Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-апрели № 175
“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
342-беренесинде:
а) 4-бөлүгү «121-берененин 4-бөлүгүн,» деген сөздөрдөн кийин «123-берененин 1-бөлүгүн, «1231-берененин 1-бөлүгүн,» деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
«41. 123-берененин 1-бөлүгүнүн жана 1231-берененин 1-бөлүгүнүн санкцияларында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн айып пул төлөнгөн учурда айып салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде айып пулдун өлчөмү 70 пайызга азайтылат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-берененин 1-бөлүгүндө жана 1231-берененин 1-бөлүгүндө каралган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн бузуулар жөнүндө иштер боюнча айып пулдар ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнүүгө тийиш.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонулаары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө калкка маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти