ошондой эле коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди жана аскердик белгилерди уюштурат; ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана сыйлоо белгилери жөнүндө жоболорду, алардын сүрөттөлүшүн бекитет;
21) Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы ишин жетектейт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
23) ведомстволук (жогорку) аттестациялык комиссияны түзөт жана иштөө тартибин аныктайт;
231) мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыгуучу чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет;
24) башкаруу органдарынын жана баш ийген аскерлеринин (күчтөрүнүн) кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Коргоо министринин орун басарлары, анын ичинен эки биринчи орун басары болот, алардын бири Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп саналат.
Коргоо министринин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Коргоо министри жок болгон учурда анын милдеттерин белгиленген тартипте коргоо министринин орун басарларынын бири аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Коргоо министринин орун басарлары коргоо министрине баш иет. Алар тапшырылган иш чөйрөсүндөгү жана аларга баш ийген аскердик башкаруу органдарындагы, кошуундардагы, аскер бөлүктөрүндөгү жана мекемелердеги милдеттерди чечүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
Коргоо министринин орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү беришет.
12. Коргоо министрлигинде Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- министр (коллегиянын төрагасы);
- Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы;
- министрдин орун басарлары;
Коргоо министрлигинин, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башка кызмат адамдары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү.
Кызмат орду боюнча коллегиянын курамына кирүүчү министрден, анын орун басарларынан, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынан тышкары коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча коргоо министри тарабынан бекитилет.
Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы өзүнүн жыйындарында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарында, кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде жалпы кызматтык жана күжүрмөн ишти жакшыртуу, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын абалын объективдүү баалоо, күжүрмөн даярдык, аскер кызматтары жана аскердик тартип, контролдоо, аткаруу маселелерин карайт, кызмат адамдарынын отчетторун угат жана башка маселелерди карайт.
Коллегиянын иштөө тартиби коргоо министри тарабынан бекитилүүчү Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
Коргоо министрлигинин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу органды билдирүүчү, коомдук башталыштарда иштөөчү Коомдук кеңеш түзүлөт.
5. Коргоо министрлигинин мүлкү
13. Коргоо министрлигине мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары ага бекитип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
14. Коргоо министрлигин материалдык-техникалык камсыздоо тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.