Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-апрели № 167
“Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 1998-жылдын 5-августу, № 17) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
“4. Камсыздандыруу уюму финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуларды Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.”.
2-берене
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласындагы “жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү уюштурууну, жүргүзүүнү” деген сөздөр “уюштурууну, жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары – ФОЭС) боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган ФОЭС ачык кызыкчылыктын субъекттери жана менчигинин түрүнө карабастан ири ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Ачык кызыкчылыктын субъекттери жана ири ишкердиктин субъекттери ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.”;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ачык кызыкчылыктын субъекттери жана ири ишкердиктин субъекттери милдеттүү түрдө аудит боюнча комитетти түзөт. Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын аудити боюнча комитеттер банктык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары – ЧОИ үчүн ФОЭС) ачык кызыкчылыктын субъекттерин жана менчигинин түрүнө карабастан ири жана чакан ишкердиктин субъекттерин (мындан ары – орто ишкердиктин субъекттери) кошпогондо субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Орто ишкердиктин субъекттери ЧОИ үчүн ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.”;
б) 2¹ -бөлүгүндө:
- “иштеп чыккан” деген сөздөрдөн кийин “, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
- “Бюджеттик мекемелер ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.”;
в) 2²- бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы “жана финансылык отчетту түзүүнү” деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацындагы “жана орто”, “ФОЭСке же” деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү критерийлердин экөөсүнүн чектеринен ашпаган субъект чакан ишкердиктин субъектти деп түшүнүлөт:”;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү – жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“1) отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата бардык активдер – 35 (отуз беш) миллион сом;
2) продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, дивиденддерден, үлүштүк катышуудан, пайыздардан алынган киреше, ошондой эле отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка киреше – 20 (жыйырма) миллион сом;
3) отчеттук мезгилдеги кызматкерлердин орточо тизмелик саны – 10 (он) адам.
Эгерде акыркы эки отчеттук мезгил ичинде отчеттук күнгө карата эки критерийдин чектеринен ашса, субъект чакан ишкердиктин субъектиcинин категориясына кирбей калат.”;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 2³-бөлүк менен толукталсын:
“2³. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү критерийлердин экөөсүнүн чектеринен ашкан субъект чакан ишкердиктин субъекти деп түшүнүлөт:
“1) отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата бардык активдер – 10 (он) миллиард сом;
2) продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, дивиденддерден, үлүштүк катышуудан, пайыздардан алынган киреше, ошондой эле отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка киреше – 5 (беш) миллиард сом;
3) отчеттук мезгилдеги кызматкерлердин орточо тизмелик саны – 250 (эки жүз элүү) адам. Эгерде акыркы эки отчеттук мезгил ичинде отчеттук күнгө карата эки критерийдин чектеринен ашпаса, субъект чакан ишкердиктин субъектисинин категориясына кирбей калат.”;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 1¹-берене менен толукталсын:
“1¹-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында катталган жактардын төмөнкү категорияларына (мындан ары – субъекттер) колдонулат:
1) менчигинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан ишкердик жүргүзгөн юридикалык жактарга;
2) бюджеттик мекемелерге;
3) резидент эмес субъекттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнө жана филиалдарына;
4) коммерциялык эмес уюмдарга жана резидент эмес субъекттердин өкүлчүлүктөрүнө;
5) патенттик негизде иш жүргүзгөн жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон жеке ишкерлерди кошпогондо ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлерге (жеке жактарга).”;
4) 2-беренесинде:
а) төртүнчү абзацындагы “финансылык отчеттуулукту түзгөн учурда колдонуудагы ФОЭСтин” деген сөздөр “финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негизинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “ФОЭСтин” деген аббревиатура “финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негизинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 6-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацындагы “ФОЭС” деген аббревиатурадан кийин “, ЧОИ үчүн ФОЭС” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ФОЭСти, ЧОИ үчүн ФОЭСти жана КС ФОЭСти мамлекеттик тилге которууну жана аларды жарыялоону камсыз кылат;
- Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзөт жана башкарат;”;
- бешинчи абзацы “ФОЭС” деген аббревиатурадан кийин “, ЧОИ үчүн ФОЭС” деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы, жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 6¹-берене менен толукталсын:
“6¹-берене. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи
1. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи – финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну жыйноонун, сактоонун, жалпылоонун, талдоонун жана жарыялоонун бирдиктүү электрондук тутуму.
2. Ыйгарым укуктуу орган Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу:
1) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жыйнайт, сактайт жана жалпылайт;
2) Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин маалыматтарын мамлекеттик маалыматтык ресурстардын курамдык бөлүгү катары сактоону жана коопсуздугун камсыз кылат;
3) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды онлайн режимде берүү үчүн субъекттерге зарыл болгон шарттарды камсыз кылат;
4) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды берүүнүн толуктугунун жана мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерет;
5) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялайт.
3. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүүнүн, башкаруунун жана финансылык отчеттуулукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
7) 7-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндө:
- “г” пунктундагы “субъекттин” деген сөз “чакан ишкердиктин субъектисинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү “бухгалтердик отчеттор менен баланстарга” деген сөздөр “финансылык отчетторго” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 10-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “топтомо (бириктирилген)” сөздөр “бириктирилген” деген сөз менен алмаштырылсын;
9) 12-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12-берене. Финансылык отчеттуулукту берүү жана жарыялоо
1. Ачык кызыкчылыктын субъекттеринин жана ири ишкердиктин субъекттеринин финансылык отчеттуулугу жана бириктирилген финансылык отчеттуулугу аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.
2. Бюджеттик мекемелерди кошпогондо субъект ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчеттуулукту, бириктирилген финансылык отчеттуулукту түзүү талап кылынганда аларды жана аудитордук корутундуну уюштуруучуларга, катышуучуларга же мүлктүн менчик ээлерине берет.
3. Бюджеттик мекемелер орто аралык жана жылдык финансылык отчеттуулукту жогору турган органга жана (же) бюджеттин каражаттарын башкы тескөөчүгө алар белгилеген мөөнөттөрдө беришет.
4. Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири жана орто ишкердиктин субъекттери ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчеттуулукту, консолидацияланган финансылык отчеттуулукту түзүү талап кылынганда аларды жана аудитордук корутундуну Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүү, башкаруу жана финансылык отчеттуулукту берүү тартибинин талаптарына ылайык отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.
5. ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчеттуулукту жана бириктирилген финансылык отчеттуулукту түзүү талап кылынганда аларды жана аудитордук корутундуну субъект берген күнү болуп алар Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин тутумуна киргизилген күн эсептелет.
6. ФОЭСтин жоболоруна ылайык ачык кызыкчылыктын субъектисинин, ири ишкердиктин субъектисинин финансылык отчеттуулугун, бириктирилген финансылык отчеттуулугун түзүү талап кылынганда алар жана аудитордук корутунду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыяланат.
7. ФОЭСтин жоболоруна ылайык ачык кызыкчылыктын субъектисинин жана ири ишкердиктин субъектисинин финансылык отчеттуулугун, бириктирилген финансылык отчеттуулугун түзүү талап кылынганда алар жана аудитордук корутунду отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен субъекттин расмий сайтында жайгаштырылат жана беш жыл бою ачык пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болот.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уюштуруучулук документтерде каралган компетенцияларынын чегинде директорлор кеңеши жана субъекттин жетекчиси ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчеттуулукту, бириктирилген финансылык отчеттуулукту түзүү талап кылынганда аларды жана аудитордук корутундуну ушул Мыйзамдын талаптарына жана колдонулуп жаткан финансылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздерине ылайык түзүүнү жана берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.”;
10) 14-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 16-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16-берене. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамга ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөн, финансылык отчетту түзүүдөн жана берүүдөн баш тарткан учурларда директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана субъекттин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.”;
12) 17-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене
“Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2002-жылдын 2-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
38-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5 бөлүк менен толукталсын:
“5. Микрофинансы уюмдары ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт жана финансылык отчеттуулукту түзүшөт.”.
4-берене
“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 79-статъясында:
а) 1-бөлүгүндөгү “отчет жана аудит” деген сөздөр “эсеп” деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү “органдарга” деген сөздөн кийин “, Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине” деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене
“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 11-августу, № 70-71) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышы керек” деген сөздөр “бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 56-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун финансылык отчеттуулугу бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш.”.
6-берене
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72)
төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-беренесинин 6-бөлүгү “жылдык отчету” деген сөздөрдөн кийин “Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине жана” деген сөздөр менен толукталсын.
7–берене
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 123-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “финансылык отчеттордун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына” деген сөздөр “ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 128-беренесиндеги “финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына” деген сөздөр “бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8-берене
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-главасында:
а) эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
“4. Ушул Кодекстин 217¹-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер бухгалтердик эсепти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 217¹-берене менен толукталсын:
“217¹-берене. Ачык кызыкчылыктын субъектинин, ири ишкердиктин жана орто ишкердиктин субъекттеринин берүүгө милдеттүү болгон маалыматтарды Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине бербөөсү.
Ачык кызыкчылыктын субъектисинин, ири ишкердиктин жана орто ишкердиктин субъекттеринин берүүгө милдеттүү болгон маалыматтарды Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине бербөөсү –
2-категориядагы айып салууга алып келет.”.
9-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти