Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 1-июнундагы № 17
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кызмат) санариптик трансформациялоо, электрондук башкаруу, электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндө, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө, электр жана почта байланышы (мындан ары - байланыш) жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана координациялоону ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Кызмат өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Кызмат Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын почта администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы катары чыгат.
6. Кызмат юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системасында эсептери бар.
7. Кызматтын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы";
расмий тилде: "Государственная служба цифрового развития при Правительстве Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "СӨМК";
расмий тилде: "ГСЦР".
8. Кызматтын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 41.
2. Кызматтын максаты
9. Кызматтын ишинин максаты болуп электрондук кол тамганы өнүктүрүү жана байланыш жаатында маалыматташтырууну, электрондук башкарууну, кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү жана өнүктүрүү, санариптик экономиканын негиздерин калыптандыруу, ошондой эле жалпы дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграциялоо үчүн заманбап, жогорку технологиялык, атаандашууга жөндөмдүү маалыматтарды берүү тармагын куруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү эсептелет.
3. Кызматтын милдеттери
10. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- санариптик трансформациялоо, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
- маалыматтык технологияларды, электрондук башкарууну, байланыш тармактарын жана системаларын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү;
- Кыргыз Республикасынын байланыш инфратүзүмүн эл аралык байланыш тармактарына интеграциялоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
- жеке маалыматтарды коргоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын калкына жана бизнес-коомчулугуна мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүү максатында мамлекеттик башкаруу системасын инновациялык кайра түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын бирдиктүү архитектурасын иштеп чыгуу.
4. Кызматтын функциялары
11. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- санариптик трансформациялоо, электрондук башкаруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет, аны ишке ашырат;
- маалыматташтыруу, электрондук кол тамга, электрондук башкаруу жана байланыш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- электрондук кол тамга жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү маалыматтарды талдоо бирдиктүү улуттук борборун, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын механизмдерин түзөт жана ишке ашырат;
- интеграцияланган өкмөттүк веб-ресурстарды, электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын, кадрларды эсепке алуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик системаны, финансылык башкаруунун бирдиктүү системасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнүктүрүү жана башкаруу үчүн шарттарды түзөт;
- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына эл аралык трафикти кабыл алууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздукту камсыз кылат;
- жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт;
- программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, анын ичинде электрондук кол тамганы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатындагы стандарттарды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгат;
- байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү, мамлекеттик маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуздугу жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышат;
- маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин тарифтик саясатын түзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
- жыштык камсыздоо планын иштеп чыгат;
- байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу объекттерин иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- почта төлөмдөрүнүн белгилерин, почта конверттеринин жана ачык каттардын үлгүлөрүн, номиналын жана тиражын аныктайт, аларды басып чыгарууну, таркатууну, ошондой эле почта төлөмдөрүнүн белгилерин басуунун тематикалык планын бекитүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланыш бөлүмдөрүнө почта индекстерин жана почта жөнөтүүлөрүнүн идентификациялык штрих-коддорунун диапазонун ыйгарат;
- Кыргыз Республикасындагы байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук планын түзөт, номерлештирүү ресурсун бөлүштүрүү жана колдонуу тартибин аныктайт жана анын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен байланыш, маалыматташтыруу, электрондук кол тамга жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө кызматташууну ишке ашырат;
- өз компетенциясынын чегинде маалыматташтыруу, электрондук кол тамга жана байланыш жаатындагы эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык аларга кол коёт жана ишке ашырылышын камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелеринде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргойт;
- маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана байланыш жаатындагы инвестициялык саясатты ишке ашырат;
- электрондук өкмөттүн техникалык архитектурасын түзүү, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка электрондук тиркемелерди ишке киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгат жана киргизет;
- мамлекеттик органдарды коопсуз, туруктуу жана ишенимдүү Өкмөттүк байланыш менен камсыз кылат;
- электр байланыш операторлорунун, кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын ортосунда болгон чыр-чатактарды жөнгө салуунун, калыс карап чыгуунун жана чечүүнүн тартибин белгилейт;
- бардык электр жана почта байланыш операторлорунун, электр байланыш кызматтарынын жана почта байланыш ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш- чараларды өткөрөт;
- мамлекеттик органдар менен бирге жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга байланыш боюнча даярдык көрүүнүн мобилизациялык пландарын иштеп чыгат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- электр байланыш кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнүн жана маалыматтардын купуялуулугун сактоонун, ошондой эле пайдалануучулар жөнүндө жеке маалыматты сыр катары сактоонун негизинде жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө бардык пайдалануучулардын бирдей деңгээлде жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылат;
- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын ишке ашырат;
- күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттейт, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерет жана алардын сакталбагандыгы аныкталса, бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берет;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялайт;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жана жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфратүзүмүнө интеграциялана турган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактагычтарын түзүү боюнча жумуштарды уюштурат;
- байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын ишин контролдойт, координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана баалайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди, техникалык спецификацияны жана техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды жана технологияларды, ошондой эле алардын программалык жана аппараттык каражаттарына изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды, талдоо жана баалоону уюштуруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын ишине катышат;
- программалык-аппараттык чечимдерди, жалпы мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык регистрлерди жана реестрлерди, ар кандай маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык стандартташтыруу системаларын ишке киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан сырткары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
- электрондук башкаруу жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын аткарат;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- мамлекеттик жана мамлекеттер аралык телекоммуникациялык, почталык маалыматтык системаларын жана байланыш тармактарын, ошондой эле электрондук башкарууну координациялайт;
- номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администраторун дайындайт;
- улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
- көрсөтүлгөн байланыш кызматынын сапатына жана байланыш каражаттарынын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү текшерет;
- маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен квалификацияланган сертификаттар жөнүндө, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тууралуу маалыматтарды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыз кылат;
- электрондук өз ара аракеттенүү субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздеген жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болгон башка мамлекеттин аткаруу бийлигинин органдарына берүүгө арналган электрондук документтерди авторлоштурууну жана ырастоону камсыз кылат;
- электрондук өкмөттүн техникалык архитектурасын түзүү, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка электрондук тиркемелерди ишке киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгат жана ишке киргизет;
4) колдоо функциялары:
- кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана байланыш жаатындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана байланыш жаатында финансылык болжолдоону жана пландоону ишке ашырат;
- өз компетенциясынын чегинде ведомстволук, атайын байланышты жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык тармактарын уюштурат;
- ведомстволук түзүмдөрдүн жана уюмдардын киреше жана чыгаша сметасын макулдашат;
- киреше, чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет, Кызматты каржылоо боюнча республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
- маалыматтык-коммуникациялык программалык каражаттарды интеграциялоонун ведомстволор аралык системасын ишке киргизет;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзөт;
- маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу объектилеринин иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштейт;
- Кызматтын карамагына кирген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, алардын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгын баалайт, Кызматтын компетенциясынын чегинде баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кызматтын маалыматтык ресурстарына жетүү боюнча жарандардын жана уюмдардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;
- маалыматтык продуктулар, ресурстар, технологиялар рыногун, ошондой эле маалыматтык системалардын, тармактардын кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө катышат.
12. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашырат.
5. Кызматтын укуктары
13. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттарды, күбөлүктөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык ресурстарынын реестрин жүргүзүүгө;
- байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана стандарттарды ишке киргизүү боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультация берүүгө;
- маалыматташтыруу чөйрөсүндө субъектилер үчүн рекомендацияларды иштеп чыгууга;
- республикалык бюджеттин жана байланышты, маалыматташтырууну жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартуу менен белгиленген тартипте кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү материалдарды, документтерди, маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана башка формадагы окутууларды жана талкууларды белгиленген тартипте уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык ресурстардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рекомендацияларды мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иштеп чыгууга;
- электрондук башкаруу инфратүзүмүн түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана ресурстар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык изденүүлөрдү жүргүзүүгө;
- маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатында кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди иштеп чыгууга;
- ведомстволук бөлүмдөр тарабынан көрсөтүлгөн байланыш жаатындагы кызматтарга тарифтерди макулдашууга;
- Кызматка багытталган объектилерди эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссияны белгиленген тартипте дайындоого, аларды кабыл алуу жөнүндө актыларды бекитүүгө;
- сотторго доо жана арыздар менен кайрылууга, ошондой эле иштерди кароодо сотко катышууга;
- байланыш, маалыматташтыруу, электрондук кол тамга жана электрондук башкаруу жаатында эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн жөнгө салуу органдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, Кызматтын функцияларын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же илимий-изилдөө жана башка иштерди аткарууга катышууга;
- Кызматтын маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кызматтын ишин автоматташтыруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана колдоого;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде, менчигинин формасына карабай байланыш тармагындагы ишканалардын документтерин эркин пайдаланууга;
- өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эрежелерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана башка актыларды кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоого;
- электр байланыш операторлорунун, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн, почта байланыш операторлорунун, ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын ортосунда болгон чыр-чатактарды чечүү боюнча маселелерди кароого;
- укуктук маселелерди кошо алганда Кызматтын иши жөнүндө маалыматтарды чагылдырууга багытталган иш-чараларды аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Ишти уюштуруу
14. Кызматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага башкарат.
15. Кызматта статс-катчынын жана Кызматтын төрагасынын орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоонун, кызмат ордунан бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында аныкталат.
16. Төраганын орун басарларын төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, түздөн-түз төрагага баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Кызматтын ишин уюштурушат.
17. Төрага:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууларга белгиленген тартипте кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине төраганын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт;
- төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ведомстволук уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн талапкерлерди сунуштайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин сунушу боюнча ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- борбордук аппараттын, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын түзүмүн бекитет, аны Кызматтын милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында төраганы дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын штаттык ырааттамасын бекитет;
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кызматтын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине номенклатурага ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө сунуш киргизет;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жоболорунун (уставдарынын) долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет;
- статс-катчынын сунушу боюнча Кызматтын системасынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Кызматтын системасынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кызматтын системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- кызмат орду боюнча Кызматтын жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат жана Кызматтын жарандык коргонуусун жетектейт;
- ведомстволук бөлүмдөргө жана уюмдарга тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат, эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгиленбесе. Кызмат байланыш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдерди кайра карабайт. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечимдери сот тартибинде даттанууга жатат;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
18. Кызматта 11 адамдан турган курамда коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча төрага (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү саналат. Коллегиянын персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кызматтын төрагасы бекитет.
Кызматтын коллегиясы Кызматтын тейлеген чөйрөлөрүндөгү өтө маанилүү маселелерди карайт. Кызматтын коллегиясынын чечимдерин Кызмат жана анын бардык ведомстволук уюмдары ишке ашырууга жана аткарууга милдеттүү.
19. Кызматта мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
20. Кызматтын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук негизде иштөөчү консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.
21. Кызматтын казыналык системасында атайын эсеби болот.
22. Кызматтын борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн камсыздоого жумшалуучу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен каржыланат.
7. Корутунду жоболор
23. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
24. Кызматтын иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.