Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо төмөнкү категориядагы жарандарга 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул (мындан ары - бир жолку акчалай жөлөкпул) төлөөнүн тартибин аныктайт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;
- Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине);
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга.
2. Ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жарандарга (мындан ары - бир жолку акчалай жөлөкпул алуучулар) бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) учурдагы жылдын 20-апрелине чейин ведомостторду түзүшөт.
3. Төлөмдөр аймактык бөлүмдөр берген ведомостторго ылайык социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын аймактык филиалдарынын почта байланыш бөлүмдөрү (мындан ары - почта бөлүмдөрү) менен келишимдерди түзгөн банк мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги учурдагы жылдын 25-апрелине чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөп берүү үчүн каржылоону ачат.
5. Аймактык бөлүмдөр каржылоо ачылгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде банк мекемелерине, почта бөлүмдөрүнө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн каражаттарды которушат.
6. Банк мекемелери, почта бөлүмдөрү бир жолку акчалай жөлөкпулду учурдагы жылдын 9-майына чейин төлөшөт.
7. Банк мекемелери, почта бөлүмдөрү бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнгөн күндөн тартып жума сайын учурдагы жылдын 31-майына чейин аймактык бөлүмдөргө бир жолку акчадай жөлөкпулдун төлөнүшү жөнүндө маалыматтарды беришет.
8. Аймактык бөлүмдөр жума сайын учурдагы жылдын 5-июнуна чейин социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку акчалай жөлөкпулдун төлөнүшү жөнүндө маалыматтарды беришет.
9. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте төлөө боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруунун жыйынды актыларын даярдайт жана учурдагы жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине бир жолку акчалай жөлөкпулдун райондор жана шаарлар боюнча төлөнүшү жөнүндө отчет берет.
10. Дайындалган, бирок жүйөлүү себептер менен төлөнбөгөн бир жолку акчалай жөлөкпул учурдагы жылдын 31-декабрына чейин төлөнүп берилет. Бир жолку акчалай жөлөкпул алуучунун саламаттык сактоо уюмдарында дарылануусу, республиканын башка аймактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга чыгуусу жүйөлүү себептерге кирет.
11. Бир жолку акчалай жөлөкпул алуучу учурдагы жылдын 1-январынан кийин каза болсо, алынбай калган бир жолку акчалай жөлөкпул арыз менен кайрылган учурда бир жолку акчалай жөлөкпул алуучу каза болгон күндөн тартып 6 айлык мөөнөттүн ичинде үй-бүлөнүн жашы жеткен бир мүчөсүнө (жесири, жесили, уулу, кызы, небереси) төлөнүп берилет.
12. Аймактык бөлүмдүн кызматкери алуучу жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу төмөнкүдөй маалыматтарды сурайт:
- арыз ээсинин жеке маалыматы;
- никеси жөнүндө (жесир жана жесилдер үчүн);
- туулгандыгы тууралуу (уулу, кызы, неберелери үчүн);
- бир жолку акчалай жөлөкпул алуучунун каза болгондугу жөнүндө.
Ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар жок болгон учурда, ырастоочу документтер арыз ээси тарабынан кагаз түрүндө берилет.
13. Аймактык бөлүмдөрдүн, банк мекемелеринин, почта бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери бир жолку акчалай жөлөкпулдун туура дайындалышы жана төлөнүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.