Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-апрели № 168
"Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1999-жылдын 14-майы, № 37) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- 3-пунктундагы "аудитордук же" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудиторлор жана аудитордук уюмдар.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Банктын аудити эл аралык аудит стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 29-октябры, № 87) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 15-беренесинин 53-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-жыл, № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 56-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Улуттук банкка тышкы аудит Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде (мамлекеттик бирдиктүү реестр) катталган аудитордук уюм тарабынан, ошондой эле мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталбаган, бирок ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырган чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиялары Кыргыз Республикасынын аймагында мындай лицензиянын легитимдүүлүгү ырасталган учурда таанылат.";
2) 125-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "банктардын аудиттик ишин жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензиясы бар" деген сөздөр "аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
30-главасында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-глава. Банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу боюнча башкаруунун тартибине каршы бузуулар";
- эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 224 - 240-3-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 240-1 - 240-3-беренелер менен толукталсын:
"240-1-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу
1. Аудитор, аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме тарабынан аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ачык кызыкчылыктын субъектин текшерүүгө уруксат берилген аудитордук уюм тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-2-берене. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудитордук иштин чектөөлөрүнүн сакталбашы
1. Аудитордун эки же андан ашык аудитордук уюмда эмгек жана/же жарандык-укуктук келишим боюнча иш жүргүзүүсү -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аудитордун жана аудитордук уюмдун Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрүн жүргүзүүсү, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Аудитордук уюмдун Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеши, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдары менен тыюу салынган учурларда аудитордук уюмдун аудит жүргүзүүсү жана аудитордун аудитке катышуусу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудиттик иштин стандарттарынын сакталбашы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-3-берене. Милдеттүү аудит боюнча талаптарды сактабоо
1. Юридикалык жак тарабынан милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчеттун толук комплектисин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого карата талаптардын бузулушу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш аудиттелүүчү юридикалык жактын милдеттүү аудит жүргүзүүдөн баш тартуусу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ачык кызыкчылыктардын субъекти болуп саналган юридикалык жак тарабынан ачык кызыкчылыктын субъекттеринин аудитине уруксат берилген аудитордук уюм тарабынан милдеттүү аудит жүргүзүү жөнүндө талаптардын сакталбашы, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 8-февралы, № 17-18) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 107-1-берене менен толукталсын:
"107-1-берене. Аудитордук ишти жүзөгө ашырууда алынган купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу
Аудитордук ишти жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды жана документтерди алар ишенип берилген же кызматы же жумушу боюнча белгилүү болгон адамдын мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу, -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".
7-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-жыл, № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-глава менен толукталсын:
"15-1-глава. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде каттоодо, кайра каттоодо жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
54-1-берене. Төлөөчү
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталууга же кайра катталууга арыз берген жак, ошондой эле мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталган аудитор, аудитордук уюм жана кесипкөй аудитордук бирикме төлөөчү болуп саналат.
54-2-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жыйымдарды төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
2) 153-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди каттоодо, кайра каттоодо жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрин жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар;".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|