Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 токтомуна)
|
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдарга же алардын өкүлчүлүктөрүнө, башка уюмдарга, ошондой эле алардын аккредитацияланган кызматкерлерине, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) кайтарып берүү шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
1) "расмий пайдалануу үчүн" - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүчү чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын түздөн-түз иши.
2) "D", "C" жана "T" категорияларындагы аккредитациялык карточкалар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 "Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген "D" дипломатиялык карточкасы, "C" консулдук карточкасы, "T" техникалык карточкасы.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында пайдаланылгандай мааниде колдонулат жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНСти кайтаруу укугуна ээ болгон чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, башка уюмдардын тизмесин түзүү тартиби
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде КНСти кайтарып берүү же андан бошотуу каралса, анда товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө төмөнкүлөр үчүн аны кийин кайтарып берүү менен КНС салынууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;
2) Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредитацияланган кызматкерлеринин, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн.
4. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ушул Жобонун 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында белгиленген шарттар өз ара түшүнүү принциптерин эске алуу менен жана артыкчылыктуу негизде Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.
5. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, 15-декабрга чейин салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдүн тизмесин жиберет:
1) өз ара түшүнүү принциптерин эске алуу менен жана артыкчылыктуу негизде (чектөөлөр менен же чектөөсүз) КНСти кайтарып берүү каралган чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин;
2) кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитациядан өтүүчү эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата чет мамлекеттер тарабынан колдонулуучу КНСти кайтарып берүү боюнча чектөөлөр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
6. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын, 1-январга карата төмөнкүлөрдү түзөт:
1) КНСти кайтаруу укугуна ээ чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тизмесин (чектөөлөр менен же чектөөсүз) (мындан ары - 1-тизме);
- эл аралык келишимдерге ылайык КНСти кайтаруу укугуна ээ, Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын тизмесин (кызматкерлерге КНСти кайтаруу укугун көрсөтүү менен) (мындан ары - 2-тизме);
7. Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган учурдагы жылдын 15-январына чейин 1 жана 2-тизмени ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
8. Ыйгарым укуктуу салык органы салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан 1 жана 2-тизме келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде аларды салык органдарына жиберет.
9. Жыл ичинде чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды же алардын өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле башка уюмдарды тизмелерге толуктоо же алардан алып салуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан түшкөн маалыматка ылайык салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү маалымат келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде 1 жана 2-тизмеге толуктоо же алардан алып салуу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
3-глава. КНСти кайтарууга кайрылуу, документтерди берүү тартиби жана шарттары
10. 1 жана 2-тизмеге киргизилген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар КНСти кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98-беренесине ылайык алардын жайгашкан жери (юридикалык дареги) боюнча салык органында эсептик каттоодон өтүшөт. Салык органдарында өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин эсептик каттоо жүргүзүлбөйт.
11. Чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар ишин токтотууда эсептик каттоодон чыгаруу жөнүндө арызын ишин токтотконго чейин 40 (кырк) күн мурда берүүгө милдеттүү.
12. "D", "C" жана "T" категорияларындагы аккредитациялык карточкаларга ээ дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар, ошондой эле алардын кызматкерлери, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү эсептик катталган жери боюнча салык органына өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арызды жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасынын эсебин (мындан ары - эсеп) ар бир айга өзүнчө, товарлардын сатып алынганын жана төлөнгөнүн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен төмөнкүдөй формалар боюнча беришет:
1) "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби" (FORM STI-068) (ушул Жобонун 2-тиркемеси);
2) эсептин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестри" тиркемеси (FORM STI-069) (ушул Жобонун 3-тиркемеси).
Эсепти толтуруу тартиби ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык ишке ашырылат.
13. Эсепке ырастоочу документтер катары өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүлөрдү камтыган көчүрмөлөр тиркелет:
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө келишимди же актыны;
- эсеп-фактурасын;
- төлөм тапшырмасын;
- товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн накталай эсептешүү менен төлөнсө, кассалык чек жана эсеп-фактурасын;
- "D", "C" жана "T" категорияларындагы аккредитациялык карточкаларды.
14. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө келишим бир жыл жана андан көп колдонулган учурда, келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жыл сайын, календардык жылдын башында бир жолу берилет.
15. Төлөнгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.
16. КНСтин суммасы төмөнкүдөй товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кайтарып берилбейт:
1) салык органында КНС төлөөчү катары катталбаган чарбалык субъекттер тарабынан жеткирилген (аткарылган, көрсөтүлгөн);
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жеке колдонуу үчүн эмес сатып алынган.
17. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кызматкерлерине, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө КНС кайтарып берилбейт.
18. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле башка уюмдардын иштери токтогон же Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу дипломатиялык миссиянын мүчөсү кеткен учурда КНСтин суммасын кайтаруу жөнүндө арыз кеткенге чейин 40 (кырк) күн мурда берилет.
19. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, башка уюмдардын эсебине КНСти кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чет өлкөлүк валютада төлөнгөн учурда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө валюта менен операция жүргүзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
4-глава. КНСти кайтаруу тартиби
20. Арыз ээсинин эсептик катталган жери боюнча салык органы арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө эсепти жана ага тиркелген ырастоочу документтерди карайт, анын жыйынтыгын маалым кат түрүндө таризделүүгө тийиш.
Маалым катка документтерди караган салык органынын кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги, салык органын начальниги кол коюшат.
Кароонун жыйынтыгы боюнча салык органы төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда, кайтарып берүү жөнүндө;
2) ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген учурда, кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
Ушул Жободо каралган документтер толук эмес шайкеш келген учурда, салык органы КНСти жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө чечимди чыгаруу аркылуу ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген документтер боюнча гана КНСти кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Чечимдин формасы жана кабыл алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
21. Эгерде ушул Жободо каралган кандайдыр бир документтер тиешелүү түрдө таризделбегендиктен салык органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин топтому толук эмес берилсе, салык органы КНСтин суммасын кайтарып берүү үчүн документтердин толук эместиги же негиздин жоктугу жөнүндө документтер түшкөн күндөн тартып он беш иш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
22. Алардын негизинде тиешелүү чечим кабыл алынган документтер салык органында сакталат. Документтерди сактоо жана архивге өткөрүп берүү "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
23. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы айына бир жолу ар бир дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм боюнча өзүнчө, төрт нускада "FORM STI-013" формасы боюнча КНСтин суммасын кайтарып берүүгө корутунду (мындан ары - корутунду) жазат жана тиркелген корутундулар менен реестрди ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
24. Эсепте дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү, башка уюм тарабынан ачылган эки алыш-бериш эсеби көрсөтүлсө, бир мезгил үчүн эки корутунду таризделет (өкүлчүлүк боюнча жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери боюнча).
25. Ыйгарым укуктуу салык органы декада сайын финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга КНСти кайтарып берүүгө корутундуларды тиркөө менен реестрди жиберет.
26. Финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган салык органы тарабынан жазылган корутундуну алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү, башка уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда ачылган эсептерге КНСти кайтарып берүү суммасын которууга милдеттүү.
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине, анын ичинен алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча чет мамлекеттердеги чектөөлөрдү АНЫКТОО
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемесине КНСти кайтарып берүүчү чет мамлекеттин аталышы: _____________________________
Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталышы | Өкүлчүлүктүн расмий пайдалануусу үчүн | Төмөнкүлөрдүн жеке колдонуусу үчүн | |||
өкүлчүлүктүн башчысынын | дипломатиялык персоналдын | административдик-техникалык персоналдын | персоналдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн | ||
Товарлар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чектөөлөрдүн башка түрлөрү: _________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
Эскертүү. Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу салык органы үчүн:
- бир чектин суммасы боюнча чектөөдө сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт;
- кайтарып берүүнүн жылдык суммасы боюнча чектөөдө сатып алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт.
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун тиркемеси |
|
|
|
FORM STI-068 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын ЭСЕБИ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун тиркемеси |
|
|
|
FORM STI-069 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Эсептин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестри" ТИРКЕМЕСИ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун тиркемеси |
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебин толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 281-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилген дипломаттык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебин толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын суммасынын эсеби төмөнкүлөрдөн турат:
1) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби (FORM STI-068);
2) эсептин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестри" (FORM STI-069) тиркемеси.
3. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби кагаз жүзүндө эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нускасы - КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органында калат;
2) экинчи нускасы (салык органы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө белги менен) өкүлчүлүккө кайтарып берилет.
4. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебине өкүлчүлүктүн башчысы кол коюусу керек. Өкүлчүлүктүн башчысынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби эсептик катталган жери боюнча салык органына баруу менен берилет.
6. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсеби салык органына ар бир ай үчүн өзүнчө берилет (төлөгөндөн кийин үч айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат).
2. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебин толтуруу тартиби (FORM STI-068)
7. Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарып берилүүгө тийиш кошумча нарк салыгынын эсебинин (мындан ары - Эсеп) 102, 103, 104, 108, 109, 110 жана 111-саптарында көрсөтүлүүчү маалыматтар салык төлөөчүнүн каттоо формасындагы (FORM STI-024) маалыматтарга жана салык төлөөчүнүн мүнөздөмөсүнүн параметрлерине (FORM STI-025) ылайык келиши керек.
8. Эсептин "Жалпы маалымат" I бөлүмүндө өкүлчүлүктүн аталышына, анын ИСНине, юридикалык дарегине тиешелүү маалымат, КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
9. 102-сапта өкүлчүлүктүн ИСНи көрсөтүлөт.
10. 103-сапта өкүлчүлүктүн толук аталышы көрсөтүлөт.
11. 104-сапта КНСтин суммасын кайтарып берүүчү салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
12. 108-сапта өкүлчүлүктүн почта индекси көрсөтүлөт.
13. 109-сапта өкүлчүлүктүн телефон (телефондор) номери көрсөтүлөт.
14. 110 жана 111-саптарда өкүлчүлүктүн юридикалык дареги көрсөтүлөт.
15. 114-саптын тийиштүү уячасында "X" белгисин коюу менен Эсептин түрү көрсөтүлөт. Ай үчүн учурдагы эсепти берүүдө "баштапкы" уячасына белги коюлат. Мурда берилген эсепке толуктоолор киргизилген учурда "кошумча" уячасына белги коюлат.
16. 115-саптын тийиштүү уячаларына салык органына Эсеп менен бирге берилген Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) саны көрсөтүлөт.
17. 201-сапта Эсеп толтурулган ай башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын биринчи январы: 01.01.2021.
18. 202-сапта Эсеп толтурулган айдын акыркы датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы, 2021-жылдын отуз биринчи январы: 31.01.2021.
19. "Кыргыз Республикасында сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин суммасы" II бөлүмүндө отчеттук ай үчүн кайтарып берилүүгө тийиш КНСтын суммасы көрсөтүлөт.
20. Тийиштүү уячада (сап/графа) көрсөткүчтөр жок болгон учурда "0" мааниси коюлат.
21. Эсептин 300-сабынын чоңдугу 301 жана 302-саптарынын суммасына барабар болот.
22. 301-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин (FORM STI-069) 13-графасынын өкүлчүлүк боюнча түзүлгөн чоңдугу көчүрүлөт.
23. 302-сапка Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эсеп-фактураларынын реестринин (реестрлеринин) (FORM STI-069) 13-графасынын (графаларынын) өкүлчүлүктүн ар бир кызматкери (кызматкерлери) боюнча түзүлгөн чоңдугу (чоңдуктары) көчүрүлөт.
24. Эсептин "Салык органынын маалыматы" III бөлүмү Эсепти кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
3. Эсептин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестри" (FORM STI-069) тиркемесин толтуруу тартиби
25. Эсептин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме, эл аралык уюм же алардын өкүлчүлүгү жана башка уюм жана/же өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестри" (FORM STI-069) (мындан ары - Реестр) тиркемесинде отчеттук айда өкүлчүлүк тарабынан товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) сатып алынган салык салынуучу субъекттер жазып берген эсеп-фактураларга тийиштүү маалыматтар көрсөтүлөт.
26. Реестр өкүлчүлүк боюнча өзүнчө жана өкүлчүлүктүн ар бир кызматкери боюнча өзүнчө түзүлүшү керек.
27. Реестрдин "Жалпы маалымат" I бөлүмүнүн 102, 103, 104, 114 ("Реестрдин барактарынын саны" уячасынан тышкары), 201 жана 202-саптарында көрсөтүлүүчү маалымат Эсептин тиешелүү саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
28. 114-саптын "Реестрдин барактарынын саны" уячасында Реестрдин барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт.
29. 801-саптын тиешелүү уячаларында өкүлчүлүктүн (өкүлчүлүктүн кызматкеринин) банктык реквизиттери көрсөтүлөт.
30. Реестрдин "Кыргыз Республикасында сатып алынган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин суммасы" II бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - катары боюнча номери;
2) 2 жана 3-графаларда - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчүнүн аталышы жана ИСНи;
3) 4-графада - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчү салыктык эсепте турган салык органынын коду;
4) 5, 6 жана 7-графаларда - эсеп-фактуранын бланкындагы маалыматтар, башкача айтканда эсеп-фактуранын номери, эсеп-фактура жазылган дата жана КНСтин суммасы;
5) 8 жана 9-графаларда - төлөм тапшырмасындагы маалыматтар, башкача айтканда номери, датасы жана суммасы;
6) 10, 11 жана 12-графаларда - кассалык чектеги маалыматтар, башкача айтканда кассалык чектин номери жана берилген дата жана КНСтин суммасы;
7) 13-графада - кайтарып берилүүгө тийиш КНСтин суммасы;
8) 7, 12 жана 13-графалар боюнча жыйынтык маанилер Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
31. 7, 12 жана 13-графалардын "Реестр боюнча бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
32. 901 жана 902-саптар Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.".