Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-апрели № 162
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Комиссиянын түзүмү жана курамы ТИМдин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана ТИМдин иш чөйрөсүнүн ардагерлери (макулдашуу боюнча).”.
____________________________________